Накыл кептер

-Акылдуу напсинин каалоосунан дайым кыйналат, бирок адамдар мындан курсанттык табат. Акмак болсо, напсинин каалоосунан курсант болот, бирок адамдар мындан капа болот.-Төрт нерсе сени алдап койбосун:
Падышанын ызаат-сыйы
Душманыңдын күлкүсү
Аялдардын чырайы
Адамдын даражасы.

-Үч түрдүү кишинин кыйналганы сыйлаганга татыктуу:
Сыркоологон адамдын
Орозо туткан адамдын
Мусаапырдын.

-Төрт нерсе жүрөктү карартат:
Көп күлүү
Көп тамактануу
Көп уктоо
Көп сүйлөө.

-Үч тайпа кишинин эркин пикири болбойт:
Карды ачтын,
Текебердин
Коркоктун.

— Дүйнө мисалы деңиз суусу сыяктуу. Чаңкаган адам канчалык ичкен сайын чаңкоосу күчөйт. Натыйжада, ушул шор себептүү ажалын табат.

-Адамдардын эң жакшысы пикир келишпестигин өз-ара чечишип алганы.

-Жашырылган сырлар инсан ичиндеги кымбат баалуу акак таштай.

-Эч нерсени өзүндө сактай албаган идиштин пайдасы тийбегендей эле, сыр сактай албаган адамдан да жакшылык күтүп болбойт.

-Шайтанга баарынын көзүнчө душман болуп, жалгыз калганыңда дос болуудан сактан.

-Шайтан айтат экен: “Адамзатка таң калам, “Жаратканды жакшы көрөм” дейт го, бирок Ага каршы иш кылат. “Шайтанды жаман көрөм” дейт го, бирок менин азгырыгымды алданышат”.

-Бир адам аялы менен ажырашмакчы болот. Ошондо андан: “Сага жубайыңдын эмнеси жакпады?”-деп сурашат. Ал: “Акылдуу адам аялынын айыбын ашкере кылып ар-кимге айтпайт” деп жооп берет. Ажырашкандан кийин андан: “Эмне үчүн аялың менен ажыраштың?”-деп сурашат. Баягы адам: “Эмне үчүн мен, өзүмө таандык болбогон аял тууралуу айтып беришим керек?!”-деп айткан экен.

-Бир киши даанышмандын алдына келип, андан сурады: “Мен жакында эле үйлөнгөн элем. Карасам, аялымдын буту чолок экен. Эми андан ажырашууга уруксат барбы? Ошондо даанышман: “Эгер жубайың менен бирге жүгүрүп ойноо максатында үйлөнгөн болсоң, ойлонбостон ажырашсаң болот”-деп жооп берген экен”.

Топтогон: Талгат Мураталиев

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}