Миллиондорду чогулткан \»You Tube\»

Интернет биздин жашообуздагы орду толгус маалымат булагына айланды. Ал жактан акыркы маалыматтарды окуйбуз, пикир алмашабыз, үйдөн чыкпастан кино көрөбүз жана башка. Ошонун ичинде биз тынбай көргөн, кызыктуу видеолорубуз болсо жарыялап, ырчылардын клиптерин биринчилерден болуп көрүүгө шарт түзгөн Ютуб каналы. Биз бул жолу ошол Ютуб каналынан эң көп көрүлгөн кыргыз видеолорун тизмектедик.1. Атай Өмүрзаковдун «Чехия таланттарды издейт» сынагынын финалдык бөлүгүндөгү жарыяланган видеосу Ютуб каналынан 5 753 868 жолу көрүлгөн. Ошондой эле Атайдын көпчүлүк видеосу миллиондон ашык жолу көрүлгөн.

2. Бардыгыбыз үйдөн чыккандан зеригип, жаңы чыккан тасманы Ютуб каналына чыгышын күтүп калдык. Мына ошол каналга жарыяланган кыргыз тасмаларынын ичинен эң көп көрүлгөнү режиссёр Ырыс Жоомартовага таандык «Ош-Бишкек жолунда» тасмасы. Аны 1 142 508 адам көргөн.

3. Андан кийин Нурлан Мамакеевдин эмгегинин бири, башкы ролдо Нурлан Насип тартылган «Браво» тасмасы 892 574 жолу көрүлгөн.

4. Улам жаңы ыр чыгарып, ага дароо клип тартып, көрөрмандарына сунуштаган ырчылардын видеолору да артта калбайт. Эски ырларга жаңы дем берип, жарашыктуу клип тартып, миллиондогон көрүүчүлөрдү өзүнө тарткан Нурмат Садыровдун \»Торгоюм\» аттуу клиби 2 733 761 жолу көрүлгөн.

5. Кийинки клип Мирбек Атабековдун аткаруусундагы \»Мөлмөлүм\» чыгармасы. 2 101 560 көрүүчүнү топтогон.

6. Ютуб каналынын жакшы жери сыналгыдан көрүп жетише албай калган сүйүктүү долбооруңду бул жактан таап көрүп алууга болот. Мына ошондой сахнада да теле менен Ютуб айдыңында да өз көрөрмандарын тапкан шоу программалар – «Тамашоу» 525 217, ал эми улуу-кичүүсү дебей баары көргөн «Ак терек, көк терек» теле берүүсү 141миңден ашуун көрөрман топтогон (бир гана чыгарылыштын көрүүчүлөрү).

7. Жаңы гана тартылып бүткөнүнө карабастан популярдуулукка ээ болгон чыгарма Нурлан Насип менен Самара Каримованын аткаруусундагы «Бололу бирге» аттуу дуэтин 30 881 адам көргөн.

8. «Апамды издеп» кино тасмасынын Мирбек Атабековдун аткаруусундагы «Энекем» атуу саунтрегин 293 424 адам көргөн.

9. Жакында гана таанымал болгон, «көздүн жаштарын өйдө-ылдый агызган» жаш колдонуучу Данияр Токтомамбетов өздүк каналына байма-бай видео жүктөп колдонуучулар менен тыгыз байланышта болуп турат. Анын көрүүчүлөрү 1 780036 адамды түзөт.

Албетте бул көрсөткүчтөр ушул бойдон кала бербейт, дагы да көрүүчүлөрдү топтоп, өз популярдуулугун арттыра бермекчи. Мына ушундай окурман, Ютуб каналынын бизге болгон пайдасы да абдан көп экен, бул канал аркылуу сен билбеген нерселерди да үйрөнсө болот, ошондуктан убакытты текке кетирбей өзүбүзгө пайда алып келели.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}