Мышыктар тууралуу кызыктуу фактылар

Мышыктар Мухаммед пайгамбардын (САВ) сүйүктүү жаныбары катары белгилүү жана өтө эрке, уйкучу үй жаныбары. Ал бардык диндерде ыйык жаныбар катары берилет. Эң башкысы, мышык адамдардын сүйүктүү жаныбары эле болбостон, адам организминин ооруган жерин бат эле аныктап, аны дарылап, айыктырып коёру да далилденген.

  • АКШнын Техас штатында жашаган Скутер аттуу сиам мышыгы дүйнөдө эң кары мышык деп табылды-ал азыр 30 жашта.
  • Буга чейин эң узак жашаган Пафф деген мышык 2005-жылы 38 жашында өлгөн. Ал эми Скутер 26 жашка чыгып Гиннестин рекорддор китебине киргизилген Вельвет аттуу мышыкты артка калтырды. Вельвет учурда Орегон штатында жашайт.
  • Азыр дүйнөдө мышыктын 600 миллионго жакын 200 түрү бар. Мышыктын үй жаныбарына айланганына 9500 жылдан ашты деп айтылат.
  • Фелинологиялык уюмдардын аныктамасы боюнча мышыктардын 70тен ашык түрү асыл тукумдуу. Перси, британ, канадалык сфинкс, петерболд, тай, ангор, девон рекс, мэнкс, япон бобтейли, америкалык керл жана башка аталыштары бар.
  • Үй мышыктары жөнүндө маалыматтар биздин доорго чейинки экинчи кылымда эскерилет. Байыркы Египетте мышыктарды эгин кампаларын кайтартуу үчүн пайдаланышкан. Мышыкты өлтүргөн адам өлүм жазасына тартылган.
  • В.И.Даль 1853-жылы жарыялаган “Орус элинин макалдары” деп аталган эки томдугунда мышыктар тууралуу 75ке жакын макал-лакап бар экендиги белгилүү.
  • Ал эми Ислам динине тиешелүү хадистерде мышык Мухаммед пайгамбарды жыландын чагуусунан сактап калгандыгы айтылат, ошондуктан мусулмандар мышыкка сүт берүүнү сый-урмат катары эсептейт. Айбанаттар арасында мышыкка гана мечитке кирүүгө уруксат берилген.
  • Орусиянын Обнинск шаарында көчөдө жашаган жолбун Маша аттуу мышык саксайган жүнү менен батир үйлөрдүн подьездине таштап кеткен үч айлык наристени катуу сууктан аман алып калган.
    Ымыркайды белгисиз бирөөлөр кагаз кутуга салып, сыртка таштап кеткен. 10 градустан төмөнкү аязда бала суукта бир нече саат жатса тоӊуп калмак. Бирок жолбун мышык баланы жылытып, кагаз кутунун ичинен катуу мыйоолоп жергиликтүү тургундардын көӊүлүн өзүнө буруп, баланын тирүү калышына шарт түзгөн чоӊ каарманга айланды дейт аталган гезит.
    Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
  • Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}