Рамазан айына даярсызбы, бир тууган?

Жай саратан жаңы башталган учурга туш келген быйылкы жылдын Рамазан айы жалпы мусулмандар үчүн чоң сыноо. “Канчалык кыйынчылык менен орозо тутсаң, ошончолук чоң сооп табасың” деген кеп бар эмеспи. Мусулман баласынын беш парзынын бири болгон – орозо кармоону ниет кылгандар үчүн кеңири маалымат төмөнкү макалада.

ОРОЗОНУ КАНЧА ЖАШТАН КАРМАЙТ?

Орозо – акыл-эси толуп жана балакатка келген (орточо 15 жаш) бардык мусулмандарга парз болуп эсептелет. Бир гана оорулууларга жана жолоочуларга орозо тутпоо уруксаты бар.
Айыз (этек кир) жана нифас (тө¬рөттөн кийин келген кан) абалындагы аялдар орозо тутушпайт. Аялдар бул абалдары бүткөн соң тутулбай калган күндөрүн каза кылып тутушат.

ОРОЗО ТУТПООГО УРУКСАТ БЕРИЛГЕН АБАЛДАР

Исламда себепсиз орозо тутпоо – чоң күнөө. Башталган орозону себепсиз бузуу айыбы катары (каффарат) 1 күн үчүн 60 күн орозо тутуу талап кылынат. Төмөндө белгиленген абалдарда орозону тутпоого же башталгандан кийин бузууга уруксат.

1. Алыскы жолго чыгууда. Шарият боюнча, жолоочу катары жолго чыккан адам орозо тутпаса болот. Бирок орозону баштап койгондон кийин сапарга чыга турган болсо, анда орозосун каза кылып тутууга туура келет.
2. Ооруп калганда. Орозо тутууга тоскоолдук кылган кандайдыр бир сыркоосу болсо же орозо маалда сыркоосу күчөсө, анда ал адамга ооз бекитпей коюуга уруксат берилет. Өтө катуу ачка болгондон же суусагандан ден соолук начарласа, анда да орозо токтотулат.
3. Карылыкта.
4. Кош бойлуу кезде, бала эмизүүдө.
5. Согуштагы аскерлерге.
6. Кыйноо же коркутууга дуушар болгондо оозун ачса болот.

ОРОЗОНУН КАЗА БОЛУШУ
1.Күндүз атайылап тамак ичүү.
2.Ооз жабык учурда жыныстык катнашта болуу.
3.Атайылап кусуу.
4.Ичеги-карынды тазалоо максатында клизма жасоо, венага кан куюу.
5.Айыздын келиши.
6.Дарылоо максатында организмден кан алуу.
7.Саарлык убакыттын өтүп кеткенине (таң атып калганына ) карабастан, өтө элек деп ойлоп тамак ичүү.
8.Күн бата электе оозду ачуу.

ОРОЗОНУ ЭМНЕЛЕР БУЗБАЙТ?

1.Билбестен жеп-ичүү жана жыныстык катнашта болуу.
2.Айласыздан кан алдыруу.
3.Тиш пастасын этияттык менен колдонуу, бирок суу кекиртектен ары өтпөшү керек.
4.Көзгө дары тамызуу, сурма коюу.
5.Тиш жулдуруу орозого кедерги туудурбайт. Бирок канын жутуп албаңыз.
6.Сергүү үчүн жуунуу, сууда сүзүү. Сууда сүзгөндө суу жутуп албоо зарыл.
7.Ушак, жалган сүйлөө сыяктуу арам иштер орозону бузбайт. Бирок буларды жасаган адам күнөөгө батат.
8.Эрксиз кусуу ооз толтура болсо да орозону бузбайт.
9.Түкүрүк жутуудан орозо бузулбайт.
10.Кулакка суу кирсе.
11.Тиштер арасында калган тамак калдыгы буурчактан кичине болсо жана ал жутулса, орозону бузбайт.

ДАРЫ-ДАРМЕКТЕР ТУУРАЛУУ

Орозо маалында көзгө тамызылган суюктуктар орозону бузбайт. Ийне сайдырып же дары-дармек ичсеңиз, орозо каза болот. Мындай абал казаны талап кылат (бир күндүк каза бир күндүк орозо менен жуулат). Мажбур болмоюнча дары же ийне колдонбоо керек. Мүмкүн болушунча ооз ачкандан кийин колдонуу абзел.

ОРОЗОНУН ПАЙДАСЫ

1.Жүрөк таза, эс-тутум күчтүү болот.
2.Орозо кармаган кезде адамдын көңүлү жумшарып, кичипейил болуп өзгөрөт.
3.Кедейлер жана карды ачтар эске келет.
4.Напсилик көз артуулар ооздукталат.
5.Дене сергек жана жеңил болот.
6.Ден соолук чың болот. Токтукта дене чарчап, адам көп ооруга чалдыгат.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}