Москвадагы беш күн (6-бөлүм)

Айт намаздан соң айттын шаанисин кылып конокко баруу жана конок тосуу салты бар эмеспи. Өзүбүз мусапыр болгон соң конок тосууга мүмкүнчүлүк болбоду, бирок ВДНХдагы дагы бир кыргыз ресторанына конокко бардык. Ресторан ээси Кубаныч мырза көп жылдан бери Орусияда жашап, отурукташып, ишкердик менен ийгиликтүү алек болуп жатыптыр. Сүйлөшүп отуруп ал кишинин көптү көргөн, билген, турмуштук тажрыйбасы мол инсан экенине ынандык. ВДНХдагы “Кыргызстан” павильонун оңдоп, ишке киргизүүгө себеп болгон да ушул киши экен.Ресторан кыргыз шырдактары менен шөкөттөлүп мыкты жасалыптыр. Бутту чечип, сунуп отуруп чай иче турган кадимки чарпаялар да коюлган. Ошолордун биринде тамак үстүндө чер жаза маектешип отурдук.

Бир убакта Кубаныч байке Идиристин комузун сурады:

-Чертип көрсөм болобу?
-Албетте, — Идирис дароокомузду кабынан чыгарды.

Кубаныч мырзанын аткаруусунда Токтогулдун “Миң кыялы” менен “Тогуз кайрыгын”, Карамолдонун “Насыйкатын”, Ыбрайдын “Боз салкынын” ырахаттана уктук. Мыкты ойнойт экен. Анан Орусиядагы кыргыздардын жашоосу, абалы, келечеги тууралуу талкууга өттүк. Бир эле Москвада 250-300 миңдей кыргыз бар дейт. Ошондон улам башыма мындай ой келди. Ушул жерде жашап, отурукташып калган соң бир жагынан улуттук өздүгүбүздү аяр сактап, бирок экинчи жагынан жергиликтүү турмушка бардык жагынан интеграция болууга мезгил жетти көрүнөт. Орусиянын маданиятынын, саясатынын айдыңы кимдер үчүн гана кең мүмкүнчүлүктөрдү ачпаган. Орус тектүү эмес Меладзе, Акопян, Кобзон, Ротару сыяктуу шоу жылдыздарын, Сафин, Есенбаева, Кабаева сыяктуу спорт чеберлерин, Тулеев, Шойгу сыяктуу белдүү саясатчыларды мурдагы СССР аймагында ким билбейт? Ошолордун катарын Асанов, Акматов, Мураталиев, Белеков, Нурматова деген кыргыз аттары толуктаса жаман болбойт эле. “Бир күн даам таткан жериңе миң күн салам бер” деген макалдын ээси болгон, бирөөнүн жакшылыгын унутпаган кыргыз элибиз Орусия үчүн опол тоодой пайдалуу иштерди жасаарынан шек жок. Орусияда да шайлоолор жакындап келе жатыптыр. Эмки чакырылышта мекендештерибизден жок дегенде бирөө эл өкүлү болуп Мамлекеттик Думада отуруп калса кана… Ал үчүн кыргыз диаспорасынын бир муштумдай биримдикте болуусу өтө маанилүү.

Аңгыча Кубаныч ага бир суроо менен мага кайрылып калды:

-Аябай душмандык кылгандарга, жалаа жапкандарга кантип жооп бериш керек?

Бул суроого “менин оюмча” деп жооп берүү туура болбойт эле. Биринчиден, өзүңдөн көп жаш улуу, тажрыйбасы мол кишиге мындай маселеде жеке ойлоруңду айтып, кеңеш берүү, балким адепсиздик болоор. Экинчиден, менин оюм акыйкатка жакын дештин өзү жаңылыштык. Ошондуктан бир аалымдан укканымды кайталадым:

-Албетте, “катылгандын катыгын берем” деп, жеңди түрүнүп чыксаңыз да болот. Бирок, анда пайдалуу ишке, бизнесиңизди өнүктүрүүгө колдончу энергияңыз чыр-чатакка короп, өзүңүз да бушайман жейсиз, чарчайсыз. “Адамда атом бомбасынан да кубаттуураак күч бар. Ал -мээрим” деп бир аалым киши айтты эле. Сизге жамандык каалагандарга да чын дилден мээрим төксөңүз, бүгүн болбосо эртең, эртең болбосо бүрсүгүнү бир тууганыңыздай жакын болуп чыга келер. Жамандыкка жакшылык менен жооп кайтарып, сөөк өчтү душмандарын досторуна айлантуу пайгамбарыбыздын көрсөткөн өрнөгү. Тескерисинче, кимди жаман көрсөк бизге ошол аркылуу сыноо келе берет окшобойбу. Биздин бир эле келишпес душманыбыз бар, ал – наалатка калган шайтан. А адамдардан үмүт үзүүгө болбойт. “Душманың менен кесилишпе, эртең досуң болуп калышы ажеп эмес” дешет го…

Кубаныч байке кунт коюп укту да, башын акырын ийкеп койду:

-Эң туура…

Бирок, өз напсим “айтыш оңой, кылыш кыйын” деп эскертип жатты. Сөз менен ишибиз дал келгендерден болгой элек.(уландысы бар)

Нуржигит Кадырбеков

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}