Сизди чарчаткан 14 нерсе

Таң менен эс алып эмес, чарчап ойгонуу… Күн бою талыкшып, андан улам кыжырданып жүрүү… Эс алуу күндөрү да ойлогондой жеңилдикке ээ боло албай кайрадан иш жумалыгын баштоо… Азыркы кезде бул көрүнүштөр ар бир адамга тааныш. Бирок кандай болгон күндө да бул абалдан чыгуу зарыл. Ал үчүн өзүңүздү-өзүңүз чарчаткан жагымсыздыктар кайсылар экенин билип, андан кутулууга дароо кадам таштаңыз.1. Сууну аз ичүү. Адамдагы алсыроо организмде суюктук азайып кеткен маалда пайда болот. Суюктуктун жетишсиздигинен жүрөк кан айлантуу үчүн көп күч жумшап, мындан улам организмде чарчоо сезими күч алат.

Эмне кылуу керек? Суу ичүүнү адатка айлантыңыз. Ал үчүн бир күндө орто эсеп менен 8 стакан суу ичүү керек.

2.Темирдин жетишсиздиги. Адамдын алсыз болуусунун, көп оорусунун дагы бир себеби – темирдин жетишсиздиги. Темирдин жетишсиздиги сергектикти жоюу менен бирге аз кандуулукту чакырып, адам сергектиктен ого бетер алыстайт.

Эмне кылуу керек? Рационуңузду төө буурчак, көк чөптөр, жаңгак жана жаңгак майы, анар, боор менен байытып, темирге бай бул азыктарды кабыл алууну күчөтүңүз.

3.Таңкы тамакты ичпей жүрүү. Таңкы тамак адамды бир күндүк кубат менен камсыздай алат. Бирок уктап калууну, табиттин жоктугун шылтоолоо менен таңкы тамакты ичпей коюу – күн бою алсыз жүрүүгө кадам таштоо.

Эмне кылуу керек? Таңды ашканаңыздагы «аш барган жерге дарт барбайт» деген ураанды окуу менен баштаңыз. Таңкы тамактын күчтүү эмес, жеңил болушу маанилүү. Мисалы, ар күнү ар кандай ботколор.

4.Иргелбеген маалыматтар. Күн сайын эркиңизге ээ боло албай социалдык тармактардан пайдалуу, пайдасыз жаңылыктарды окуганыңыз, бейтааныштардын сүрөттөрүн карап, ар кандай видеолорду көрүү, маанисиз кат алышуулар сизди чарчатып, ал турсун, эмнегедир коомдон тажатып да жиберет.

Эмне кылуу керек? Эгер ага кеткен убактыңыз менен катар кубатыңызды сактап калгыңыз келсе, интернет үчүн ченелүү саатты белгилеп алыңыз да, интернетке ишиңизди бүтүрүү үчүн гана киргенге көнүңүз.

5.Кумурсканы пил кылуу. Адамда жагымсыз нерсени биринчи жана коркунучтуу кылып ойлонуу адат болуп калган. Майда маселелерге байланышкан терс эмоциялар, санааркоолор адам кубатын кан соргучтай эле соруп, организмди стресске кептеп коёт.

Эмне кылуу керек? Ага кетирген кубатыңызды бактылуу учурларды кыялданууга, максаттар тууралуу ойлонууга алмаштырыңыз. Эч болбоду дегенде маселени татаалдаштырып элестетүүнү токтотуңуз.

6.Баарына макул боло берүү. Чарчоо “жок” деп айтууну билбеген адамдарда эки эсе болот. Убактысынын тардыгына карабай жакындарынын өтүнүчүнө макул болуп, кайра аны аткарууга жетишпегендик адамдын кубатын ого бетер текке кетирет.

Эмне кылуу керек? Зарыл жерде өзүңүздү, жеке максаттарыңызды алдыга коюуну билиңиз. Сылыктык менен баш тартып коюуда эч нерсеңизди жоготпойсуз. Болгону артык баш түйшүктүн жолун жапкан болосуз.

7.Иш орундун иретсиздиги. Туш келди чачылган кагаздар, калемдер, аларга аралашкан кружка… Баары керектүү экени талашсыз, бирок ар бири өз ордунда болбосо, ачууңузду чакырып, мээңизди чарчатат.

Эмне кылуу керек? Күн бою тазалык тартибин сактай турган эреже кабыл алыңыз да, аны ишке ашырыңыз. Натыйжада күн сайын сизди таза иш орду күтүп алат. Бул сизди кубандырары анык.

8.Эс алуу тартибин сактабоо. Бизге дем алыш күндөрү, эмгек өргүүсү жумуштан тышкаркы иштерди бүтүрүп алууга берилгендей туюлат да, бул баалуу мүмкүнчүлүктү жалаң маселелерди чечүүгө арнап салабыз.

Эмне кылуу керек? Эс алуу маалында ишке байланышкан маселелерди толук унутуп, турмуштук маселелерди убактылуу жыйыштырып коюңуз. Анан жөн гана эс алыңыз. Эс алуу маалында өзүңүзгө толук эркиндик берип, толук кандуу эс алган адам сапаттуу иш алып барарын ойлонуңуз.

9.Кофени ашыкча ичүү. Жогортон саналып келе жаткан чарчоолорду билбей, чарчоодон убактылуу алыстагыбыз келип кофе иче берген адат баарыбызга тааныш. Андай орунсуз ичилген кофе сергитпей эле организмди чарчаңкы абалга калыптандырат.

Эмне кылуу керек? Бир күндө үч кружкадан ашык кофе ичпеңиз. Айрыкча эртеңки күнү сергек жүргүм келет десеңиз, түштөн кийин кофе ичүүнү унутуңуз.

10.Бекерге кеткен убакыт. Көпчүлүгүбүз убакытты туура бөлүштүрүүнү билбейбиз. Андан улам көп убактыбызды бекер коротуп, анан ага бушайман болуу менен кубатыбызды жоготуп алабыз.

Эмне кылуу керек? 24 саатты өзүңүзгө ыңгайлуу болгудай кылып бөлүштүрүп алыңыз. Мүмкүн болушунча ал сааттарды өзгөрбөй тургандай кылып бөлүп, туруктуу режимге айландырыңыз. Ар бир сааттын ишин өз убагында аткаруу сизге шык берет.

11.Канбаган уйку. Бир маалда уктап, бир маалда турууну адат кылбаган адам ар дайым канбаган уйкунун курмандыгы болот. Уйкунун жетишсиздиги кош көңүлдүктү, кайдыгерликти, кыжырданууну жаратат.

Эмне кылуу керек? Уйкуңуз канча убакта канса, ошончо убак уктоого өзүңүзгө уруксат бериңиз. Өзүңүздү кыйнап эрте турган күнгө караганда уйкуңуз канып турган күнү көп иш бүтүрөсүз.

12.Кыймылдын аздыгы. Баарыбыз туруп же басып аткарган иштерден отуруп иштөө жакшы деп ойлойбуз. Бирок кыймылсыз отуруу көп ооруларды чакырып, чыйрак турууну эмес, талыкшып турууну шарттарын эске ала бербейбиз.

Эмне кылуу керек? “Көп кыймылда болуу бат чарчатат” деген ойду унутуңуз. Канчалык көп кыймылдасаңыз, ошончолук жеңил жүрөсүз. Андыктан жөө басуудан, тепкич менен көтөрүлүүдөн, колго кир жуудан, бакча күтүүдөн качпаңыз.

13.Чечилбеген маселелер. Жумуштагы, үй-бүлөдөгү, ден соолуктагы, каржыдагы, айтор, сизге тиешелүү бардык тармактагы “кийин аткарам” же “убагы келгенде өзү чечилет” деген маселелер сизди алагды кыла берүү менен кубатыңызды алат.

Эмне кылуу керек? Чечилбей турган маселе жок. Жогоруда саналган тармактардын кайсынысында меселеңиз болсо, дароо чечиңиз жана мындан ары ар бир маселени жеринен чечкенди адат кылыңыз. Ар бир маселени жоюу сизге ырахат тартуулап, жигердүүлүгүңүздү арттырат. Андыктан маселе чечүүдөн ырахат алууга үйрөнүңүз.

14.Жасалма мамиле. Жактырбаган же таарынып калган адам менен бирге иш алып баруу өтө оор. Күн сайын ага жолугуп калуудагы абалга сарсанаа болуу, жолуккан соң ага жактырбай турган абалды билдирбөөгө тырышуу кадимкидей күч талап кылып, эсти оодарат.

Эмне кылуу керек? Таарынычыңызды же анын сиздин кыжырыңызды келтирген жаман адатын таштоосун ачык айтыңыз. Баарын түз өзүнө айтуу ал тууралуу башкаларга кеп кылуудан азыраак убакытты алат. Ал эми бул ыкманын натыйжасында сиз ичиңизди түпөйүл кылган маселеден кутуласыз.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}