Сиздин жашооңузду өзгөртө турган эрежелер

Тагдыр сизге кандай гана сыноо жибербесин сөзсүз ийгилик сиз тарапта болоруна чындап ишенип, болгон аракетиңизди жумшаңыз. Тагдыр чыдамкайларды, сабырдуулуарды сүйөрүн унутпаңыз. Жеңиш сабырдан кийин экенин ар дайым эстеп жүрүңуз. Төмөндө сиздин жашооңузду өзгөртө турган бир канча эрежелерди сунуштайбыз.1. Өзүңүзгө жаккан ишти гана жасаңыз. Билим алыңыз. Өнүккөнгө аракет кылыңыз. Өзүңүздүн ички дүйнөңүздү өзгөртүңүз. Эң башкы эрежеге ылайык сиз –чыныгы ырахатты тартуулаган гана ишти жасашыңыз керек, ошондо сиз, бир канча эсе өзүңүздү бактылуу сезесиз.

2. Чет тилдерди үйрөнүңүз. Кыргыз тилин колдонгон интернет колдонуучулар 1 миллионго жетпейт. Орус тилин билген интернет колдонуучулардын саны 60 миллион. Ал эми англис тилинде сүйлөгөн колдонуучулар миллиард. Учурда англис тилин билүү интеллегенттердин билермандыгы эмес, бул турмуш зарылчылыгы.

3. Китеп окуңуз. Кеминде бир жумада бир китеп окуп (же угуп) туруу зарыл. Жылына 50 китеп болот. Ал сиздин жашооңуздун маңызын өзгөртөт.

4. Ар бир дем-алыш күндөрүңүздү маңыздуу өткөрүңүз. Эс алуу күндү пайдалуу өткөрүу абзел.

5. Алдыңызга максат коё билиңиз, аларды кагазга түшүрүп турууну да унутпаңыз. Башкысы, максаттар так, түшүнүктүү жана сиз аткара ала тургандай болушу керек.

6. Клавиатураны карабай туруп тергенди үйрөнүңүз. Убакыт – бул сиздин байлыгыңыз. Ойлогон ойдон артта калбай тергенге жетишүүгө аракет кылуу керек. Ойлонуп жатып сиз кайсы тамга кайсы жерде жайгашканына убакыт коротпой, эмне тууралуу жазып жатканыңызга көңүл бөлгөнүңүз туура.

7. Убакытты ооздуктай билиңиз. Өз иштериңиздин ирээтин уюштуруп жатып сиздин катышыңыз жок деле өзү улана бергидей деңгээлге жетишиңиз. Алгач Алленди (Getting Things Done) же Глеб Архангельскийди окуп чыгыңыз. Чечимдерди тез ыкчам кабыл алып, эртеңкиге калтырбаганга тырышыңыз. Иштин баардыгын азыр аткарыңыз же жооптуу бирөөгө тапшырыңыз.

8. Компьютер оюндарынан, социалдык тармактардагы максатсыз убакыт өткөрүүдөн жана жөн эле интернет чукулап отуруудан баш тартыңыз. Социалдык тармактагы баарлашууну минималдаштырып, бир эле аккаунт калтырыңыз. Үйдөгү сыналгынын антеннасын талкалап салсаңыз да болот.

9. Жаңылыктарды окубай эле койуңуз. Эмне болуп жатканын айланадагылардан эле билип аласыз. Алар маанилүү окуяларды тынымсыз талкуулашат.

10. Эрте турганды адат кылып алыңыз. Парадоксту ушундан көрүңүз – эртең мененки убакытта жетишкен иштериңизге кечкисин такыр үлгүрбөйсүз. Адам баласынын тамактануусу жана кыймыл аракети калыбында болсо күнүнө 7 саат гана уйкуга батуу жетиштүү.

11. Айланаңызга чынчыл, ак ниет, ачык-айрым, акылдуу жана ийгиликтүү адамдарды чогултканга аракет кылыңыз.

12. Спорт менен алектениңиз. Йога, велосипед, турник, футбол, сууда сүзүү, жөн эле чуркоо бул адамдын денесин тонуста кармап, эндорфиндердин көп бөлүнүүсүнө алып келген чыныгы достор. Лифт эмне экенин унутта калтырыңыз.

13. Өзгөчө иштерди жасаңыз. Эч качан бара элек жерге барып, такыр түшүнбөгөн маселени, математикалык амалдарды чечкенге аракет кылыңыз. \»Комфорт зонасынан\» чыгып, билимиңизди жана дүйнө таанымыңызды кеңейтиңиз. Үйдөгү эмеректердин ордун алмаштырып, жаңылык киргизип туруңуз.

14. Эски-уску буюмдарыңызды бүт ыргытып салыңыз. Дагы жакшысы аларды кайрымдуулук катары муктаждарга таркатып бериңиз

15. Өткөн чакты унутта калтырыңыз. Өтүп кеткенден өзүңүз үчүн билим, тажрыйба, жакшы мамиле жана жагымдуу элестерди гана алып калыңыз. Азыркы учур менен жашап, келечекке максат коюңуз. Ар бир кадам максатка карай умтулсун.

16. Коркпоңуз. Ашып өткүс адыр жок, кыйынчылыктын бардыгын жеңсе болот, күмөн саноолор сиздин башыңызда гана түнөк табышы мүмкүн. Аларга орун бербеңиз. Алдыңызга койгон максатыңызды анык билип, тагдыр сизге кандай гана сыноо жибербесин сөзсүз ийгиликке жетишээриңизге чын ниетиңизден ишенип, болгон аракетиңизди жумшаңыз.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}