Менин да алма жегим келет

Бир күнү жарды жашаган жакыр үй-бүлөнүн башчысы адатынча бала- чакасын багуу үчүн тыйын-тыпыр таап келүү ниетинде базарга жол алды. Бара жатып капысынан башы айланып жыгылды. Бир топко чейин өзүнө келалбай турган бечара жакырды жолдон өткөн жолоочулар жол боюндагы жашыл жалбырактуу дарактын түбүнө жаткырышты. Ошол жерде ал бүгүн иштей албастыгына көзү жетип, балдарына кур кол баруудан уялып, айылындагы бардар,бай адам катары таанылган досунан бир күнгө карыз акча суроону чечти.Алсырап, кадамын араӊ сүйрөп досунун үйүнө жеткен жакыр жигит заӊгыраган үйгө куп жарашкан, рабат дарбазаны такылдатты. Бир канча көз ирмемден кийин бүгүнкү күнгө үмүт байлаган баягы балалыгында бирге ойноп, бирге жүргөн досу каадалуу жүзү менен акырын басып чыга келди. Эсен-соолукту сурашкан соӊ, абалын түшүндүрүп акча сурап келгендигин айтты.

«Жакшы досум, сага бербей кимге берем анан. Бирок, азыр эмес. Эртең менен карыз берип болбойт дешет. Жакшысы бешимден кийин келсеӊ, ошондо берейин»деди ишеничтүү үнү менен.

Кантсе да акча береби бербейби деп миӊ түрлүү ойлор менен келген жигит досунун мындай чечимине чекеси жарыла кубанган бойдон, бешимден кийин келмей болуп, жолго түштү.

Бара жатып чурулдап чыккан балдарына куру кол барганы кандай аянычтуу экенин элестете кетип, тык токтоп калды. Жүрөгү шуу дей түштү. Ошол замат мээсине жакшысы акчаны алып кичине кем-карчы кыла кеткениӊ оӊ деген пикир келе калды. Ушул оюна макул болгон жигит эми бешим убактысын күтмөй болду.

Күткөнгөбү, айтор, саат жебеси араӊ жылып белгиленген убакыт болуп-болбой жанагы жакыр жигит досунун астанасында пайда болду.
«Билесинби досум, азыр үйдө бирге иш кылган көпөс досторум келип калыптыр. Мен аларды узакка таштап чыгуум туура келбейт.Жакшысы дигерден кийин кайрыл. Акчаны ошондо берейин»деп досу чуркаган бойдон үйүнө кирип кетти.

«Ананчы, атарытып ,жолкарытып, алыстан келген коноктор болсо, болгондо да уяттуу коноктор болсо, анан аларды таштап болобу. Балким мага берчү акчасы меймандар олтурган үйдө болгондур. Мейли, ушунча күттүм дагы бир аз күтө турайын» деген жигит нарыраак барып, жол боюна олтура кетти.
Күндө зуулдап өткөн убакыт негедир бүгүн такыр жылбай койду.Кыялында не деген ойлор келип-кетпеди бу аралыкта жакыр жигиттин. «Эч нерсе эмес. Эр жигиттин башына нелер келбейт. Бүгүн ооруса эртеӊ сакаят. Мээнет мейман…» Анан адатынча эки-үч күн катуу жанын-жанга уруп иштесе, карыздарынан кутулат. Аз калды. Эртеӊ эле балдары чоңойсо, атасы менен бирге иштесе бул күндөр да өтөт. Колу узарып, алаканы калыңдайт. Эл катары жеп-ичүүчү күндөр да алыс эмес.. Ушундай ойлор менен алпурушуп отурган жигит дигерге азан айтылаары менен дагы досунукуна баш бакты. Өкүнүчтүүсү бу сапар да жолу болбоду. Акча шамдан кийин колуна тиймей болду.

Кеч кирер замат жигит дарбазанын астына барды. Нары жактан акырын басып досу чыкты.
«Эй досум. Дагы деле түшүнбөдүӊбү. Мен сага акча бере турган болсом ушунча убара кылбай, эрте менен эле бербейт белем. Өзүӊ деле ойлочу. Алаканыӊ жука, бала-чакан көп болсо. Кантип мен берген карызды төлөй аласыӊ. Сага карыз берип, анан артыӊдан кайра-кайра сурап, кадыр-баркымды түшүрүп отурамбы. Кой досум капа болбо. Бара бер”. Ушул сөздү айтты да, карс эттирип дарбазанын эшигин жаап кирип кетти…
Күндүзү кечке конок тоскон бай бир аз дем алуу учун секичеге салынган төшөккө жатар замат көзү илинип кетти.
Түшүндө чоӊ бактын боюнда олтурат. Бак ичи алма, өрүк, жүзүм сыяктуу мөмө-жемиштерге жык толгон. Бир четинде баягы жакыр досу, дайыма атаандашындай, анан калса душманындай көргөн бай кошунасы да отурат. Алдыларында алма, жүзүм, коон дарбыздар турат. Бул да алардын катарына кошулайын деп, бак жакка кадам таштайт, бирок кадамы арбыбайт. Ал арада анын астынан кайдан-жайдандыр чоӊ кара чаар жылан пайда болот. Тилин соймоӊдотуп, улам ышкырып, тап берип аны бакка жакын жолотпойт. Жыландан качып, беркилерге улам кыйкырып жардам сурап, кол булгалайт. Алар болсо аны такыр угушпайт. Өздөрүнчө кобурашып алма жеп отурушат. Эми бакка кирейиндесе эле баягы кара чаар жылан пайда болуп, аны бакка киргизбейм дегендей тилин соймоңдотот, ышкырат. Чочуп ойгонуп кетти. Көзүн ачса, эчак күн кирип, күүгүм батыптыр. Бети, колун чайкаар замат, кошунасынын үйүнө жөнөдү.

Эки кошуна саламдашкан сон,
“Ээ кошуна, жана досум бир аз кыйналып акча сурап келгенинен бере албай калдым эле. Менден акча чыкпай калганына капа болгон ал, сенден да жардам сураган окшойт чамасы. Эгер ошондой болсо, анын карызын албай эле кой. Анын ордуна мен берем”.Бай дос, бул сөздү чын дилинен айтты.

«Жоок андай деле эмес. Кечээ кечке бир жигит сенин эшигиңди кайра –кайра каккылаганына көзүм түштү эле. Кечинде сыртка чыксам, ал жигит башын шылкыйтып бара жатыптыр. Өӊү да бир башкача. Тим эле от болуп күйүп бара жаткандай. Карарып каӊырыгы түтөгөн. Кадам сайын үшкүрүнөт. Токтотуп ал-жайын сурадым. Бир аз акча бердим. Кыжалат болбо. Мен анны карызга эмес тек гана саадака иретинде бердим. Азыр ойлосом эгерде сен кече аны кайра-кайра зарыктырбай акча бергениңде менин ордумда бактагы алмаларды сен жейт элең. Бирок, сен өзүң андай сооптуу шыбагадан баш тарттың. Айлаканча, муну бир чети насип деп коет”. Кошунасынын булл сөзү байды ан сайын таӊ калтырды.

Балким чындап эле ошондой болгондур. Балким чындап эле жараткандын жарлыгыменен мен көргөн түштү бул кошунам да көргөндүр. Ушул ойлор менен алпурушкан бай кошуна кечээки кылган кылыгына өкүнө башын мыкчып бара жатты…

Нуркамил Абдуллаев

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}