Пайдасынан зыяны көп техника

Техника өнүккөн заманда жашайбыз. “Таяктын эки учу бар” дегендей, бизге пайдасы тийген үй-тиричилик буюмдарынын зыяндуулугу да жок эмес. Эмесе, бул макала кулагыбызга күмүш сырга болсун.

Сыналгы

Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө ылайык, телевизор көп көргөн адамдын көрүүсү начарлайт. Кызыктуу берүүлөрдү көрүү менен адам телевизорго 2-3 сааттык убактысын арнап, кыймылдабай көрөт. Бул анын семирип кетүүсүнө шарт түзөт. Ошондой эле кээ бир каналдар адамдын оюн тумандаткан берүүлөрдү алып чыгышат. Бул мээ органдарына терс таасирин тийгизет. Дагы бир кызыктуу факт: идеалдуу инсандардын ролун жараткан актёрлорду көрүп, айрымдар реалдуу жашоодо да төгөрөгү төп келишкен инсанды издеп калат. Албетте, мындай адамдар аз экени талашсыз. Ошол себептен көпчүлүгү түгөй тандоодо кыйналышат. Сыналгыны керектүү учурда пайдалуу маалымат алууда гана көрүү керек. Андан көрө убактыңызды спорт менен машыгууга арнасаңыз натыйжалуу болот.

Микротолкундуу меш

Микротолкундуу мешти туура эмес колдонуу – ден соолукка зыян. Андыктан төмөнкү эрежелерге көңүл бурабыз:
• Эшигин толук жаппай туруп колдонууга болбойт;
• Жандырганда куру иштетип албаш үчүн, ичине суу куюлган стакан коюп коюуңуз;
• Такай колдонуудан качыңыз.

Чаң соргуч жана кондиционер

Чаң соргучту колдонгондон кийин атайын бет кап кийип алып аны дароо тазалап туруу зарыл. Баштыкчадагы чаңдын топтому көпкө туруп калса, астма оорусунун пайда болушуна өбөлгө түзөт. Ал эми кондиционерди такай колдонуу менен суук тийгизип алышыңыз толук ыктымал. Айрыкча аптапта кондиционердин жанына туруу өтө кооптуу. Көпчүлүгү билинбей өткөн шамалдан денеси сезгенип, ар кандай ооруларга чалдыгышат. Андыктан абайлаңыз.

Компьютер

Адамдын ден соолугуна эң көп зыян алып келген нерсе бул — компьютер. Эртеден кечке монитордон жылбай отуруп, дене түзүлүшүңүздүн сынын жоготосуз. Көрүү начарлап, нерв клеткалары акырындап иштен чыга баштайт. Эгерде жумушуңуз компьютер менен байланышкан болсо төмөнкү эрежелерди аткарып турууңуз абзел:

  • Ар 30-40 мүнөттө ордуңуздан туруп жеңил көнүгүүлөрдү жасап алыңыз;
  • Саат сайын көзүңүздү да эс алдырып турууну унутпаңыз. Жай ылдамдыкта каректерди эки жакка, өйдө-төмөн карап көнүгүү жасаңыз. Бул менен көздүн көрүүсүн бир калыпта сактап калууга болот;
  • Нерв системаларын козгоочу видео роликтерди көрүүдөн качыңыз. Негативдүү нерсе адамды депрессияга учуратып, стресске кабылтат.
    Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
  • Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}