Рекордчу китептер

Чындыгында жашообузда канчалаган адамдардын арасынан курбу күтөбүз. Бирок китептер, адамдар сыяктуу, сен менен байлык үчүн достошпойт же достук мамиледен бир нерсе күтпөйт. Китептер биз эс тарткандан баштап жашообуздун акыркы мүнөттөрүнө чейин коштоп, колунан келген жардамын аябай, байыркы менен бүгүнкүнү байланыштырып, дүйнөнүн ар кайсы терезелерин ачып берет. “Акчасы көп бай эмес, китеби көп бай”, “Эгер алтын менен китепти түшүрүп алсаң, китепти биринчи көтөр” деген накыл кептер бекеринен айтылбаган чыгар. Дал ошол кызыктарды ичине каткан китептер жөнүндө кызыктуу маалыматтарды сиздерге сунабыз.

Эң кичинекей китептер

Дүйнөдөгү эң кичинекей китептин туурасы 9, узуну 9 мм. Ал орус сүрөтчү-микроминиатюристи Анатолий Коненконун колунан чыккан. Коненко орус жазуучусу А. Чеховдун “Хамелеонун” жогоркудай көлөмдөгү китеп кылып жасаган. Китеп “Гиннес рекорддор китебине” 2009-жылы кирген. Автордун мындан башка кичинекей “Бас-гитара”, “Скрипкада ойногон чегиртке” сыяктуу эмгектери бар экендигин кошумчалай кетели. Китептеги жазууларды микроскоптун жардамысыз карай турган болсок, биздин көзүбүзгө кадимки шариктүү калем менен койгон чекиттей эле болуп көрүнөт. Китепте 3 түстүү сүрөт жана Чеховдун портрети бар.

Рекордчу китептер

Япониянын белгилүү “Toppan Printing” басмаканасы 2013-жылы көлөмү 0,75×0,75 мм болгон “Shiki no Kusabana” (Ар мезгилдин гүлдөрү) аттуу китепти сунуштаган. “Shiki no Kusabana” китеби 22 беттен турат. Кичинекей китеп, Японияда өскөн гүлдөрдүн аты менен бирге кара түстөгү гүлдөрдүн сүрөтүн камтыйт. “Toppan Printing” басмаканасынын адистеринин айтымында, китепке акчаны жасалмадан коргогон белгилерди жасаган ыкма менен иероглифтер түшүрүлгөн, өлчөмү 0.01 мм түзөт. Китеп, учурда Токидогу музейлердин биринде көрсөтүлөт. Ал жерден атайын лупанын жардамы менен көрсөңүз болот.

Рекордчу китептер

Канадалык Малкольм Дуглас Чаплиндин \»Teeny Ted from Turnip Town\» деген китеби чыныгы китептин дал өзүндөй эң кичинекей көчүрмөсү катары саналат. Анын өлчөмү 0,07х0,1 мм. Китеп 30 барактан туруп, тунук кремнийге китептин мазмуну чегилген.

Рекордчу китептер
Ааламдагы алп китептер

Дүйнөдөгү эң чоң китеп Дубайдын белгилүү соода борборунун биринде көргөзмөдө турат. Анын өлчөмү 5х8,06 м, салмагы 1500 кг. 429 беттен турган бул китеп алтындан жасалган тамгалар менен кооздолгон. “This is Muhammad” (Ал Мухаммед) деген китепте Мухаммед Пайгамбарыбыздын (ага салам жана салаваттар болсун) жашоосу жөнүндөгү окуялар топтолгон, ошондой эле исламдын дүйнөлүк маданиятка жана гуманитардык багытта тийгизген оң таасири көргөзүлгөн. Китептин түзүүчүлөрү – “Mshahed International Group” компаниясы жана Мохамед Саид Алавлаки. Аны жасоого 50 киши катышып, 9 ай ичинде бүтүрүшкөн.

Рекордчу китептер

Белгилүү англис детектив жазуучусу Агата Кристинин китеби “Гиннес рекорддор китебинде” дүйнөдөгү жоон китеп катары катталган. Мисс Марпл жөнүндө жазылган 12 роман жана 20 аңгеме 4032 бетке топтолгон. Китептин жоондугу 322 мм, салмагы 8 кг жеткен. Аталган эмгек 2009-жылдын 20-майында Лондондо жарыкка чыккан. Мындай жоон китеп, окууга оор болсо да, 500 тираж менен чыккан.

Рекордчу китептер
Баа жеткис баалулук

Жон Жеймс Одюбондун XIX кылымдын биринчи жарымында жарык көргөн “Birds of America: A Visionary Achievement in Ornithological Illustration” (Американын куштары: Орнитологиялык иллюстрациянын жетишкендиктери) деген китеби китептер тарыхында кымбат баада сатылган китеп деп саналат. Лондондо өткөн аукциондо 11,5 млн АКШ долларына сатылган бул китепти барактоо да оңойго турбайт. Себеби анын өлчөмү 100х67 см, китеп 119 беттен турат. Мындай өлчөм куштарды накталай чоңдукта тартууга шарт түзгөн. Моюну батпай калган куштардын башын ийдирүү менен алардын да чыныгы көлөмүн тартууга жетишкен.

Рекордчу китептер

Китептер дүйнөсүндө Леонардо да Винчинин “Leicester Codex” (Лестердин Кодекси) деген эмгеги эң кымбат кол жазма катары саналат, аны 1994-жылы Билл Гейтс 31 млн АКШ долларына сатып алган. Кол жазма 64 барактан турат жана тери булгаары менен сыртталган. Китепте суунун кыймылынын принциптери жөнүндө, астрономияга жана геологияга байланыштуу учкай маалыматтар камтылган.

Рекордчу китептер

Албетте, булар – чексиз китеп дүйнөсүнүн бир гана тамчысы. Биз бар болгону китептердин сырткы көрүнүшүнө, баасына жана көлөмүнө көңүл бурдук. Бирок маани-маңызы китептин сыртында эмес, ичинде экенин ар бир окурман айттырбай эле билсе керек.

Шоокум

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}