Сиз кандай жумушка ылайыктуусуз?

Бул тестти британиялык Magic Circle юридикалык компаниясы иштеп чыккан. Тест сиз кандай жумушка ылайыктуу экениңизди так жана даана айтып берет. Алдыдагы сүрөттү карап андагы тартылган дарактардын бирин 10 секунддан ашуун ойлонбой тандаңыз. Жообу менен алдыдан таанышыңыз.

1. Сиз дайыма мыкты болууга ашыгасыз. Сиздин өзүңүздүн стандартыңыз жана амбицияңыз бар. Эмгекчил жана тырышчаак, бирок эгоист эмессиз. Сиздин жасаган ар бир ишиңиз дүйнөнү көрктөндүрүү менен байланыштуу. Жаратмандык сиздин жан дүйнөңүздө.

2. Сиз болушунча катуу адамсыз. Бирок жакындарыңыз сиздин жаныңызда өзүн тынч жана эркин сезишет. Сиз үчүн финансылык туруктуулук, мамиленин туруктуулугундай эле маанилүү. Финансылык тактык сиздин жаратылышыңызда.

3. Сиз көпчүлүк менен оңой тил табышып, достошуп кетесиз. Ошол эле учурда мыкты угарман боло аласыз. Башкаларга жардам берүүдө чын эле ырахат аласыз. Адамдар менен мамиле түзүп, сүйлөшүп иштөөчү жумуштар сизге ылайыктуу.

4. Сиз ойчул адамсыз. Сиздин оюңуз бул сиздин байлыгыңыз. Сизге илимдүү, билимдүү адамдар кызык жана алар менен бат достошуп, баарлашууда ырахат аласыз. Адабий илим жаатта эмгек кылсаңыз акыбети кайтат.

5. Сиз стресске туруштук бере билген адамсыз. Көп санаага бата бербейсиз, кээде чоң көйгөй болсо да өзүңүздү кыйнап ойлонбойсуз. Эс алууну баалай билип, ар бир адам өзүнүн жашоосунун сүрөтчүсү деген кепке карманасыз.

6. Сиз башкалар үчүн, өзүңүз үчүн да жоопкерчиликтүү адамсыз. Эркиндикти жаңы ачылышты сүйүп, тобокелге баруудан коркпойсуз. Колумб Американы ачса сиз да, катылып жаткан бир шаарды же сырды ачышыңыз керек.

7. Сиз акылдуу, сүйкүмдүү инсансыз. Адамдардын ишеничине бат эле кирип, аларды бир нерсеге ишендире аласыз. Ошол эле учурда айлананын мактоо, колдоосуна муктажсыз. Сиз мыкты сатуучу деген атка коно аласыз.

8. Сиз бийик IQ көрсөткүч менен айырмаланып турасыз. Бул гениалдуулуктун белгиси. Көбүнчө бул сапатка ээ инсандар юрист боло алышат.

9. Сиз эмоционалдуу жана сезгич инсансыз.Чыгармачылыкты, исскуствону баалап ага аяр мамиле кыласыз.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}