Менин мекеним

Ар бир адамдын өз мекени бар. «Мекен» деген сөз кыргызда ата-бабанын жери, туулуп-өскөн жер дегенди билдирет. Ал, албетте, бүт эле гүлбакча эмес. Мен азыркы дүйнө жөнүндө кененирээк сөз кылардан мурун өзүмдүн өмүр башатыма ой жүгүртөм. Абдан сагындырып, бир көрүүгө куштарланткан Талас жергемди ак-карасы аралаш жаткан өз келбетинде элестетүүгө аракеттенем. Эгер мен аалам койнун аралаган космикалык саякатта жүрүп, жер жөнүндө ойлончу болсом, сөзсүз аны Шекердин образы аркылуу элестетерим бышык. Анткени, менин башатым — ушул Шекер. Ушул жерде аталарым жана бабаларым жашаган. Ушул жерде мен жарык дүйнөгө келип, турмуш тааныгам, өз тагдырымды тапкам. Ата журт деп аталган туулуп-өскөн жердин тирлик-тартиби, салт-санаасы, ыр, жомогу, абасы — бүткүл турпаты адамдын адам катары калыптанышында жана өз тагдырына ээ болуусунда зор таасири бар экендигине бекем ишенем.Биздин айылдын абышкалары ар бир баладан: «Кана, жети атаңды айт!» -деп катуу талап менен сурашар эле. Элдин акыл-эс мурасы да, муундардын байланышы да мына ушуга негизделген. Бул жөнүндө мен «Ак кеме» повестимде бала менен машине айдаган казак жигит экөөнүн аңгемелешүүсүндө айтууга аракеттенгем. Турмушта жети атасын билбей жүргөн адамдар бар экенине бала аябай таң калат:

«- Жети атаңдын аттарын үйрөткөн жок беле акең? — деди бала.

— Ит билеби. Ага не таңсык болдың? Жети атамды билбейм, бирак, көрүп турасың гой, көп катары жашап жүрмин.

— Атам айтат, адамдар ата-тегин унутуп койсо, бузулуп кетет дейт.

— Не үшин?

— Анда дейт, атам айтат, баары бир балдарым, балдарымдын балдары билбей калат деп, адамдар арам иштен жийиркенбей, тартынбай калат дейт. Баары бир балдарымдын балдары билбей калат деп, адамдар жакшылык кылбай калат дейт».

Бул жөнөкөй элдик философияны мен бала кезде уккан шекерлик абышкалардын насаат сөздөрүнөн алгам. Мен шекерликмин, ошол үчүн бул жакшы кааданы алигиче урматтайм. Менин атам — Төрөкул, Төрөкулдун атасы — Айтмат, Айтматтын атасы -Кимбилди, Кимбилдинин атасы — Кончу жок… ушинтип отуруп биздин тукумдун башы -Шекердин өзүнө чейин санай берүүгө болот. Атамдын жана чоң атамдын туугандары -Рыскулбек, Керимбек, Өзүбек, Суванбек, Доолбек, Алымкул, Иманкул, Биримкул — булар да менин бабаларымдын катарына кирет.

Мындай карасаң, бул — жөн гана адам ысымдары. А мен үчүн мунун мааниси чоң. Эл оозунда айтылган сөздөрдөн улам, мен алардын ар биринин ысымдарын тереңимде ызаттайм жана сый-мыктанам. Бул өзүбүздөн мурда жашап өткөндөрдү эстөөгө жана алардын кадыр-баркын төмөндөтпөөгө бизди — кийинки муундарды милдеттендирет.

Ошону менен бирге биз Манас-Ата деп аталган улуу тоону катуу урматтайбыз, Манас-Ата, орус фольклорунун стили менен айтканда, Батюшка Манас. Эртең менен Манас тоосунун көлөкөсү Шекердин өңүрүнө житип турат. Мына ушунун өзү ар бир адамга тириликтин түбөлүктүүлүгүнүн элесин, дүйнө өз ордунда экен деген кебелбес канааттануу сезимин берет. Талас кырка тоолорунун мына ушул бийик чокусунан улуу бабабыз Манас өз жеринин кыйырларына дүрбү салып, кайсы жактан душман көрүнөт деп, изин чалып турчу экен. Айымкан чоң энем менен чоң эжем Карагыз апа мага ушинтип айтышар эле. Бул экөө-энеси жана кызы — бири-бирине абдан окшош, жүздөрү абдан жылдыздуу жана акылдуу, ыр, жомок, уламыш жана ылакап сөздөрдү көп билишкен менин эң жакын насаатчыларым эле. Атактуу мерген Досаалы жездем да көп жакшылык иштерди жасаган, мен үчүн эстен кетпес адам. Ал экөөбүз Аксайдан Көксайга чейинки жерлерди бирге бастык.

Чоң атам Айтматты мен көрбөй калдым. Ал жыйырманчы жылы дүйнөдөн кайтыптыр. Мен болсо жыйырма сегизинчи жылы төрөлүпмүн. Айылдын чет жакасында, Күркүрөө дарыясынын бир бурумундагы жантаймада жерге кыйла бата түшкөн эски тегирмендин ташы жатат. Мына ушул жерде чоң атамдын тегирмени болгон экен. Жакырчылыктан кутулуу амалында аны биртууганы Биримкул экөө көп кыйынчылыктар менен тургузушуптур. Тилекке каршы, анысы биринчи эле жылдын жайында өрттөнүп кетет. Бирок «жаман болбой, жакшы жок» деген кеп бар эмеспи. Бул кырсык чоң атамды такыр алдан тайдырат, ошондо ал темир жол курулушунда иштөөгө жөнөйт. Өзү менен кошо атам Төрөкулду, ал кездеги жаш өспүрүмдү — ээрчите кетет. Мына ушул окуя менин атамдын андан аркы тагдырына себепкер болот. Ушундан барып ал шаарга окууга кирет. Азыр мен тоону кесип өткөн жол менен Маймак станциясына баратып, аталарыбыз өздөрү билбей туруп, ушул аскаларды уратып жол куруу менен, бизди, кийинки муундарды чоң дүйнөгө, Октябрь революциясынын зор жалынынан жаркыраган дүйнөгө алып чыкчу улуу жолду курушканын толкундануу менен ойлойм. Эскини өзгөртүү жана жаңыны куруу эң алгач ирет биздин ата-энелерибиздин алдында турган милдет эле. Бул Совет бийлигинин алгачкы жылдарынын, алгачкы муундун тарыхы эле. Ошол муун ач, жылаңач, буурсун кармап, жаңы турмушту курабыз деген жалтанбас кайрат менен биздин советтик замандын башында турган. Биз мына ошолордон башталганбыз. Мен атам Төрөкулду көп эстейм. Төрөкул Айтматов — Кыргызстан компартиясынын областтык комитетинин секретары — өзүнүн бүткүл өмүрүн революциянын иши үчүн жумшады. Ал менин эсимде жаш, күч-кубаттуу, кайраттуу, өз ишине берилген адам бойдон калды. Азыр мен атамдан бир топ улуумун, жашы боюнча ал азыр уулум менен барабар.

Апам Нагима Хамзаевна өз кезегинде обком комсомолдо иштеп жүрүп, атам менен ошол кызматына байланыштуу таанышкан экен. Ал экөөнү мен дайыма бирге иштеп, бирге жүрүшкөн жаш түгөйлөр абалында эсте туткум келет. Атамдын эжеси Карагыздын сокмо дубалдан тургузулган үйү ушул кезге чейин сакталып турат. Бул үйдө кыйла мезгилдерден бери эч ким жашабайт. Бирок бир кезде биз, апам жана анын төрт уулу, ушул үйдө тирилик кечирчүбүз. Башыбызга кыйын күндөр түшкөндө, апам ошол жепирейген үйдөн: «Карагылачы, биздин тоолор кандай керемет! Ушулардын баары биздин тоолор эмеспи!» — деп, Манас-Ата тарапты жаңсап көрсөтөр эле. Советтик адамдын бүгүнкү турмуш деңгээлине кандай зор күрөштөрдүн жана чымыркануулардын натыйжасында жетишкендигибизди өз балдарыма толук жана терең түшүндүрө албаганыма кээде зээним кейип, капаланып да кетем. Бирок кантсе да, жаштар азыркы даяр турмушка көнүп, өздөрүнөн мурдагылар жетишкенди пайдалануу менен эле чектелип калышпас деп ойлойм. Анткени, адам турмушту дагы да жакшыртуу, асылдандыруу ишине өз үлүшүн кошуу ниети менен, өзүнө чейинкилер тарабынан жетишилген турмуш жыргалчылыгын өзүнүн билимин, рухий аң-сезимин, маданиятын дагы да жогорулатуу максатында пайдаланганда гана ал аны бактылуу кылат.

А бул болсо дайыма адамдын өзүнө, бүгүнкү күндүн жана келечектин алдында ал өзүнө кандай талаптарды коёт — мына ошого байланыштуу.

Чынгыз Айтматов

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}