Москвадагы беш күн (5-бөлүм)

17-июлда Москванын Борбордук мечитиндеги орозо айт намазына катыштык. ВДНХдагы Кыргызстан павильонунда кыргыздар өзүнчө окушат экен. Ошол жакка барып, чогулгандардын алдында сөз сүйлөөнү сунушташканда биринчи жолу биздин программанын уюштуруучуларына “каяша айтып”, макул болбодум. Ушул бойдон Москвада айт намазын окуу бактысына качан туш болом, дегеле туш боломбу же жокпу, бир Жаратканга белгилүү. Бир жолу мүмкүндүк болуп турса, аны да Москва мечитинде эмес, башка жакта окуу туура болбой каларын аңдадым. Айт намазы – мусулмандардын биримдигин бекемдөөчү, бир туугандык сезимин күчөтүүчү, башкалар менен жапа тырмак аткарылуучу берекелүү амал эмеспи.Мечиттин тегерек четиндеги көчөлөр полицейлер тарабынан бекем коргоого алыныптыр. Машине токтотууга жай таппай бир топко айланып жүрдүк. Бул жагыбыздан деле, тигил жагыбыздан деле айт намазга агылып бара жаткан көпчүлүк. Араңдан зорго унаабызды токтотууга жер таап, мечитти көздөй шашылдык.

Кишинин көптүгүн айтпа. Намазга келгендерди эсептебегенде да, тартипти көзөмөлдөп турушкан жөө, атчан, автоунаачан полицейлердин саны эле бир нече миңге жетчүдөй. Анысы аз келгенсип, асманда тик учма айланып, кулактын кужурун алат. Анын каркылдаган добушунан улам имамдын айткандарын кунт коюп угууга мүмкүн болбоду.

Бизди коштоп жүргөн кыргыз жигит мечит жакка өткөрбөй, кашаа болуп турган полицейлерден бизди өткөрүп жиберүүнү сурана баштады. Тигилер баш тартса болбой көшөрө суранганынан улам ыңгайсыз абалда калып, ага акырын шыбырадым:

— Бул жакта деле намаз окусак болот. Тигил жерде үчөөбүз батчудай жай бар экен…
— Тигил тарапта эл көп экен. Сүрөткө түшсөк сонун чыкчудай, — деди жердешибиз көздөгөнүнөн кайтпай.

Ар бир кадамыбызды сүрөткө тартуу, “селфи” жасоо илдети кайдан чыкты десең. Биз бала кезибизде түшкөн сүрөттөрдүн баарын бириктирсе азыркы алты жашар баланын паркка бир барып, ойноп келгенде түшкөн сүрөттөрүнө жетпейт. Чоң энелерибизден баш-аягы 15-20 фото эстеликке калган, бирок алар канчалык баалуу, канчалык кымбат. А азыркы кыздар мектептен үйүнө жеткиче 20 жолу сүрөткө түшөт. Эми минтип Жараткандын өкүмүн аткарып, ыраазылыгын табуу ниетинде гана аткарылчу айт намазды, ал тургай умра менен ажылык учурун сүрөткө тартып,социалдык түйүндөрдөн элге көрсөтүү адатка айланып барат.

Бир жүрөктө бир эле нерсеге карата эки түрдүү сезим жашабайт дешет.Кайрымдуулукту же Жаратканга жагайын деп кыласың, же эл көрсүн, мактасын деп. Эгер эки сезим бири-бирине тоскоол болбой, эриш-аркак жашай алганда “оң колуң берген садаганы сол колуң билбесин” деген насыят айтылбайт эле. Анын сыңарындай, айт намазы менен ажылыктагы сүрөттөрдү көпчүлүккө көрсөтүү менен жүрөктө бир аз да болсо мактануу сезими пайда болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Жараткан ошондон сактасын.

“Сүрөткө түшөт элем” деп полицейлер менен талашып-тартышуу да, балким, анчейин адепке сыйбас көрүнүш. Анткени, ыймандуу адам бийликтин мыйзамдуу өкүмдөрүнө баш ийүүгө милдеттүү. Полицейлер – мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү. Баш-аламандык болбосун деп, ансыз да адамдарга жык толгон мечиттин тегерегин тосуп, калганыбызды ал жакка өтпөгүлө дегени – мыйзамдуу өкүм эмей эмне. Анын үстүнө, бизди, үч кыргызды коё берди дегиче башкалар да өтөт элек деп топурап, ыңгайсыздык жаратары турган кеп.

Анан да артыкча сурануу ыймандууга жарашпайт деп уккам. Төөдө отуруп, камчысы түшүп кетсе да жерде турган кишиден алып бер деп сурануудан тартынган такыбалар өткөн экен. Ушуларды ойлоп, бош турган жерге жайнамазымды салдым. Муну көрүп полицейлер менен талашкан жердешибиз да катарыбызга келип, тизелеп олтурду. Ошол жерде айт намазын окуу насип болуптур.

Намаз аяктаган соң мечитке жакыныраак барып, сүрөткө түшүүгө мүмкүнчүлүк болду. Адам кылкылдайт, 250-300 миңден кем болбосо керек. Башка улуттагы эки жигит калпагыбызды сурап кийип, смартфондоруна бири-бирин тартып жатышты.

Аңгыча үч жаш жигит келип саламдашып калышты. Алик алып, тек-жайын сурасам менин айылымдан болушат экен. Экөө Мамажакыповдор Абилаз акенин уулу Гүлжигит, Дүйшөбай акенин уул Мирлан, үчүнчүсү айтылуу мерген Таян акенин уулу экен. Ушунча элдин арасында, берекелүү майрамда инилериме жолуктурган Жараткандын кудуретине таң берип, шүгүр келтирдим.Ал-акыбалды, жаңылыктарды сурашкан соң Гүлжигит:

— “Япон кереметинин сыры” деген китебиңизди издеп таппай жүрөм, — деп калды.

Жаш адамдын саясат, соода, байлык тууралуу эмес, чү дегенде эле китеп тууралуу кеп козгонун кыргыз келечегинин жакшылыгы деп жоруп, көңүлүм көтөрүлдү. Китепти сүймөй сайын адамдын акылы да, жан дүйнөсү да байыбайт да, өнүкпөйт. Өнүккөн өлкөлөрдүн элдери китеп жандуу болору мунун далили. Айылдык иничектеримдин китепке болгон кызыгуусу кандайдыр бир жакшы жышаандан кабар берет. Кызыгы, Москвага бир китебимден азыраак ала баргам. Ошолордон бирден белек кылганы үч инимди машинебизге ээрчитип жөнөдүм.(уландысы бар)

Нуржигит Кадырбеков

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Кийинки күнү Москва собордук мечитинин алдындагы аянтчага тигилген чатырдагы кыргыздар уюштурган ооз ачтырууга катыштым. Бул мечиттин жетекчилери канча жылдан бери орозо башталарда чатыр тургузуп, анда 30 күн бою ооз ачтырууну салтка айлантыптыр. Бери дегенде миң адам батчудай чатырда бир эле кечте эки жолу тамак берилет экен. Чакырылгандар менен кошо каалоочуларга да эшик ачык. (далее…)

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Кийинки күнү ВДНХда Айнагүл деген эже иштеткен кафеде ооз ачтык. Ал да “Ысык-Көл” деп аталат экен. Кафенин жанында СССР убагында эле биздин республикага караштуу болуп курулган КЫРГЫЗСТАН деген павильон турат. Айрым азамат мекендештерибиз аны кыргыздардын этно-маданий борбору кылып жасап коюшуптур. Павильондун саясында сүрөткө түштүк. Ар жагында айтылуу Останкино телемунарасы көрүнүп турбагандафотодон ал жерди эч ким Москва деп ойлобосо керек. (далее…)

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Измайлов районундагы Вернисажга кирип сувенирдин наркын сурасам сатуучу “Төрт жүз рубль” деп кыргызча жооп берет. Татар же башкыр, болбоду дегенде казак го десем Отуз-Адырлык кыргыз жигит экен. Арыраакта 12-13 жаштагы эки бала кыргызча баарлашып, бирдеме сатышууда. 20 кадамдайбассам кыргыз кыз соода кылып жатат… (далее…)

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

СССР убагында төрөлүп, чоңоюп, 14 жашка чейин Москваны өз өлкөмдүн борбору деп билдим. Советтик идеологиянын таасиринен улам дүйнөдөгү калаалардын эң коозу, эң мыктысы, эң сонуну депишенип жүрдүм. Анан эле бир заматта СССР таркап, Москва борбор шаарыбыз болгон доор балалыгым менен кошо тарых тамгаларына айланып кетти. Улуу держава ураган жылы туулган балдар азыр экинчи мүчөл жылын белгилеп жатышат. Андан бери дээрлик чейрек кылым убакыт өтүптүр. (далее…)

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}