Смартфонго корогон өмүр

Смартфон колдонуучулары бир жылдын 49 күнүн сүйүктүү гаджеттерине тигиле кароо менен өткөрүшөт экен. Бул тууралуу TNS изилдөө борбору кабарлаган.TNS изилдөө борборунун атайын изилдөөсүнө 16 жана 30 жаш аралыгындагы смартфон колдонуучулары катышкан. Изилдөөгө катышкан смартфон колдонуучулардын 69 пайызы интернеттен жаңылыктарды окуса, калгандары убактысынын көбүн видео көрүү менен өткөрөрү аныкталды. Колдонуучулар смартфонуна орто эсеп менен күндө 150 жолу карайт деген жыйынтыкка келишкен. Изилдөөгө катышкандардын орточо жаш узактыгын 80 деп ала турган болсок, адамдар өз өмүрүнүн 8 жылга жакынын телефонго телмире тиктеп өткөзөт экен. Албетте, алдыдагы убакытта бул статистика дагы да өсөрү анык. Мүмкүн келечек муун өз өмүрүнүн 15 жылын телефонго тиктеп өткөзүп ийет чыгар. Аттиң, бекерге кетип жаткан өмүр десеңизчи.

Дагы бир кызыктуу статистика айта кетсек, смартфон колдонуучулардын гаджеттеринде 40-50гө жакын программа орнотулган. Бирок алардын 10го жакынын гана үзгүлтүксүз колдонот.

Дагы бир кызык, орточо эсеп менен бир адам, бир күндө 23 смс кат кабыл алып, 22 жолу телефон чакырууларына жооп берип, 18 жолу телефонубузду ачып саат карайт экенбиз.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}