Москвадагы беш күн (7-бөлүм)

Кыргызстанга кайтарыбызга саналуу сааттар калганда айтылуу Москва дарыясынын оң жээгинде 200 га жерден ашык аймакты ээлеген “Фили” маданият жана эс алуу багында сейилдеп жүрдүк. Кызыл Аянтка барууга караганда ушул бакка келүүнү артык көрдүм. Анткени табигат менен эриш-аркак чоңойгон айылдын, тоонун уулумун. Кыжылдакты, бака-шаканы жактыра бербейм. Жаратылыш койнунда эргип, бейпилдикте өз ички дүйнөңө үңүлгөнгө не жетсин. Кызыл Аянтты, Кремлди адам жасаган. А керилген Москва дарыясы менен ага ушунчалык жарашкан бул бактагы жашыл жаратылышЖараткан жасап, тартуулаган белек. Ошон үчүн, жашоо шакардай кайнаган ири калаалардан да табигатты, анын жан дүйнөгө шаттык, дем тартуулаган көркөм боёкторун издей берем. 2004-жылы Сан-Францискодогу эки күнүмдүн бир күнүн шаардан ыраакта жайгашкан Миэр токоюна саякаттап өткөргөнүм ошондон. Токойдун кооздугу, ага бараткандагы тоонун чокусунан укмуштай сырдуу жана сулуу көрүнгөн Тынч мухитинин тизилип, жээкти көздөй серпилген толкундары эске түшкөн сайын дале делебем козголот.Бактагы бейпилдикти катуу жаңырган музыка бузуп жатты. Сахна жасалып, жүздөгөн адамдар алда эмнеге даярданып жатышат.

— Бул татарлар, — деди Искендер биздин суроолуу караганыбызды байкай, — Сабантуй деген майрамына камданып жатышат. Буюрса, эртең ушул майрамды көргөнү 150 миңдей адам келет…

Ушундай эле иш-чараны Москвада биз, кыргыздар деле өткөрсөк болчудай. Маселен, салбуурун уюштурсак, көчмөндөрдүн уникалдуу маданияты далай орусиялыктарды суктандырмак, кызыктырмак…

***

Сапар карыды. Апакеме, кызыма, жубайыма, кесиптештериме белек алганы бир соода борборунатоктодук. Андагы дүкөнчөдө момпосуйдун баасын сурасак:

-Там же написано, — деп, сатуучу аял абдан орой жооп берди.
Шеригим Искендер үстүңкү текчеге коюлган, ар түрдүү момпосуйлар кошулуп белек түрүндө жасалгаланып оролгон желим капчаны кармай коюп, дагы бир жолу уруш уктук:

-Молодой человек, не надо трогать. Все виды есть внизу…
Эки жолу итке каптыргандан бетер шаабайыбыз сууп, тышка чыгып кеттик. Дүкөн таттуу момпосуй саткан эмес, уу чачкан жыландын ийини сыяктуу эсимде калды. Адам көңүлүндөй назик эчтеме болбосо керек. Сатуучу аялдын кополдугун эстеп, улам жүрөгүм зырпылдап жатты. Кардарга карыздар адамдан бетер орой мамиле жасагандардыБишкекте анан Москвада көрдүм. Жапониядагы кардарды падышадай сыйлаган кичипейил, элпек сатуучулар, бир адамды үчөөлөп малайындай тейлеген дүкөн кызматкерлери эсиме түшүп, аргасыз жылмайдым. Адам буюмду эмес мамилени сатып алат окшобойбу.
Апакеме белек алган соң кызыма көйнөк карай баштадым. Ушунчалык кооз тигилген жайкы көйнөккө көзүм түшүп, сатуучуга кайрылдым:

-Это, наверно “made in China”да?
-Нет, “Made in Kyrgyzstan”.

“Кайдагы Кытайдыкы дегени турасыңбы, бул деген сапаттуу, анткени Кыргызстанда тигилген!” дегендей жооп берди сатуучу. Кыргызстанда тигилген кийимдер Орусияда жогору бааланат деп бекер айтышпайт экен. Ошого жетине албай көйнөктү сатып алдым. “Made in Kyrgyzstan” менен бирге мекенибизге жол алдык.

***

Кыргызстанда чет өлкөгө учарда аэропортко эки саат эрте кел деп эскертишет. Биз шаардан “Домодедового” жөнөгөндө учар убактыбызга бир жарым саат калган эле. Надырбек планшетиндеги навигаторду жандырса бир саат убактыбыз жолго кетери жазылыптыр. Бир аздан соң навигатор трассада чоң тыгын барлыгын көрсөттү. Эки жерде авария болуптур. Ташбакадай кыбырап алга жыла бердик. Ушул абалда кетсек бир эмес эки саатта да аэропортко жетүүбүз күмөн эле. Конок ээлери эртерээк жолго чыкпаганына бушайман жеп баратканы билинди.

-Балким, Москва сенин дагы узагыраак калышыңды каалап жатса керек, — деди Надырбек мага бурулуп.
-Кудай каалагандай болот, — дедим жылмайып.

Москвалыктар канчалык жылуу тосуп, жакшы меймандаса да, үй-жайды, мекенди сагынган элем. Убагында учуп кетүүгө не жетсин. Бирок, рейске кечигип калсак, анда да Жараткандын бир жакшылыгы бар деп ишенип, демимди басып келаттым. Бишкекке кетчү мага караганда Ошко билет алган Идиристин көңүлү ток. Себеби, ал бир саат кийин учмак.

Тыгындын аягынан кабар жок. Машинелердин көбү бизге окшоп аэропортко шашып баратышкандар болсо керек. Биринчи авариядан өттүк, бирок тыгын баягыдай эле. Кыбырап жылганыбыз менен мен уча турган убак абдан эле жакындап калды. Үлгүрбөй калсам Ошко болсо да кете берем деп өзүмдү жооткотуп жаттым. Кудай жалгап, машинелер суюла түштү. Такшалган айдоочу катары Надырбек бир нече машинеден кыйгап, буйтап өттү да, кең жолго чыгып зымыраган бойдон жөнөдү. Тигине “Домодедово” көрүндү. Жарыгы жакындап олтуруп, жетип бардык. Машинени токтоткуча убакыт өтөт деп Идирис экөөбүз Надырбек менен ошол жерде эле коштошуп, ыргып түшүп, жүктөрдү көтөрдүк да ичкери көздөй чуркадык. Кошо чуркаган Искендер бизди узатыш үчүн аэропортко эртерээк келип, ичкериде күтүп турган Бакыт Тополоңовго телефон чалды:

-Бишкекке регистрация болуп жатабы? Билиңиздерчи. Мүмкүнчүлүк болсо жүргүнчүлөр келе жатат деп жаптырбай туруңуз…

Текшерүүлөрдөн өтүп, тапырап чуркаган бойдон жетсек Бишкекке кетүүчү акыркы жүргүнчүлөр катталып жатышыптыр.

-Жетишдикпи, — дедим Искендерге.
-Жетиштик, байке.

Бакыт мага бир канча сонун китептерди белек кылды. Мен үчүн белектердин эң эле мыктысы — бул мыкты китеп. Жараткан, жакшы китептердеги дөөлөттөрдү акылыма жана жан-дүйнөмө жугуз, сиңир, пайдалуу илим бер деп тилейм.

Бортко акыркылардан болуп кирдим. Самолет асманга көтөрүлдү. Аны менен кошо көңүлүм да, маанайым да кайкып учуп баратты. Анткени, Искендердей, Надырбектей, Бакыттай, Жаңыбайдай азаматтар турганда чет элдеги кыргыздар далай ийгиликтери менен кубантарына ишенимим күчтүү эле. Ушундай мыкты досторду, бир туугандарды табуу – кандай бакыт, кандай зор кубаныч.

Алаканга салгандай көрүнгөн Москванын жымыңдаган жылдыздай түнкү элеси улам алыстап баратты…

Кош, Москва. Көрүшкөнчө…

Бишкек-Москва-Бишкек
13-18-июль, 2015-жыл

Нуржигит Кадырбеков

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}