Соц тармактар эмне үчүн көк түстү колдонот?

Чындыгында социалдык тармактардагы эң үлкөн делген компаниялардын (Facebook, Twitter, Linkedin, Vkontakte, Mail.ru) бардыгы бирдей түстү пайдаланышат жана ал-көк түс. Анын себеби эмнеде?Сөзүбүздү баштардан мурун нерсенин түсү адамга кандай таасир этээрине токтололу. Илимий далилдөөлөргө таянсак маалымат кабыл алуунун эң эффективдүү жолу-көз менен көрүү. Кайсы бир товарды тандоодо, чечимдин 90 пайызы визуалдык кабылдоогоо байланыштуу болот. Башкача айтканда сиз, товардын түсүнө карап анан чечим кабыл аласыз. Мындан улам маркетинг тармагында товардын түсү канчалык маанилүү экенин боолголой берсеңиз болот. Мисалы, ачык кызыл же күлгүн түстөгү унааларды мырзалардын көбү жактыра бербейт. Керек болсо, кээ бир унаа чыгарган ири компаниялар кызыл түстөгү унааларды чыгарууга чектөө киргизип коюшат.
Ошондуктан соц тармактагы ири компаниялар өзүнө көк түстү тандап алышкан. Эгерде кызыл түстү тандап алганда, ким билет мырзалардын көбү соц тармактарды колдонуудан баш тартышы толук мүмкүн эле. Ал эми көк түс мырзалар үчүн да, айымдар үчүн да көйгөй жаратпайт.

Эмне үчүн көк түс?

  • Көк түс-эң оболу акылдын жана интеллектуалдуулуктун түсү.
  • Көк түс, адамга ишенимдүүлүк жана коопсуздук сезимин берет. Ошондуктан көк түс бизнес айдыңында өтө таанымал.
  • Эгер билсеңиз, ааламда эң көп таралган түс да ушул көк түс: океан, деңиз, дарыя, көл, асман.
  • Көк түс, депрессияны басып, тынчтык, рахаттануу сезимин тартуулайт. Биз, көк асманга же көлгө караган маалда жүрөгүбүздүн согушу басаңдап, дем алуубуз кеңейип, мээбиздин иштөөсү бир калыпка келет.
    Кызыктуу маалымат

    Көк түс көптөгөн мамлекеттердин байрагында негизги түс: Казакстан, Аргентина, Грекия, Шотландия, Финляндия, Гватемалла, Гондурас, Израиль, Микронезия, Никарагуа, Сомали, Уругвай, Косово, Эстония, Палау, Украина, Швеция, Франция, Улуу Британия, Австралия, Жаңа Зеландия, Либерия, Италия ж.б

    Корутунду

    Социалдык тармактарды, айрым адамдар таңдан кечке чейин пайдаланат, ошондуктан анын түсү адамды тажатпагандай болуусу абзел жана мындай талапка көк түс дал келет.

    Инсан

    Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
  • Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}