Сиз билген жана сиз билбеген Жапония

Ар бир өлкөнүн, элдин өзүнө гана тиешелүү болгон өзгөчөлүгү, салты болот эмеспи. Алардын айрымдарын биз китептен окуп, же эсейип эр жеткенде саякаттап барып, же барып келген адамдардан угуп калган жайыбыз бар. Албетте, ар бир элдин көпчүлүккө жарыя болгон жана эл алдында сөз кылынбай турган салт-санаа, үрп-адат, калыптанган жашоо мүнөзү бар. Аларды биле жүрүү ашыктык кылбайт, пайдасы тиет, зыяны жок дегендей.Бул жолу да күн чыгыш өлкөсү болгон Жапон элинин кээ бир сизди таң калтырган жашоо образы менен тааныштырууну туура көрдүм. Алардын айрымдары сизге тааныш чыгар, мүмкүн кээ бири таң калтырат да чыгар.

Сиз билген жана сиз билбеген Жапония

1. Жапон элинин эң эле жер-жебериңе жетип тилдегени, биздеги “акмак”менен “жинди” дегендей эле. Тилдеп жатканын сөздөрдү айтып жаткандагы үндүн өзгөрүүсүнөн же сөздөр арасындагы туныгуудан, сөзгө жасалган басымдан байкоого болот.

2. Жапон тилинде кат жазуунун бир эле учурда үч түрү бар: Канджи ( иероглифтик система), Хирагана ( жапон тилиндеги сөздөрдү муундап жазуучу система) жана Катакана (өтүнүч иретинде айтылган сөздөрдү муундап жазуучу система) . Эми ушуну өздөштүрүп көрүңүз.

3. Жапон тилинде сөздөрдү сылык айтуунун, сылык кайрылуунун бир нече даражасы бар: жөнөкөй сөздөр, сый сөздөр, сылык сөздөр, абдан сылык сөздөр. Жапон айымдары маектешүүдө, пикир алышууда көбүнчө бир-бирин сыйлап кайрылышат, ал эми эркектер кадимки күнүмдүк турмушунда колдонгон сөздөр менен эле маектешет.

4. Жапон тилинде айлардын аталыштары жок, анын ордуна сандарды колдонушат. Мисалы: сентябрь айын «кугацу» деп аташат, тогузунчу ай дегенди билдирет.

5. Жапондор тамакты көп сөз кылышат. Тамактануу учурунда сөзсүз тамакты мактап туруу шарт. “Тамак даамдуу болуптур” деп бир канча жолу айтпасаңыз- бул сыйлабоонун белгиси.

6. Жапон эли чыныгы эмгекчилдер. Жумушка, жумуш башталардан жарым саат эрте келүү, күндө 15-18 саат, түшкү тамакка да барбай, тыныгуусуз иштөө калыптанган көрүнүш.

7. Жапон тилинде ашыкча иштөөнүн натыйжасында каза болууну түшүндүргөн атайын сөз бар. Ашыкча иштеп каза болгондорду «кароши» дешет.Жыл сайын он миңдеген адамдар чегинен ашык чарчаганы үчүн каза болушат.

Сиз билген жана сиз билбеген Жапония

8. Жапонияда сырттан келип иштегендер дээрлик жокко эсе. Жергиликтүү мыйзамдарга ылайык сырттан келип иштегендердин минималдуу айлыгы, жергиликтүү жумушчулардын орточо айлыгы менен барабар. Ошондуктан жапондор сырртан жумушчу ала турган болсо өз кесибин мыкты билген, тажрыйбалуу кесипкөй адистерди гана алат.

9. Түндүк тарабындагы шаарларда жөө адамдар баскан жолдорго муз тоңуп, тайгаланып жыгылгандар болбойт.Себеби, жолдор атайын жер астынан жылытылат. Ошентсе да Жапонияда борбордук жылытуу системасы жок, ар ким өз үйүн өзү жылытат.

10. Шаар көчөлөрүүнөн атайын кол чатыр коюлуучу жайларды кезиктирүүгө болот. Эгер жамгыр жаап калса каалаган жерден, каалаган кол чатырдын бирин колуңузга көтөрүп аласыз. Жамгыр басылган соң жакын жерде жайгашкан кол чатыр коюлуучу жайлардын бирине таштап кетесиз.

11. Жапон эли аябай чынчыл калк келет. Капчыгыңызды жоготуп ийсеңиз, таап алууңузга 90 пайыз кепилдик бар.

12. Жапонияда өлүм жазасы азыркы күнгө чейин бар. Өлүм жазасын аткарууда көп учурда адилет министри өзү катышат.

Сиз билген жана сиз билбеген Жапония

13. Токио- дүйнөдөгү эң коопсуз мегаполис. Алты жаштагы балдар да коомдук транспортто өзү жалгыз жүрө берет.

14. Жапонияда талап-тоноочулук учурлар кездешпейт. Керек болсо жер титирөөдө шаар кыйрап калганда да эч кимдин оюна талап-тоноо келген эмес.

15. Бул өлкөнүн тартип сакчылары- дүйнөдөгү эң таза жана чынчыл полицейлер. Кээ бир туристтердин майда тартип бузууларын кечирип да коюшат. Пара алуу деген булардын түшүнө да кирбейт.

16. Жапон үй-бүлөлөрүндө бир туугандардын бири – бири менен сүйлөшпөөсү адаттагы эле көрүнүш. Телефон номерлерин да билбей калышы толук мүмкүн.

17. Күн чыгыш өлкөсүндө кары- картаңдарга берилүүчү акча эң төмөн. Карыларга берилүүчү социалдык төлөм 300 доллардын тегерегинде. Ар бир жапон өзүнүн карылыгы үчүн өзү кам көрүүсү керек деп эсептелет.

Сиз билген жана сиз билбеген Жапония

18. Жапондор бир-биринин үйүнө эч качан мейман болушпайт. Эгер сизге “Үйгө келип мейман болуп кетиңиз” десе, аны жөн эле слыктыктын белгиси деп билиңиз.

19. Бул элде биринчи мырзалар менен учурашып, мырзалар биринчи тейленет. Ресторанда да биринчи мырза тапшырык кылат, андан соң айым. Кыскасы, мырзалык сапат, джентельмендик деген нерсе жок.

20. Жапониядагы чөнтөк телефондорго атайын шашылыш билдирүүлөрдү эскертүүчү система орнотулган. Табигат кырсыктары болгон учурда жергиликтүү тургундардын телефонуна сигнал келет. Кандай кырсык болгондугун жана кырсык учурунда өзүңүздү кантип алып жүрүү керек экендигин эскерткен СМС билдирүү да келет.

Сиз билген жана сиз билбеген Жапония
Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}