Окуусун таштаган миллиардерлер

Жер шаарындагы эң жаш миллиардерлеринин бири Марк Цукерберг 14-майда 33 жашка чыкты. Жогорку билими жок болсо дагы, ийгиликке жетип, миллиарддаган капиталдын ээси болгон бизнесмендерди карап көрөлү.Марк Цукерберг
Марк кичинесинен программалоого кызыгып, ийгиликтерди жарата баштаган. Жогорку класстарда окуп жүргөндө эле ага AOL жана Microsoft сыяктуу компьютердик гиганттар өз компаниясынан жумуш орундарын сунушташкан. Бирок Цукерберг жогорку билимдүү болгусу келип, Гарварддагы психология факультетине тапшырган. Кийин 2 жылдан соң Facebook социалдык тармагын ойлоп таап, окуусун таштаган. Бул анын карьерасына эч кандай кедергисин тийгизген эмес, себеби 2010-жылы Times журналы ага «Жылдын адамы» наамын ыйгарган.

Стив Джобс
Дагы бир жогорку билими жок, компьютер дүйнөсүнүн генийи — Стив Джобс. Apple’дин негиздөөчүсү Америкадагы эң кымбат жана беделдүү окуу жайлардын бири Портленддеги Рид-колледжге тапшырган. Бирок сабакка келгендин ордуна чыгыш руханий дүйнөсүн изилдеп, өзүнүн комьютердик компаниясы жөнүндө кыялданууну жакшы көрчү. 4 жылдан соң Стив өз кыялдарын ишке ашырат.

Окуусун таштаган миллиардерлер

Роман Абрамович
Роман Абрамович- ийгиликтүү орусиялык ишкерлердин бири. Ухтин өнөр -жай институтунун токой техникалык факультеттин студенти эле. Бирок акча таап, иштегиси келген жаш студент, окууну таштап, толугу менен бизнеске кирип кеткен. Азыр белгилүү болгондой, бул анын жашоосундагы туура чечимдердин бири болгон экен.

Окуусун таштаган миллиардерлер

Билл Гейтс
Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү көп жылдар бою планетанын эң бай адамдарынын катарында болду. Ошону менен катар 1975-жылы ал кездеги жөнөкөй студентти Гарварддагы юридикалык факультетттен окуугадагы жетишпегендиктери үчүн четтетип салышкан. Бул окуя келечектеги милларддаган байлыктын ээси Биллге тескеринче жол ачып, ал өзүн программалоого толук түрдө арнай алган.

Окуусун таштаган миллиардерлер

Генри Форд
Генри Форд өзүнүн биринчи ишканасын 36 жашында негиздеген. Ал бул убакытка чейин билим алып, ишмердүүлүктүн сырын үйрөнгөн деп ойлосоңуз, анда жаңылышасыз. Ал айылдагы жөнөкөй мектепти аяктап, 16 жашынан тарта жөнөкөй заводдо механик болуп иштеп, жогорку билим алууну ойлонгон дагы эмес.

Окуусун таштаган миллиардерлер

Ингвар Кампрад
Ингвар Кампрад тууралуу эч нерсе билбесеңиз дагы, анын компаниясы IKEA тууралуу уксаңыз керек. Ишкер өз карьерасын мектепте окуп жүргөндө эле баштаган, ал өз классташтарына калем, дептерлерди сатып акча тапчу. Чоңойуп калганда арзан эмерек менен соода кылып, андан соң келечектеги мультимиллиардер өз өндүрүшүн ишке киргизген.

Окуусун таштаган миллиардерлер

Албетте, окууну таштап салуу менен сөзсүз миллиардер болуу мүмкүн эмес. Тескерисинче окуунун аркасы менен миллиондорду багынтуу мүмкүн. А бул адамдарды жөн гана табиятынан талантуулар десек туура болчудан.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}