Мына кызык…

Аргентина улуттук университетинин студенттери Кордов Николас Арайя жана Николас Вуксановик суусу жок иштеген кир жуугуч машина ойлоп табышкан. Ал үчүн алар болгону жаратылыш диоксид углеродун же көмүр кычкыл газын колдонушкан. Азыркы суу тартыш болуп жаткан убакта алардын кир жуугуч машинасы кирди кургак кетирип, сапатын да жоготпойт экен. \»Нимбус\» деп аталган кургак кир жуугуч машина адаттагы кир жуугучтан электр энергиясын аз колдонгондугу менен дагы айырмаланат. Бул жаңы кир жуугуч азырынча патенттен өтүп, андан ары дагы жакшыртып жасалуусу күтүлүүдө.Кёльн университетинин окумуштуусу Кай Каспар, адам колун жууганда жашоого болгон оптимисттик көз карашы жогорулайт деген жыйынтыкка келген. Анын айтымында кадимкидей кол жуугандан кийин адамдын өзүнө болгон ишеними пайда болуп, кандай жаман кабар укпасын маанайы анчалык чөкпөйт. Изилдөөгө катышкан 98 адамды үчкө бөлүп, алгач эки тайпанын адамдары мурда кыла албай калган жумуштарын аткарыш керек эле. Акыркы бир тайпасы көзөмөлдөөчүлөр болушкан. Качан алдыдагы эки тайпадагы адамдар аткарылуучу иштерин аягына чыгара албай калышканда бир тобуна кол жууга уруксат берилген. Жыйынтыгында колун жууган тайпа жакшы нерселерди ойлоп, кыла албаган иштерине анчалык кайгырбагандыктарын айтышкан. Ал эми колун жуубаган топтун мүчөлөрү өздөрүн жакшы сезип турганы менен үмүттөрү үзүлүп, маанайы түшкөн. Көрсө колдуу жуу физикалык тазалыкты гана камсыздабастан, эмоциялык тазалыкты да камсыздай алат экен. Андыктан чечим кабыл алып, же чарчаган кезде ар бириңиздерге кол жуу сунушталат.

Мындан бир канча жыл мурун Сауд Аравиясындагы Хаиль шаарынын тургуну кулагына 20 жыл мурун катылган шпаргалканы алдырган. Тагыраагы мектеп окуучусу кезинде экзамен тапшыруу үчүн кулагына шпаргалканы катып койгон дагы кийин унутуп калган. Жыйырма жыл өткөн соң кулагы ооруй баштайт. Айласыздан дарыгерлердин жардамына кайрылат. Дарыгерлер «кулагына кир толуп калса керек» деген ойго келишкен. Бирок шпаргалканы алып чыгышканда, кайрылган жигит 20 жыл мурун каткан шпаргалкасын көргөндөн соң эстеген. Урматтуу студенттер шпаргалка катканда абайланыздар

Англиянын түштүгүндө 8 миң жыл мурунку казына табылган. Бул казынаны коендор бир жерден уюк казып жатып ичинен эски баалуу буюмдарды сыртка чыгарып коюшкан. Аны изилдеген археологтор бул байыркы таш доорунун баа жеткис буюмдары экендигин аныкташкан.
Коендор казынанын үстүнөн бир канча жеринен уюк казышып ар кандай эски буюмдарды сыртка ташып чыгарышкан. Археологтор тобунун жетекчиси Дин Паттон коендордун тукуму ушундай бир тарых жазгандыгын таң калуу менен билдирген. Табылган буюмдар арасында жаа огунун күмүш учтары, таш илгичтер жана башка аңчылыкка ылайыкташкан бир топ буюмдар табылган. Дин Паттон, бул жерге миң жыл мурун бир уруунун лидерлери көмүлгөндүгүн айткан. Бул коендор казган жер, туристик Лендс-Энд жергесине 180 метр жакын болгон. Азыр ал жерде өтө чоң масштабтагы казуулар башталды.

Түркиялык Эрзурум шаарынын тургуну Хорошан Кырмач 1 метр узундугундагы муруту менен чемпиондукту эч кимге бербей келет. Хорошан Кырмач 1996-жылдан бери мурутун атайлап багып өстүрүп келет. Түркиянын эң узун муруту наамын сактап келаткан Кырмач мурутун багып, кароо үчүн чет өлкөдөн келген жабдыктарды колдонот. Шаарга чыккан күндөрү элдин көңүлүн өзүнө буруп, бери дегенде эле 100дөн ашык адамдар менен сүрөткө түшүп келет. Ал эми өзү болсо эчендеген атактуу адамдар жана саясатчылар менен түшкөн сүрөттөрүн сактап койгон. Мурут чемпиону Түркиянын премьер-министри менен түшкөн сүрөттөрүн дүкөнүнө илип алган. Чемпион, мындай атак-даңктан тажабай тургандыгын айткан

Түштүк Африка Республикасынын айбанат бакчасынан качып чыккан жираф адашып ресторанга кирип барган. Ресторанда отургандар эшиктен жайма жай кирип келген ири жирафты көрүп түшүнбөй карап калышкан. Байкоочулардын айтымында жираф суусап кетип кириши мүмкүн. Кирип келген экзотикалык жаныбар өзүн ушунчалык жай алып жүргөн. Балким бийиктигинен ылдыйда отурган кишилерди байкабашы, таң калшытуу деле эмес.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}