Ойлонууда кылдат болгула, ал силердин аракетиңердин башаты

Адам ойлонмоюн тура албайт. Ал канчалык жан дүйнөсү тынч алып, көңүлү жайында турса да сөзсүз бир нерсени ойлонуп жаткан болот. Ой – бул адамдын жан дүйнөсүнүн канаты. Оюңузда канчалык көп негатив болсо, ошончолук жан дүйнөңүз жабыркап, жашоо сизге маңызын жогото баштайт. Андыктан ойду оңдоо – бул адамдын жашоосундагы эң маанилүү кадам экенин эстен чыгарбаңыз.

«НЕГАТИВ ДЕПРЕССИЯГА АЛЫП КЕЛЕТ»

Байыркы кытай элинин философу Лао Цзы: «Ойлонууда кылдат болгула, ал силердин аракетиңердин башаты»,- деген. Адамдардын дээрлик бардыгы ийгиликке жетишүүнү башкы максат катары коюшат. Кантип жетүү керек? Психологдор «сиз каалагандай комфортто жашоого ойдун күчү чоң таасир берет» дешет. Адамды өстүрүүнүн эң башкы куралдарынын бири – бул позитивдүү ой жүгүртүү. Маанайды түшүрүп, артка тарткан ойлор адамды депрессияга алып келет. Мындан улам адамдар бардык нерсеге нааразы, орой, маанайсыз болуп жүрүшөт. Ал аз келгенсип, мындай маанайы менен айланасындагы адамдарды да «уулап» жиберет. Эң коркунучтуусу, мындай терс ойлор адамдын ичинде бышып эле жүрө бербестен, анын кылган иш-аракетине да таасирин берип, жагымсыз окуяларга туш кылышы толук мүмкүн.

«ТОКТО! ТЕРС ОЙЛОРДОН АРЫЛ!»

– «Терс ойлорду токтотууга мүмкүнбү?» деп сурашат көп адамдар. Чындыгында мүмкүн! Бул үчүн атайын психологиялык техникалар бар. Айрым ыкмалар терс ойлорду кууп, анын ордун позитивдүү ойлор менен толуктаганга жардам берет. Мисалы, сиз каалабаган ойго чекит коюу үчүн өзүңүздү «токто!» деп токтотууну үйрөнүңүз. Кайсы жерде, кайсы маалда болбосун оюңузга жаман нерселер келе баштаганда эле үнүңүздү чыгара «токто!» деп айта бериңиз. Бара-бара бул сөздү ичиңизден айтып токтотууга мүмкүндүк жарала баштайт. Ойду туура жакка буруу процесси адамдын көп убакытын алышы мүмкүн. Ал үчүн адам өзүнүн үстүнөн көп иштеши керек.

«ЖАШООГО БИР ГАНА ЖОЛУ ЖАРАЛАБЫЗ»

Бардык ойлор ишке ашат» деген түшүнүк бар эмеспи. Мисалы, «жагымсыз ойлор адамды ооруга алып келет» деп дарыгерлер да тастыктап келишкен. Адам өз оюн жакшы жакка буруу менен ден соолугун чыңдоого салымын кошо алат.
Иш жаатындагы ийгилик, адамдын өсүүсү, жеке өзү менен болгон гармония, курчап турган чөйрөгө жана адамдарга жагымдуу туюлуу – мунун баары туура ойлонуп, ошого жараша аракет жасоодон башталат. Позитивдүү адамдардын дээрлик бардыгы «жакшы ойлорумдун эң башында «жашоого бир гана жолу жаралдым» деген ой турат» дешет. Мисалы, сиз негативдүү ойлорду ойлонсоңуз, кайдан-жайдан ошол ойлор ишке ашып кетет: «азыр ушул жерден тайгаланып жыгылып кетпейин» деп айтып оозду жыйганча кантип жерде жатып калганыңызды билбей каласыз. Же «ушул баштаган ишимдин акыры ийгиликсиз болуп калат окшойт» десеңиз, чын эле ал ишиңиздин жыйынтыгы сизди канааттандырбай калат. Бул сиздин башында эле туура эмес ойлонуп, ээрге туура эмес отуруп алганыңызда. Ал эми тескерисинче, туура жашоо же ийгиликке жетүү үчүн башты туура ойлорго толтурсаңыз, ийгилик ар дайым сиз тарапта болмокчу.

«МЕН МУНУ ЖАСАЙ АЛАМ!»

Ойду тазартуу менен катар туура максат коюу да эриш-аркак жүрөт. Эртең менен турганда эле «мен бул ишти жасашым керек, албетте, ал ийгиликтүү болот» деп босогону аттаган адам жаңылбайт. «Мен муну жасай алам», «бул иш менин колуман келет», «мен бул нерсеге татыктуумун», «баары өзүмдөн көз каранды», «мен жасабасам анда ким жасайт?» Туура ойлонуунун башында турган ушул ачкыч сөздөр ар дайым оюңузда болушу шарт.

Мындан сырткары психологияда аффирмация деген жакшы түшүнүк бар. Ал кадимки эле адамдардын бири-бирине болгон же өзүнө болгон каалоо-тилеги жана максаты. Аффирмация туура багытта ишке ашыш үчүн туура сүйлөө керек. Мисалы, «ооруба» деген сөздүн ордуна «ден соолукта бол» жана башка. Аффирмацияга мисал катары «менин жашоом тынч жана коопсуз», «мен өзүмө абдан ишенимдүүмүн», «мен өзүмдүн ден соолугума кам көрөм», «мени айланамдагы адамдар сыйлашат жана жакшы көрүшөт», «мен келбеттүүмүн», «машыгуу жыйынтыктарын бере баштады», «мен ак эмгек менен акча таап жатам» деген сыяктуу ойлорду келтирсек болот. Мындан аркы жагы өзүңүздүн кырдаалга жана фантазияңызга жараша болмокчу.

УЛУУ АДАМДАРДЫН УЛУУ ОЙЛОРУНАН

• «Өз ойлоруңду тазалоонун үстүнөн тыкыр иште. Эгер сенде арам ойлор жок болсо, арам иштериң да жок болот».
• «Лидер адамдар алгач ички ойлорун башкаруудан башташат. Убакыттын өтүшү менен ал өзүн ээрчиген адамдарды башкарып калат».
• «Улуу ойлор жүрөктүн түпкүрүнөн келип чыгат».
• «Адамдын оюнан эркин эч нерсе жок».
• «Мен майда-чүйдө нерсеге ыраазы боло бербейм. Анткени менин колуман чоң иштер келет».
• «Жакшы бир нерсеге чекит коюп салдым деп капа болбоңуз. Чекиттен кийинки сөздүн баары баш тамгадан башталарын унутпаш керек».
• «Кээде ой дагы бактан чийки кезинде түшүп калган мөмө сымал кам болуп калат».
• «Өз каалоолорубузду ишке ашыргандан уялып жатып фантазиянын кучагында куру жалак калабыз…»
• «Биздин ар бир оюбуз – келечегибиздин пайдубалы».
• «Жылмаюу – бул периштенин канатындагы күн желеси».
• «Бактылуу болууга да даярдык керек. Антпесе бир күнү бакыт кушу келип калса, аны эмне кыларыңды билбей учуруп жиберишиң ыктымал».
• «Адамдын кылган иш-аракети анын ичиндеги ойлорунун котормочусу».

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}