Өспүрүм ойлоп тапкычтар

Брайль алфавити, карда жүргүч, термелүүчү отургуч. Ушул нерселерди балдар ойлоп тапкан десе ишенмексизби?17-январда дүйнөдө өзгөчө майрамды белгилешет: Ойлоп тапкыч балдардын күнү. Майрам үчүн ушул күндүн тандалып калышы бекеринен эмес. 1706-жылдын дал ушул күнү белгилүү саясий ишмер Бенжамин Франклин төрөлгөн. Ал 12 жашында сүзүү үчүн бутка байлагычты ойлоп тапса, кийинчерек термелүүчү отургуч үчүн патент алган.

Көрсө, биздин жашообузду жөнөкөйлөтүп, кызыктуу кылган буюмдардын баарын эле ак халат кийип, лабороторияда отурган көз айнекчен илимпоздор ойлоп таппаптыр. Балдар ойлоп тапкан каражаттардын айрымдары менен тааныштырабыз.

Өспүрүм ойлоп тапкычтар

Брайль алфавити

Ойлоп тапкан: Луи Брайль, 15 жашында ойлоп тапкан

15 жаштагы Луи Брайль 1824-жылы көзү азиздер окуй алчу шрифти ойлоп тапкан. Бул ыкманы азыр да бүт дүйнө колдонот.

Өспүрүм ойлоп тапкычтар

Карда жүргүч
Ойлоп тапкан: Жозеф-Арман Бомбардье, 15 жаш

Карда жүргүчтү жаш канадалык Жозеф-Арман Бомбардье ойлоп тапкан. Анын туулган күнүнүө атасы “Ford T” белек кылган. Өспүрүм бир аптага жетпеген убакта унаанын тетиктерин ажыратып, андан карда жүргүчтүн моделин түзгөн. Кийин ал учак чыгаруу боюнча атагы алыска кеткен Bombardier компаниясын түзгөн. Ал ишкана азыр да карда жүргүчтөрдү чыгарат.

Өспүрүм ойлоп тапкычтар

Рак илдетин аныктоонун жаңы ыкмасы
Ойлоп тапкан: Джек Андрака, 15 лет

15 жаштагы окуучу онкологиялык ооруларды аныктоонун жаңы ыкмасын ойлоп тапкан. Анын ыкмасы мурда колдонулган дарт аныктоо түрлөрүнөн бир топ эле ыкчам жана арзан. Текшерүүнүн жыйынтыгын 5 мүнөттө билсе болот.

Өспүрүм ойлоп тапкычтар

Батут

Ойлоп тапкан: Джон Ниссен, 16 жаш


Балдар секирип ойногон батуттун идеясы 16 жашар гимнастчы Джордж Ниссенге таандык. 80 жылдан ашык тарыхы бар бул буюм өзгөрүүгө деле учураган жок.

Өспүрүм ойлоп тапкычтар

Электрондук сүрөттү жөнөтүү
Ойлоп тапкан: Фило Фарнсуорт, 15 жаш

Азыркы телеберүү Фило Франсуортко рахмат айтышы керек. Ал 15 жашында өзүнүн химия мугалимине сүрөттү узак аралыкка электрондук жол менен жөнөтүү долбоорун көрсөткөн. Анын табылгасына чейин телеберүү механикалык модулда иштечү.

Өспүрүм ойлоп тапкычтар

Начар уккан адамдар үчүн жабдык
Ойлоп тапкан: Джона Кон, 14 жаш

14 жаштагы Джона Кон үн толкундарын туюм-сезимге айлантуучу Good Vibrations жабдыгын ойлоп тапкан. Муну мене начар уккан адамдар, мисалы, музыканы сезе алат. Бул идея анын оюна тиши гитарага тийип турганда келген. Кон 2012-жылы Google Science Fair сынагынын жеңүүчүсү болгон.

Өспүрүм ойлоп тапкычтар

Акумуляторлордун жаңы түрү
Ойлоп тапкан: Эйша Кхаре, 18 жаш

Калифорниялык окуучу уюлдук телефондор үчүн акумулятордун жаңы түрүн ойлоп тапкан. Ал 20-30 секунда эле кубат алып, бирок узак убакыт иштей алат. Өзүнүн табылгасы үчүн Эйша Intel компаниясынан жаш окумуштуулар үчүн сыйлыгын алган.

Өспүрүм ойлоп тапкычтар

Коргоочу кулаклык
Ойлоп тапкан: Честер Гринвуд, 15 жаш

15 жаштагы Честер Гринвуд коргоочу кулак капты 1873-жылы ойлоп тапкан. Мындай ой ага муктаждыктан улам келген. Коньки тепкени баратып, кулактарын сууктан сакташ үчүн зымга жүн бөлүктөрүн тигип берүүнү чоң энесинен суранган. Кийин кулак кап жакышыртылып, азыр ал ызы-чуудан коргоо кызматын да аткарат.

Ынтымак

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}