Пайдасынан зыяны арбын желим идиштер

Ар бир үйдүн ашканасынан пластика идиштердин жок дегенде 2-3 түрүн табууга болот. Андан тышкары дүкөндөн алган ар бир нерсебизди полиэтилен баштыкка салып кетебиз. Суусундукту ичип болгон соң бөтөлкөсүн идиш кылып алганыбызчы. Биздин жашообузга майда-барат көп эле пайдасы тийген тыйынга татырлык бул идиштердин зыянын санап келсек көңүл иренжийт.

Уулуу заттардан жасалган бир жолу пайдаланылчу идиштер

Өндүрүүчүлөр бир жолу пайдаланылчу стакан, тарелка, банка, бөтөлкө, кашык, вилкага чейин чыгарышат. Ал идиштерге азыктарды сактап, тамак жейбиз, чай, кофе куюп ичебиз, кичи толкундуу мешке да колдонобуз. Тилекке каршы, бул буюмдарды жасоого колдонулган материалдардын коргоочу жактары алсыз. Алар азыктын сакталуу убактысын азайтат. Өндүрүүчүлөр продукциянын көрүнүшүн жакшыртуу үчүн уулуу химиялык кошулмаларды да колдонушат. Алар ысыганда зыяндуу химиялык заттарды бөлүп чыгарат. Андыктан бул идиштерге ысык бир нерсе куйганга же кичи толкундуу меште жылытканга болбойт. Муздак азык салганга бир жолу гана пайдаланылат. Бул идиштерди кайра иштетүүгө мүмкүн эмес, жарактуу убагы — 1 жыл.

Бир нече ирет пайдаланылчу идиштер боор менен бөйрөктү иштен чыгарат

Материал +100 градуска чейинки жогорку температураны кармайт, андыктан ысык кофе, чай ичкенге болот. Бул идиштер көздүн көрүүсүн зыянга учуратып, тамак-аш сиңирүүчү системаны бузат. Адистер бул идиштерге май салып сактоого тыюу салышат, майдан пластиканын коргоочу капталы жарактан чыгып уулуу заттар бөлүнүп чыгат. Ошондой эле 100 градустан жогорку температурада ысытканга болбойт.

Полиэтилен баштыгы тукумсуздукту пайда кылат

Англис окумуштуулары полиэтилен баштыктарын изилдеп айрым жагдайларга күбө болушкан. Полиэтилен баштыгынын курамындагы химиялык заттар азыктагы майларды оңой эритип, азыкка сиңет. Жыйынтыгында адамдын организмине барып тукумсуздукту пайда кылат. Полиэтилен баштыгын жарым сааттай гана пайдаланып, андан кийин таштандыга ыргытуу керек. Бирок алар табигый жол менен чирибей 400 жылга чейин тура берет. Өрттөгөн шартта абага да, адамдарга да зыянын тийгизет, тактап айтканда, углекислота, диоксин жана фуран ууларын бөлүп чыгарат.

Бөтөлкөдөгү суулар аялдардагы көкүрөк рагын жаратат

Биз пластика бөтөлкөлөрдөгү сууларды ичип көнүп калганбыз. Ал суулардын айрымдарынын эч кандай зыяны жок болушу мүмкүн, бирок кеп бөтөлкөдө. Австралиялык окумуштуулар байкоо жүргүзүп, бөтөлкөнүн 95 пайызы бисфенол А химиялык затынан турарын далилдешкен. Андагы суусундукту балдар менен кош бойлуу аялдарга ичиришкенде алардын заарасынан химиялык заттар табылган. 30 градустан жогорку температурада бул идиштерден бисфенол А химиялык заты бөлүнүп чыгат. Керек болсо айрымдар чай сыяктуу ысык суусундуктарды да куюп алышат. Бул организмдин өнөкөт ууланышына алып келет. Адистер бөтөлкөдөгү сууларды сатып алган акчага үйдөгү кранга фильтр коюуну сунушташат.

Бисфенол А химиялык заты:

  • аялдардагы көкүрөк рагын пайда кылат
  • Калкан бези, борбордук нерв системасына таасир этет;
  • Кант диабетин пайда кылат;
  • Иммундук системанын бузулушуна алып келет.
    Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
  • Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}