Мээримдүү дельфиндер

Суу жандыктарынын эң акылдуусу болгон дельфинди кимдер гана билбейт. Алар башка жаныбарлардан айырмаланып, адам менен оңой тил табыша алышат. Бирок, бул алардын өзгөчөлүктөрүнүн бирөөсү гана.Суу астында топ-топ болуп жашаган дельфиндердин бири-бири менен байланышы өзгөчө мааниге ээ. Алардын акустикалык маалымат алмашуусу өтө өнүккөн; коркконун, сүйүнгөнүн, тынчсыздануусун билдирүүдө ар башка үн толкундарын колдонушат. Ал үн толкундарын тумшугу тарапта жайгашкан атайын органы менен чыгарышат. Үн толкундарынын чагылуусунан алдыдагы балыктарга, же болбосо башка тоскоолдуктарга чейинки аралыкты, алардын көлөмүн, формасын ж. б. у. с. бардык маалыматтарды так аныктай алышат. Ал гана эмес, деңиздеги кемелердин бири кооптуу болсо, ал кабар заматта башкаларга жетет да, ал кемеге эч кимиси жолобойт. Дельфиндердин чыгарган сигналдарынын көптүгүн бир нече жылдар бою изилдеген окумуштуулар таң каларлык жыйынтыкка келишкен. Адамдар тыбыштардан сөз курап, андан сүйлөм түзгүндөй эле, дельфиндердин да орто эсеп менен 180 ден ашык белгилүү бир үндөрдүн курамы менен чексиз маалыматтарды бергенге жөндөмдүү экендиги аныкталган. Мындан тышкары, ар бир дельфин туулганда эле өзүнө тиешелүү «атка» ээ боло тургандыгы жана башкалары ага ошол ат менен кайрылышканда жооп бере тургандыгы белгилүү болгон. Ал эми суунун тыгыздыгынын жогору болушу мындай маалыматтардын 15 км/секунда ылдамдык менен өтө чоң аралыктарга таралышына шарт түзөт. Окумуштуулар дельфиндердин бул өзгөчөлүгүн кадимки эхолотторду жасоодо колдонушкан. Ошондой эле, дельфиндер эске тутуусунун да өтө күчтүүлүгү менен айырмаланышат. Мисалы, окумуштуулар эне дельфин баласын 15 жылдан кийин да дароо тааный ала тургандыгын аныкташкан.

Кызыктуу маалымат:
Дельфиндин терисинин суу менен болгон каршылыгы эң төмөн. Мындай көрсөткүчкө ээ болуу үчүн анын терисинин үстүнкү кабыгы орто эсеп менен ар бир эки саатта жаңыланып турат.

Бразилиянын түштүк жагында дельфиндер жергиликтүү балыкчылар менен бирге балык уулашат. Башкача айтканда, дельфиндердин тобу балыктарды суунун тайыз жеринде турган балыкчыларды көздөй «айдап» келишет. Алар артка кайрылганда балыкчылар торлорун ыргытышат. Тордон качкан балыктар түз эле дельфиндердин өзүнө туш келишет да, аларга жем болушат. Эң кызыгы, аларды мындай балыкчылыкка эч ким үйрөткөн эмес. Дельфиндердин мындай балыкчылар менен биргелешип балык уулаганы тууралуу маалыматтар 1847-жылдарга таандык.

Табигат сырлары

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}