Мухаммед Алинин кызына насааты

Легендага айланган Мухаммед Али капыстан Паркинсон илдетине кабылгандыгы аныкталат. Эл арасында бул ооруну калтырак паралич же шал деп айтышат. Бул ооруга кабылган адамдардын жүзү жансыз бет кап сымал болуп, басуусу оорлошуп, үнү акырын жана монотондуу болуп калат. Адатта бул оору адамдарга улгайган курагында келсе, Али бул ооруга 40 жашка чыга элегинде кабылган. Ал дарыгерлер диагноз койгондон кийин дагы 2 жолу профессионалдык беттеш өткөрүүгө жетишкен. Бирок,экөөндө тең жеңилип, чоң спортту таштоого аргасыз болот. Катуу ооруп жатканына карабай Мухаммед Али, 1996-жылы Атлантада өткөн Олимпиада оюндарынын отун жаккан. Мына ушул ринг королу атыккан Алинин кызына берген насыйкатын баяндай кетели.Кызынын ачык кийинип жүргөнүн көргөн Али, кызым Кудай бул дүйнөдө баалуу нерселердин баарын жабык жана жетүүгө кыйын кылып жараткан. Мисалы, бриллиантты жердин эң терең катмарынан жабык жана корголгон жайдан казып алышат. Берметти болсо суунун түбүнөн, сырты капталган кабыкчалардын ичинен табабыз. Ал эми алтын, тээ алыскы шахталарда кум баскан тоону оюп казылып алынат. Булардын барына жетүү үчүн, оор жумуштарды аткаруу керек. Ал эми сенин денең булардан да кымбат жана ыйык. Демек, сен да өз денеңди жабып жүрүүң керек…

Чындыгында кымбат буюмдарга жетүү өтө татаал. Андан да кымбат болгон аял заты өз денесин жабууга жана эркектердин коргоосуна муктаж.
Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}