Өнүгүүгө бөгөт болгон өксүктөр

Азыркы күндө коом өзгөрүп, ошого жараша талаптар да өзгөрүүдө. Жада калса, ааламдашуу процесси негизги багытыбызды өзгөртүп, биз үчүн белгисиз, бүдөмүк агым менен кошо алып бара жаткансыйт. Бул жагдай ааламдашууга каршы чыгуу катары да каралышы мүмкүн. Арийне, маселе ааламдашууга каршы чыгуу катары эмес, тескерисинче, ааламдашууга өзүбүздү даярдоо катары карала турган болсо, баарына түшүнүктүү болот. Биз бүгүнкү күндө өзүбүздүн улуттук баалуулуктарыбызды ааламдашуу процессинин ичинде толук кандуу сактап, өнүктүрө алдыкпы? Элибиз өзүнүн руханий байлыгына же жеке адамдык асыл сапаттарына ээ чыга алдыбы? Бул маселе атуул катары баарыбызды түйшөлтүшү керек. Ошондуктан, биз ишти өзүбүздөн баштап, чөйрөбүздөгү адамдардын өзүн-өзү калыптандыруусуна жана сактап калуусуна эмнелер тоскоол болуп жатканын билишибиз керек. Улуу ойчулдар адамзаттын жолун торогон өксүктөрдү, коомду ичтен ириткен илдеттерди иликтешип, төмөнкүдөй жыйынтыкка келишкен:1. Адамдар өздөрүнүн нарк-насилдери, санжырасы менен сыймыктанышат. Бирок ата-бабаларынын үлгүлүү жакшы жашоосу, алар бапестеп калтырган асыл мурастар жана жакшы касиеттер менен сыймактанганына карабастан, аларды өз жашоосуна үлгү кылып ала албаган урпактардын тайкы тагдыры тарых барактарынанкөп эле кездешет. Адамдар эмне үчүн мактанышат, өздөрүн башкалардан артык көрсөтүүгө аракеттенишет? Анткени, ар бир адам өзүн башкалардан төмөн сезгиси келбейт. Башкача айтканда, мактанчаактык кемсинүү сезиминен улам пайда болот. Эгер бир улут өз баалуулуктарын жоготуп, тилемчилик абалга түшүп калганына карабастан, аталарынын өтмүшү менен канчалык мактанып, канчалык арданса дагы, аларга эч ким маани бербейт. Мындай улут өзүн-өзү алдаган таалайсыз улут катары кала берет. Чындыгында, аталар сыймыгыбыз, туу тутуп мактанар тарыхыбыз. Бирок алардай болууга эч кандай аракет жасабаганыбыз — өтө чоң жаңылыштык. Байыркы бабаларды, эр-азаматтарды жөн эле оозеки эскерип, сыймыктануу менен гана чектелүү качандыр бир өз башатын жоготууга, кемсинүү сезимине кабылууга сөзсүз алып барары шексиз.

2. Улууларды сындоо — сабатсыздыктын, караңгылыктын белгиси. Эл арасынан чыккан улуулардын жасаган жакшы иштерин, адамдык өзгөчөлүктөрүн четке кагуу — аларды толук кандуу тааныбагандыктын ачык-айкын көрсөткүчү жана мындай адамдардын бой көтөрүү илдетине кабылгандыгынын белгиси. Адамдар арасындагы бой көтөрүү, өзүн-өзү мактоо илдети — адамды кыйроого алып барган негизги факторлордон. Мындай илдетке чалдыккан адам улуулардын мурасынан куру-жалак калат жана алардын жакшы касиеттерин эч качан пайдалана албайт. Анын чоң ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү жокко эсе. Ошондуктан, адам өз чегин билип, аталарына тил тийгизүүдөн оолак болгону оң.

3. Дагы бир кенемтебиз — белгиленген максатка жетүү үчүн өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү туура эмес колдонобуз. Мисалы, ички дүйнөбүзгө жайгаштырылган сезимдерибиз бар. Аларды туура же туура эмес колдонуунун негизинде кайсы бир ишти жасаганга шыгыбыз артат же тескерисинче болот. Адамдын табиятына жайгаштырылган бул сезимдер негизинен белгилүү максатты көздөйт. Бир ишке көнүп, анын пайдасын көргөн соң, аны жеке кызыкчылыгыбыз үчүн колдоно баштайбыз же иш жасап коюп, аны менен мактана баштайбыз. Мындай көрүнүш убакыт өткөн сайын максаттан алыстатып, өзүбүздүн негизги идеябызды унуттура баштайт. Ошондуктан, максатыбыздан алыстабоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү, муктаждыктарды өз ордунда жана өз убагында колдонуу керек.

4. Адатта, адам өз ою менен чектелет. Өзүнө ишенип, өзү чечим чыгарган кишилердин көбү ийгиликке жетпей калганын угупкөрүп жүрөбүз. Акылдуу адам ар бир мүмкүнчүлүктө башкалардын илиминен, кеп-кеңешинен пайдаланууну көздөйт. Чыныгы адамдык өзгөчөлүк — улуу, иш билги адамдар менен сөзсүз кеңешип иш жасоо. Кеңешкенибиз үчүн кемсинбешибиз керек. Себеби, кээ бир маселелерди билбегенибиз үчүн эмес, жакшыраак чечимге келүү үчүн кеңешебиз. Кеңешүү ар дайым биз билбеген жолдорду көрсөтөт. Ошондуктан, бир ишти баштаардан мурда кеңешүү шарт.

5. Көпчүлүк учурда өзгөчө маанилүү иштерди катардагы иштердей эле көрүп, кол учу менен жасап коёбуз. Негизинен ар бир ишти кунт коюп жасоо керек. Эгер бир ишти маяна алуу үчүн же эптеп колдон өткөрүү үчүн жасаган болсок, анда ал ишти сыйлабагандык болуп калат. Эгер жасап жаткан иш биздин кесибибиз болсо, анда ал мындан да оор жоопкерчиликти талап кылат. Жасалган ар бир ишти өсүп келаткан жаңы муунга белек, мурас кылып сунуштарыбызды да унутпашыбыз абзел. Эгер бабаларыбыз бизге жарым-жартылай, эптеп-септеп мурас калтырып кеткен болсо, бизге ал жагат беле?.. Анда, биз да ар бир ишти келечекке калган улуу мурас, баа жеткис белек катары калтыруу максатында жасайлы.

Турмуш сабактары

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}