Нике кайып

Кайсы бир заманда бойго жеткен бир Мырза жигит өз айлынан кыз жактырбай, өмүрлүк жар издеп, күн чыгышты көздөй жол алат экен. Өзү болсо жашы он жетиге жаңы толгон, ой–максатты дилине жаңы койгон, жигит болсо ушундай эле болсо деп айтарлык Мырза жигит болуп өсүптүр. Ал издеген кызы- өзүнө курлуу, жүзү айдай нурлуу, маанайы күндөй жылуу, илеби гүлдөй жыпар, элде жок кыз тура. Угушуна караганда: күн чыгыш элдин кыздары башкалардан бөтөнчө, айрыкча сулуу, акылдуу жана жаратканы да мээримин төккөн жан болот тура. Ошентип, өзүнө курлуу кыз издеп, жаш Мырза жигиттин ата-энеси уулуна ак батасын берип узак сапарга узатып калышыптыр.Мырза жигит ар бир жолуккан айылынан өзү курлуу, жүзү айдай нурлуу, маанайы күндөй жылуу жана да илеби гүлдөй жыпар деп эл мактаган кыздардын баарын көрүп, бирок жактырбай, баары бир өзүнүн кыялындагы өмүрлүк жарын таппай, кайрадан жолун улантып кете берет. Негедир оюнда анын издеп чыккан чырайлуу кыз бул жарыкта жок сыяктуу туюлат. Канча айылды өтүп, канча жол басканы белгисиз, минген аты кыргыйдай, өзү шыргыйдай болуп, арып-чарчайт. Акыры, аты жүрбөй калганда, сен да өз көрөр күнүңдү көр, мен да өз күнүмдү көрөрмүн деп, аны бир көк жайсаң төргө калтырат да, андан ары жөө кетет. Көп бастыбы, аз бастыбы бир айылга туш болот Мырза жигит. Айыл четине келсе аксакал карыя жолдон кездешип: бир нерсени эстей албай жаткансып көңүл коё саамга карайт да:

–А, балам, алыстан зарыгып жол тартып келаткан түрүң бар. Кайрылып үйдөн наар ооз тий, – дейт.

Мырза жигит ыманы ысык Аксакал карыянын минтип айтып турганына көңүлү ыраазы болот да, макул көрүп, ал кол жаң саган жалгыз боз үйдү көздөй ээрчип басат. Үйгө киргенде, жүзү жадыраган, маанайынан нур төгүлгөн ак келин тосуп алат.

Чарчап-чаалыгып, суусап-чөлдөгөн Мырза жигит ак келин сунган бал кымыздан бир кезе жутат да, денеси балкып эрип, отурган жерине кыңкайып, кантип уктап кеткенин билбейт. Көп уктадыбы, аз уктадыбы, эчак күн батып, кызыл күүгүм айлананы тегиз каптап калган экен. Ойгонуп эле, Мырза жигит кетмекчи болот.

–Кайдан, кайсы элден болосуң? Каякты көздөй баратасың, балам? Сүйлөй отур,–дейт баягы Аксакал карыя, баланы \»ашыкпа, шашпа\» дегендей.

Ошондо кетмекчи болуп турган Мырза жигит негедир, сүйлөйүн деп оозун ачса, ичинен сыры төгүлүп, өз чөлкөмүнөн өмүрлүк жар болор кыз таппай, өзү курлуу, өңү айдай нурлуу, маанайы күндөй ысык, илеби гүлдөй жыпар кыз издеп жер кезип келатканын, андай кызды таппаса, кайра артка кайтуу оюнда жок экендигин кантип айтып бергенин билбей калат.

Ушуну гана күтүп турган аксакал карыя Мырза жигитке мындай дейт экен ошондо:

–А-а, балам. Сен анда издегениңе жолуктуң. Эмесе, ушул жерден артка кайт. Эсептеп эсебиңден жаңылбай, туптуура он жети жыл-дегенде ушул жолуң менен ушул үйгө кел.

–Эмнеге келем? – дейт анда таңданган Мырза жигит.

–Анткени сен издеген өңү айдай сулуу, маанайы күндөй жылуу, илеби гүлдөй жыпар, өмүрлүк жар болор кыз мына ушул үйдө, тиги бешикте жаткан али дүйнөдө өзүнүн бар экенин биле элек, энесинин эмчегинен башка иши жок, аруунун аруусу, кыркы чыкканына бир айча боло элек, жашы бирге тололек мына бу наристе, — дейт карыя, бешикте беймарал алиги Аккелин эмизип жаткан ууздай аппак, маңдайында айдын нуру жанып турган наристе кыз баланы көрсөтөт.

Бул сөздү уккан Мырза жигит заматта ындыны өчүп, не дээрин билбей, бешикте жаткан наристе кыз бала эмес, кыялындагы бураң бел, сулуу селкини элестетип оор улутунуп алат да, бу алжыган чал мени эмне мазактап жатат деп ойлонот.

Анда, анын оюндагысын билип тургандай, карыя:

–Сенин никең ушул наристе кызга буюрган. Жараткандын нике кайыбы дегени ушул. Сен бүгүн ушул жерде түнө да, башканы издебей, жолуңду ушунчаңда кыскарт, — дейт кошумчалап.

Мырза жигит аксакал карыяга эч нерсе дей албай ийменип, унчукпай, баш ийкейт да, ал түнү ошол үйдө түнөп калат. Ансыз да эчак түн кирип калган болот.

Бирок түнү менен уктабай чыккан Мырза жигит: ”Ушул бешикте жаткан кыз мага жар болуп бергиче качан?. Мен азыр он жети жашка чыгып бойго жетип турсам, эми он жети жылдан соң гана чоңоюп, мага өмүрлүк жар болууга жараганча, ким бар да, ким жок…Ушуну чоңоёт деп күтүп жүрүп картаймак белем. Мындан эмитен кутулайын,– деп ойлонот экен -да, тигилер катуу уктап жатканда, куруна байланган курч шамшар бычагын билгизбей алып, бейкүнөө наристе кызды куурсагына бир урат. Анан билинбей туруп, эшикке чыгып, жол тартып кете берет экен.

Дагы да канча жол басты-белгисиз, баягы наристе кызды бычактап кете бергени да эчак унутулуп, тоголок жер бетин бир айланып өткөнү да билинбей, арадан жылдар өтүп, Мырза жигит эчак кер мурут жигит болуп, отуз беш жашка чыгып, дагы эле өзү издеп чыккан жүзү айдай сулуу, маанайы күндөй жылуу, илеби гүлдөй жыпар селки кыз алдынан тосуп чыга тургансып, сапарын улап келе берет.

Бир күнү бир жерден чарчап-чаңкап келатып, алдынан жолуккан булактан суу ичейин деп аялдай калса, ийнине апкечке илип эки чака көтөргөн бураң бел сулуу селки булакка келаткан болот. Ал жер менен баспай эле, жел менен учуп келаткансыйт… Жел менен эмес, жер менен басып, ак көгүчкөндөй эркин, жеңил кыймылдап, ийиндеги апкечке илинген эки көнөчөк сымбатына жарашып келатат. Караса, ал көзүнө башкалардан бөтөнчө көрүнөт; баягы өзү издеген, өмүрлүк жар болор, жүзү айдай нурлуу, маанайы күндөй жылуу, искесе илеби гүлдөй жыпар кыз ушул сыяктанат. Мырза жигитке сурмалуу кара көзүнөн нур, жан дүйнөсүнүн мээрими төгүлгөн эзелки таанышкандай карайт.

Кыздын атын сурап, затын билет Мырза жигит. Өзү да өмүр бою өзүнө жар болор селки издеп зар болгонун, басканы-жай-күзү таш менен кум, кышы менен жазы мөңгү менен кар болгонун, издегенин таппай, заманасы тар, көңүлү зар болгонун, акыры өзүнө жолукканын, көрүп эле ашык болгонун айтат Мырза жигит.

Кыз дагы өзүнө дал ушундай терең бойлуу, кенен ойлуу, \»Мырза жигит болсо ушундай эле болсо\» деп айтарлык, адамкерчилиги турпатынан байкарлык, бул ким- десе «менин өмүрлүк жарым» деп мактанарлык ушул сындуу бир жигитти жаратканы бир күнү жолуктураарын күтүп жүргөнүн, өзү ушул бүгүн он жетиге жаңы толуп, ой тилеги дилине жаңы конуп турганын жигиттин алдына сыр кылып төгөт.

Ошентип экөөнүн ою бир жерден табылып, булак жээгинен кол кармашып чыгып кыздын үйүнө барат да, бир апта күйөөлөп, андан соң өз айылына ата-энесине алып кетет экен.

Экөө бир канча жыл ынтымактуу, ширелүү өмүр кечирип, айдай-күндөй ак уул, кызыл кыз көрүп, бактылуу, ынтымактуу жашап жүрөт. Бир күнү жигит колуктусунун курсагындагы бычак менен тилген тиликтин тагын көрүп калат экен. \»Бул эмненин тагы? деп сураса, колуктусу эч нерседен бейкапар, тээ бешикте жаткан наристе чагында бир жолоочу адам биздин үйгө түнөп, эмнегедир түн ичинде мени бычак менен бир уруп, белгисиз жакка билинбей кеткен экен. Бул тилик-ошонун тагы–деп апам айтар эле,\»– дейт.

Ошондо гана мындан канча жыл илгери, өзү жаңы он жетиге толуп, өмүрлүк жарын издеп келатканда жолуккан аксакал карыя, анын үйүндөгү «Сенин өмүрлүк жарың – мына бул бешикте жаткан кыз; сенин ак никеңди ушуга буюрган» дегенде, «ушуну он жетиге чыкканча күтүп, картайганча, өлтүрүп кете бергеним артык» деп жасаган адамкерчиликсиз жоругун эстейт.

Аны бүгүн колуктусуна айтууга оозу барбайт, жүзүнөн жүзүн ала качат.
\»Демек нике кайып деген ушул тура. Менин никем ушул кызга буюрганын алдыртан билген ал карыя касиеттүү адам тура. Анын айткан кебин убагында мен элес алган эмес турбаймынбы. Буюрган нике баары бир канча мезгил өтсө да, эркек менен аялзатын акыры бир кезде табыштырат тура…\»-деп ойлоп, ошол табыштырган никесине ыраазы боло, биздин Мырза жигит, колуктусунун, чын эле өзү издеген: жүзү айдай сулуу, маанайы күндөй жылуу, искесе илеби гүлдөй жыпар селки экенине дагы бир ирет ишенип, тагдырына ыраазы, бактылуу жашап өмүр өткөрүптүр.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}