Себеп

Бир күнү деңизде сүзүп бараткан кеме аварияга учурап, чөгүп кетет. Кемедегилердин баары курман болуп, бир гана киши аман калат. Ал да толкун жээкке алып чыккандан кийин гана эсине келет. Эки жагын караса туш тарабын деңиз курчаган кичине аралда калган болот.Бул киши алгачкы күндөрү Кудайга жалбарып, мени куткар дегенден башка эч нерсе кыла албашын сезет. Акыры жан ширин болуп, деңизден балык уулап, оттук таш менен от жагып күн өткөрө баштайт. Жамгырдан коргонуу үчүн чатыр жасайт. Жырткыч жаныбарлардан коргонуу үчүн дарактын шактарынан коргонуучу таяктарды даярдап алат. Күндөрү эгиздей окшош өтө берет. Ар күнү Кудайга жалбарып дуба кылууну адатка айлантып алган. Бир күнү аң уулаганы алысыраак кетет. Кайтып келсе баягы кепеси, анын ичиндеги буюм-тайымынын баары күйүп кеткен болот. Гүлдөрү гана калган эле. Бул окуя анын Кудайга болгон ишенимин кетире турган болот. Бул эмне деген кордук, мага ушунчалык да кордук көргөзөсүңбү деп үңгүрөп ыйлап жатып уктап кетет. Таң эрте ойгонсо, бир кеме жакындап калган болот. Чын эле куткаруу үчүн келе жатышканын байкайт. Кубанычында чек жок эле. Кеме жээкке келгенде, “Менин бул жерде экенимди кантип билдиңер?”,- деп сурайт кемедегилерден. Алардын жообун угуп, адам тообо келтирип, Кудайга миң мертебе шүгүр кылат. Алар:“Түтүн аркылуу берген ишаратыңды көрүп таптык!”,-дейт.

Караңгы түндөн кийин агарган таң атаарын эч качан унутпайлы!

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}