Мусулмандар дүйнөгө эмне белек кылды?

Бүгүн цивилизациялуу коомдун үлгүсү болгон айрым мамлекеттер чын-чынына келгенде цивилизацияны мусулман өлкөлөрүнөн үйрөнгөн. Эң эле жөнөкөй жана маданияттын башталган жери болгон даараткана маданияты азыркы Европага Осмон империясынан баргандыгын эч ким тана албайт. Мусулмандардын илимге кошкон салымын санап чыга албайбыз. Бүгүнкү өнүккөн илимдин негизин мусулмандар түптөгөнү баарыбызга маалым. Илимдердин падышасы болгон математика, тригонометрия, арифметика, астрономия, медицина ж.б илимдер тармагынын из салуучулары мусулмандар. Бүгүн, мусулмандар ачкан ачылыштардын айрымдарын сиздерге сунуштайбыз.

1.Кофе

Маалыматтарга караганда Түштүк Эфиопиядагы Каффа деген жерде Халид аттуу чабан бар болчу. Халид бир күн койлордун бир нерсе жеп жанданганын байкайт. Кийинчерээк бул өсүмдүктү үйүнө алып келип кайнатып ичет. Кофени алгачкы болуп Суффи аалымдары кечинде уктап калбоо үчүн ичкендиги болжолдонууда. Алгачкы кофе дүкөнү Лондондо түрк соодагер тарабынан ачылган.

Мусулмандар дүйнөгө эмне белек кылды?

 

2.Көз

Антикалык Грецияда адамдар көзүбүздөн жарык чыгат, ошон үчүн көрө алабыз деп ойлошкон. Дүйнөдө биринчи жолу көзүбүздүн ичине кирип сынган нурлардын айынан көрө алгандыгыбыз 10-кылымда жашаган мусулман аалымы Ибни Хайсамдын ачылышынан улам белгилүү болгон. Ал жарыктын жардамында ар кандай сүрөттөрдү да тарта алган.

Мусулмандар дүйнөгө эмне белек кылды?

 

3.Шахмат

Шахмат оюну бүгүнкү абалында биринчи жолу Иранда ойлоп табылган жана дүйнөгө тараган. Испаниялыктар шахматты 10-кылымда Омеяддардан үйрөнгөн.

Мусулмандар дүйнөгө эмне белек кылды?

 

4.Учуу

Wright бир туугандардын учууну сынап көрүүсүнөн 1000 жыл мурун 852-жылы Аббас Ибн Фирнас аттуу бир араб Кордобадагы Улуу Мечиттин мунарасынан жыгачтан жасаган учагы менен учууну сынап көргөн. Алгачкы учуу тажрыйбасы ийгиликсиз аяктаган. Бирок, учагындагы жыгач канаттардын таасири менен жараланбай жерге түшкөн. 835-жылы бүркүттүн түгү жана жибектен жасалган канаттары менен жардан секирип, 10 минутадай абада каалгый алган.

Мусулмандар дүйнөгө эмне белек кылды?

 

5. Самын жана шампунь

Христиан аскерлери менен болгон кагылыштарда аларды көргөн мусулмандар христиандардын аябай жаман жыттанганына таң калган болчу. Эски Египетте самын жаралып, арабдар заманбап самынды биринчи жолу жасаган кишилер болгон. Шампундар да арабдар тарабынан ойлоп табылган. Англияга шампунь 1759-жылы келген.

Мусулмандар дүйнөгө эмне белек кылды?

 

6. Хирургиялык аспаптар

Азыркы учурда колдонулуп жаткан хирургиялык аспаптардын баарынын алгачкы дизайны мусулман окумуштуусу аль-Захрави тарабынан жасалган. Ал жасаган 200 хирургиялык аспап учурда да медициналык операцияларда колдонулууда. Жаныбарлардын ичегилеринен жасалган жиптер менен тигилген тигиштер убакыт өткөндө өзүнөн өзү жок болуп кетээрин да Захрави ойлоп тапкан жана жаныбарлардын ичеги карынынан биринчи капсуланы жасаган.

Мусулмандар дүйнөгө эмне белек кылды?

 

7. Жел тегирмени

Жел тегирмени алгачкы жолу Иранда ачылып, Араб өлкөлөрүндө өнүктүрүлүп, колдонулган. Европада алгачкы жел тегирмендин колдонулуусу Иран ойлоп тапкандан 500 жылдан кийин башталган.

Мусулмандар дүйнөгө эмне белек кылды?

 

8. Эмдөө

Биринчи эмдөөнү да Женнер жана Пастер эмес, Ислам дүйнөсү тапкан. Осмон Империясында колдонулуп жаткан бул техникага англиялык элчинин аялы кызыгып калып, Европага 1724-жылы Түркиядан алып барган. Европалыктар чечекке каршы вакцина ойлоп тапкандан 50 жыл мурун эле Осмон Империясындагы балдар Чечек оорусуна каршы вакцина менен коргонуп жаткан болгон.

Мусулмандар дүйнөгө эмне белек кылды?

 

9.Калем сап

Калемсап 953-жылы колун сыя менен булгап алгандан тажаган Египет Султанынын каалоосу менен табылган. Алгоритм менен тригонометрия да Ислам дүйнөсүндө табылып, андан ары Европага жайылган.

Мусулмандар дүйнөгө эмне белек кылды?

 

10. Чек

Заманбап банка чегинин да алгачкы формасы Арабдар тарабынан “сак” деген аталышта кагаз түрүндө ойлоп табылган. Мурунку кездерде арабдарда кербендерди тоноо көбөйгөндө, адамдар алыс жерлердеги товарларын кичинекей жазылуу кагаздар менен сатуу жолун тандашкан. 9-кылымда Мусулман соодагер Кытайда жүрүп колундагы “сактарды” буздуруп, акчага айландыра алган.

Мусулмандар дүйнөгө эмне белек кылды?

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}