Сологойлор өзгөчө адамдар

Македондук Александр 16 жашында эле бүтүндөй Македонияны башкарган, Наполеон Бонапарт баскынчы император, Альберт Эйнштейн белгилүү физик. Билесизби, бул атактуу адамдар сологой болгон экен. Барынан кызыгы дүйнөдөгү белгилүү инсандардын көбү сологой. Сологойлор таланттуу адамдардын 20 пайызын түзөт.

Сологойлор өзгөчө адамдар

13-август — бүткүл дүйнөлүк сологойлор күнү. Бул дата эң алгачкы жолу 1992-жылы 13-августта Британиядагы сологойлор клубунун демилгеси менен майрамдалган. Мына ошондон тарта ар жылы 13-август сологойлор күнү катары майрамдалып келет. Сологойлор түндүккө Караганда түштүктө көп кездешет. Психологдор аларды кайрадан оң колго үйрөтүүнүн кажети жок, анткени, алардын нормалдуу өсүшүнө жана психикасына доо кетет дешет. Ошондой эле алардын сүйлөө өзгөчөлүгү, сезүү, туюусу оң кол менен иштегендерге караганда башкача. Мисалы, бир нерсени кабылдоодо сологойлордун алгач мээсинин сол жарым шары иштери аныкталган. Алар көбүнчө жылдын экинчи жарымында жай мезгилинде төрөлүшөт. 1955-жылы Россияда сологойлор үчүн алгачкы кыйгач жол дептер чыгарылган. Швед окумуштууларынын изилдөөсүнө караганда, баланын сологой болуп калышына эне боюндагы түйүлдүктү ультра добуш менен иликтөө да себепчи болушу ыктымал дешет. Ошондой эле тукум куучулук мүнөзгө да ээ. Кыргыз элинде сологой болуп төрөлгөн кыз балдар уз, ал эми эркек балдар уста болот деген ишеним кеңири тараган.

Атактуу сологойлор: Юлий Цезарь, Билл Клинтон, Елизавета (Англия ханышасы), Македондук Александр, Жанна д Арк, Уинстон Черчиль, Микеланджело, Рафаэль, Рональд Рейган, Бетховен, Мэрилин Монро, Пол Маккартни, Леонардо да Винчи, Жорж Буш, Наполеон Бонапарт, А.С.Пушкин, Альберт Эйнштейн, Чарли Чаплин, Ф.Шопен, Пабло Пикассо, Барак Обама, Билл Гейтс ж.б.

Сологойлор тууралуу кызыктуу фактылар

 

  • Сологойлор таланттуу адамдардын 20 пайызын түзөт.

  • Жер жүзүндө 600 миллиондой сологой бар.

  • Сологой Леонардо да Винчи солдон оңго карай жазган. Ошондуктан, анын жазууларын күзгүдөн гана окууга боло турган.

  • АКШын жыйырманчы президенти Жеймис Гарфильд бир эле учурда сол колу менен латынча, ал эми оң колу менен грекче жаза алган.

  • Италиянын белгилүү скрипачысы Николо Паганини ноталарды сол колу менен жазып, сол колу менен ойногон.

  • Македондук Александр 16 жашында эле бүтүндөй Македонияны башкарган.

  • Белгилүү немец композитору Людвиг Ван Бетховен керең болгонуна карабастан, 5 фортепианалык соната, 5 струнна квартетин жана 9 симфония жазган.

  • Эгерде сологойлор кандайдыр бир травма алса, оң кол менен иштегендерге караганда азыраак жашашат.

  • Аялдарга караганда эркек сологойлор көбүрөөк кездешет.

  • АКШда 1992-жлкы президенттик шайлоодо бардык талапкерлер (Билл Клинтон, Росс Пэрот, Жорж Буш) сологой болушкан.

  • Сологойлор Москвада 3,5%, Борбордук Россияда 7 %, ал эми Таймырда 34% ды түзөт.

  • Атактуу жазуучу Николай Лесков сологойлор тууралуу «Левша» повестин жазган.

  • 1930-жылы Улуу Британияда сологойлор 3% болсо, 1950-жылы 5%га жеткен. Ал эми учурда бул өлкөдө ар бир онунчу адам сологой. Бул деген сологойлордун көбөйүп жаткандыгын билдирет.

Баарын билгим келет

 

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}