Сиз билесизби?

Адам китеп окуу менен дүйнө таанымы кеӊейет. Бирок техниканын өнүгүшү, жашообузга интернеттин кириши менен китеп окуган адамдардын саны азайып бараткандай. Бул ирет китепке байланышкан кызыктар, анын жашоодогу ролу тууралуу маалымат берүүнү чечтик.•Эң алгачкы кыргыз китеби 1911-жылы Казань шаарында басылып чыккан. Ал Молдо Кылычтын \»Кыса-и-Зилзала\» деген китеби болгон. Китепте 1909-жылы Чүй өрөөнүндөгү катуу жер титирөө тууралуу айтылган. Акын өзүнүн адам жана табият, руханий турмуш менен диний асылдыктардын ич ара карым-катнашы тууралуу ой жүгүртүүсүн камтыган. Китепти алгачкы кыргыз \»Алиппесин\» жазган окумуштуу жана коомдук ишмер, кыргыз агартуучусу Ишеналы Арабаев демилгеге алып, баш сөзүн өзү жазып жарыкка чыгарган.

•Алгачкы китеп биздин заманга чейинки 1-кылымда пайда болгон. Бактан кичинекей тактайчаларды жасап, анын бетине мом куюшкан. Мом жумшак кезинде текшиленип, катыгандан кийин анын бетине курч металл таякча менен жазышкан.

•Жер бетиндеги эӊ байыркы китеп катары Присстин папирусу аталат. Ал биздин заманга чейинки 3350-жылы түзүлгөн. Бул китеп байыркы Фивы шаарындагы пирамидалардын биринде табылган.

•Байыркы Ассирияда ылайдан китеп жасашкан. Бул китептин узун-туурасы 32 сантиметрди түзсө, ар бирбарагынын калыӊдыгы 2,5 сантиметрге жеткен. Мындай калыӊдыктагы барактар 1 китепте 10дон 100 даанага чейин болгон.

•Дүйнөлүк статистикага таянсак, китеп сатып алуучулардын жарымы 45 жаштан ооп калган адамдар жана алардын көпчүлүгү айымдар болуп эсептелет.

•Йелск университетинин окумуштууларынын изилдөөсү боюнча, 3-класска чейин окуй албаган окуучулардын төрттөн үч бөлүгү ошол бойдон шар окуй албай калышат.

•Китеп ууруларын «библиоклептоман» деп аташат. Эӊ атактуу библиоклептоман Стивен Блумберг жалпысынан 268 китепканадан 23 миӊдей китеп уурдап, чогулткан.

•Эӊ көп калем акыга татыган китептердин катарына акын Оппиандын чыгармалары кирет. Рим падышасы Марк Аврелий анын балык кармоо жана мергенчилик тууралуу эки поэмасынын ар бир сабы үчүн бирден алтын тыйын төлөп берген

•Дүйнөдөгү эӊ чоӊ китеп Амстердамдагы музейлердин биринде сакталган. «Деӊиз шарттарынын жыйнагы» аталган китептин туурасы 1 метр, узуну 1,5 метр, калыӊдыгы 0,5 метрдей.

•Дүйнөдөгү эӊ кичинекей китептин 12 даанасы бир аш кашыкка батат.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}