Мээнин иштешине кайсы азыктар пайдалуу?

Канадалык окмуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда адамдын мээси 24 жашында эң жакшы иштейт. Андан кийин болсо кабылдоо функциялары жайыраак боло баштайт. Албетте, адамдын мээсинин күч-кабылетин сактап калууга мүмкүн экенин да айтып жүрүшөт. Ал үчүн туура азыктанып, тамак ашыбызга дыкат мамиле кылуубуз керек экенин окумуштуулар эскертишет. Кайсы азык-заттар адам мээсине пайдалуу?

Мээнин иштешине кайсы азыктар пайдалуу?

Жаңгактын түрлөрү

Жаңгактын курамындагы майлуу кычкыл заттар, темир жана фосфорлор мээнин торчосун азыктандырышат. Мээге ашыкча күч келгенде ага каршы тоскоолдук жарата алышат. Ошондуктан, күнүнө жок дегенде бир даана жаңгак жеп коюу сунушталат.

Мээнин иштешине кайсы азыктар пайдалуу?

Деңиз капустасы

Деңиз капустасы курамы йодго бай азык. Эгер организмге йод жетишпесе, анда калкан бездери кыйроого учурап, нерв системасы жабыркап, уйкусуздук, кыжырдануу жана эс тутум начарлайт. Андыктан тамак- ашка деңиз капустасын колдонууну унутпаңыз.

Мээнин иштешине кайсы азыктар пайдалуу?

Сулу акшагы

Курамында В группасындагы витаминдер бар. Алар башкы нерв системасынын жакшы иштешине түрткү берет. Кан айланууну жакшытат. Органимди зыяндуу заттардан тазалайт. Эртең менен сулу акшагынан быламык жасап жеңиз.

Мээнин иштешине кайсы азыктар пайдалуу?

Ачуу шоколад

Ачуу шоколад антиоксиданттарга бай. Мээнин торчолорун ар кандай бүлүнүүлөрдөн коргойт. Эс тутумга пайдалуу магний заты бар. Күнүнө 40-50 граммдан ачуу шоколад жеп туруңуз.

Мээнин иштешине кайсы азыктар пайдалуу?

Көк чай

Невролог дарыгерлеринын айтымдарында, көк чай эң коркунучтуу ооруларга кирген Паркинсон илдетинен сактайт. Ал эми, голландиялык дарыгерлер күнүнө 3 чай чыны көк чай ичүү инсульттун алдын аларын аныктап чыгышкан.

Мээнин иштешине кайсы азыктар пайдалуу?

Сабиз

Америкалык окумуштуулар сабиздин курмындагы бета-каротин заты мээнин картаюу процессин абдан төмөндөтөт. Мээнин торчлорун азыктандырат. Эң пайдалуусу эртең менен бир сабиз жеп коюу.

Мээнин иштешине кайсы азыктар пайдалуу?

Креветкалар

Деңиз рагына түспөлдөш келген креветкада Д витамини көп. Ал, нерв системасынын иштешин жакшыртат. Маанайды көтөрүп, унутчаактыкка жол бербейт.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}