Ош шаарына көрк берген көчө сүрөттөрү

Ош шаарында көп кабаттуу үйлөр жана социалдык жайлардын дубалдары бир гана жарнамалар менен эмес, кадимки колго тартылган сүрөттөр менен да кооздолгон. Граффитилерде салттуу жазуулар менен кошо Экинчи Дүйнөлүк согуштун баатырлары, милиция кызматкерлери жана мультфильмдердин каармандары чагылдырылган.

Ош шаарына көрк берген көчө сүрөттөрү

Ош шаарында мурдараак көркөмдөлгөн жазуулардын гана граффитилери болсо, акыркы бир-эки жылда ар кандай каармандардын образы тартылган граффитилер да пайда болду.

Ош шаарына көрк берген көчө сүрөттөрү

Калаадагы көп кабаттуу үйлөргө милициянын ишин чагылдырган граффитилер “Менин милициям мени коргойт” долбоорунун алкагында тартылды.

Ош шаарына көрк берген көчө сүрөттөрү

Экинчи Дүйнөлүк согушта курман болгондорго арналган граффити Youth of Osh коомдук бирикмесинин PEACE долбоорунун алкагында дубалга түшкөн. Ал ушул жылдын башында 9-май Жеңиш майрамына карата тартылган.

Ош шаарына көрк берген көчө сүрөттөрү

“Менин милициям мени коргойт” долбоору Saferworld (Улуу Британия) эл аралык уюмунун каржылоосу менен “Түштүктөгү жаш юристтер” уюму тарабынан ишке ашкан. Аларга АКШ элчилиги тарабынан да көмөк көрсөтүлгөн.

Ош шаарына көрк берген көчө сүрөттөрү

Ош шаарындагы акындар, ырчылар жана сүрөтчүлөр чыгармаларын көп мезгилде ынтымак темасына арноону адат кылып алышкан. Граффитчилер да чыгармаларында кыргыз-өзбек элдеринин достугун чагылдырууну кыйгап өткөн жок.

Ош шаарына көрк берген көчө сүрөттөрү

Ал эми бала бакчаларга тартылган граффитилер “Креативдүү бала бакчалар” долбоорунун алкагында дубал бетине түшкөн.

Ош шаарына көрк берген көчө сүрөттөрү

“Креативдүү бала бакчалар” долбоору “Рейнбоу” коомдук фонду тарабынан “Сорос” Фондунун колдоосу менен ишке ашкан.

Ош шаарына көрк берген көчө сүрөттөрү

Шаардагы «Айданек», «Жибек», «Топ жылдыз», «Мээрим» жана «Асан-Үсөн» бала бакчаларында мультфильмдердин каармандары тартылган.

Ош шаарына көрк берген көчө сүрөттөрү

Бакчаларда негизинен заманбап мультфильмдердин каармандары, тагыраагы смешариктер, пингвин, миньон, панда, карышкыр жана коёндун сүрөттөрү чагылдырылган.

Ош шаарына көрк берген көчө сүрөттөрү

Бала бакчалардын баары эле дубалдарын ар кандай нерселер менен кооздоого чама-чаркы жетпейт. Ошол себептүү аларга кызыктуу, балдарга жаккан каармандардын сүрөтү атайын долбоорлордун алкагында тартылышы чоң жардам болду.

Ош шаарына көрк берген көчө сүрөттөрү

Укук коргоо тармагына арналган граффитилер калктын милицияга болгон ишеничин көтөрүү максатын көздөйт.

Ош шаарына көрк берген көчө сүрөттөрү

“Көчө галереясы” долбоорунун алкагында буга чейин Ошто граффитилердин фестивалы да өткөн эле. Анда негизинен Токтогул атындагы эс алуу багында көп граффитилер тартылган.

Ош шаарына көрк берген көчө сүрөттөрү

Бала бакчалардагы мультфильм каармандарынын сүрөттөрү биринчиден социалдык жайлардын көркүнө көрк кошуп аткан болсо, экинчиден балдардын исскуствого болгон кызыгуусун арттырып турат.

Ош шаарына көрк берген көчө сүрөттөрү

Түштүк борбор калаада жыл сайын жок дегенде төрт-бештен көрктүү граффити пайда болуп турса, бир нече жылдан кийин аларды саноого мүмкүн болбой калаарын калемгерлер айтышууда.

Ош шаарына көрк берген көчө сүрөттөрү

Айрымдар Ак-Бууранын жээктериндеги цемент керегелерди, шаардагы көпүрөлөрдүн капталдарын, көп кабаттуу үйлөрдүн боорлорун дагы жүздөгөн сүрөттөр менен кооздосо болоорун, ага шаар бюджетинен анча деле көп каражат кетпей турганын белгилешет.

Ош шаарына көрк берген көчө сүрөттөрү

Токтогул паркында граффити тартуу үчүн атайын эки-үч дубалча бар. Алардагы сүрөттөр эскирээри менен сүрөтчүлөр аны кайрадан жаңылап, кооздоп турат.

Ош шаарына көрк берген көчө сүрөттөрү

Кээ бир граффитилер башаламан сөздөрдүн жыйындысына гана окшоп көрүнөт. Бирок анда авторлордун кайсы бир маселеге байланыштуу ойлору, пикирлери жана көз караштары чагылдырылган.

Ош шаарына көрк берген көчө сүрөттөрү
Ош шаарына көрк берген көчө сүрөттөрү

Оштогу көп кабаттуу үйлөрдөгү, бакчалардагы жана башка жайлардагы граффитилердин дээрлик 90%ы фотограф, сүрөтчү, граффитчи Илья Тарасов тарабынан тартылган. Ага Чыңгыз Бакаев, Чыңгыз Ашимов сыяктуу достору, кесиптештери жана башка шакирттери көмөк көрсөткөн.

Ош шаарына көрк берген көчө сүрөттөрү

Youth of Osh коомдук бирикмесинин PEACE долбоорунун алкагында Ак-Буура дарыясынын жанына, Рыспай Абдыкадыров атындагы көпүрөнүн алдына да тынчтыкка үндөгөн жаңы граффити тартылды. Бул сүрөттүн сыясы али кургай элек.

Азаттык
Сүрөттөр:Эрнист Нурматов

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}