Мырзаларга 12 насыят

Аялды бактылуу кылуу үчүн сүйүктүү экенин дайыма сездире билүү зарыл. Мырзанын колдоосу болбосо, айым соолуган гүлгө окшоп калат. Жолдошунун мээрими, махабаты, эркелетиши аял затына суу сыяктуу зарыл. Демек бул, гүлдүн ар дайым ачылып туруусу үчүн төмөнкүлөрдү эске ала жүрүңүз:1. Белек берип турууну унутпаңыз.

2. Жумуш убагында телефон чалып, ал-абалын сурап туруу ашыктык кылбайт.

3. Балдарды тарбиялоодо жардамыңызды эч качан аябаңыз.

4. Жубайыңыздын урматын бир туугандардын алдында ордуна коюңуз. Элдин алдында кагып-силкип, жалгыз калганда жакшы сүйлөө туура эмес. Тескерисинче, элдин көзүнчө көңүлүн алып, жалгыз калганда кемчиликтерин оңдоону талап кылыңыз.

5. Үй тиричиликке керектүү буюмдар менен о.э жубайыңыздын материалдык муктаждыктарын мүмкүнчүлүгүңүздүн жетишинче камсыздаңыз.

6. Жылына эки жолу жубайыңызды дем алууга алып чыгыңыз. Мында балдарды туугандарга тыштап эс алуу сунушталат.

7. Жаңы кийим алса же кандайдыр бир өзгөрүү жасаганда өз пикириңизди айтууну унутпаңыз.

10. Балдарыңыздын алдында жубайыңыздын кадырлуу экенин көрсөтүп туруңуз. Алар да урматтап сыйласын.

11. Эч качан кыянаттык кылбаңыз. Бир минуттук нерсе, бир өмүрлүк үй-бүлөнүн бузулушуна себепкер болбосун.

12. Ар дайым жубайыңызды жакшы көрөрүңүздү билдирип туруңуз. Айрым учурда “сени сүйөм”, “жашоодогу тирегимсиң” сыяктуу сөздөрдү ачык айтып туруу керек.

 

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}