«Мен үчүн эң оор күн — жекшемби….»

«Жашоого шашылам, анткени аткарсам деген пландар көп. Эл жасай элек, ойго келбегендерди жасасам дейм» деген ураан менен жашап өткөн инсан Табылды Эгембердиевдин жашоодо пайдаланып, кулакка күмүш сырга кыла турган алтынга тете сөздөрү.

«Мен үчүн эң оор күн — жекшемби. Кылар иш жок күн. Адам иштегенде гана жашайт деп ишенем»

«Пландар көп, бирок үлгүрбөй каламбы деп корком, атаңгөрү… Тездетиш керек, азыр аябай шашып жашап жатам».

«Мен балдарды: «Эгер сен ууру болсоң, балаң да ууру болот» деп айтпаш керек дейм. Бул тарбиялоонун башкы жана эң жөнөкөй эрежеси».

«Биздин өлкө куттуу өлкө, бизде дүйнөнүн эч жеринен табылбас нерселер көп. Бирок, тилекке каршы, биз аларды дайыма эле кадырына жетип, пайдалана албайбыз».

«Биз, кыргыздар тойго, юбилейлерге, шаан-шөөкөттөргө көп убакыт коротобуз. Мага бул такыр жакпайт. Мен үчүн бул кыйын. Адам майрамдаш үчүн эмес, иш-аракет кылыш үчүн жаралган деп ойлойм».

«Бир тууганым — чыгармачыл киши, тили аябай курч. Чыгармачыл адамдардын баары элегей болушат эмеспи, ал көп ойлонот, мен азыркыга чейин анын артынан баарын — костюмун, портфелин жыйнап жүрөм» (Жумадыл Эгембердиев бир тууганы жөнүндө).

«Мага күчтүү таасир берген адам – ал менин атам болгон. Ал киши азыр биз айтып жүргүдөй акылдуу сөздөрдү деле айтчу эмес, болгону көп иштечү жана мени бардык жакка өзү менен кошо алып жүрчү. Мен атамдан улам, киши кандай көп иштээрин көрдүм».

«Ишкердикти ак ниет жана сабаттуу жүргүзө албаган адам, ал чиновник болуп алып ишкерлерге акыл үйрөтөт».

«Мен кыргыз элине суктанам, себеби, биздин эркиндикке болгон эркибизди өлтүрүүгө болбойт»

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}