Студент жана профессор

Бир күнү профессор сабак баштап жатып студенттерге кайрылып:

Кудай жакшыбы?,- деп сурайт.

Студенттердин бири туруп: Ооба деп жооп берет. Профессор суроосун улантат:Профессор: Шайтан жакшыбы?

Студент: Жок.

Профессор: Туура, Жерде жамандык барбы?

Студент: Ооба.

Профессор: Жамандык баардык жерде жайгашкан жана Кудай баарын жаратканбы?

Студент:
Ооба.

Профессор: Анда жамандыкты ким жараткан?

Студент: …

Профессор: Илимдин тастыкташынча адамда беш сезүү органы бар. Эми айтчы, Кудайды ушул беш сезимдин бири менен сезе аласыңбы?

Студент: Жок.

Профессор: Кудайдын үнүн уктуң беле?

Студент: Жок.

Профессор: Кудайдын жытын сездиң беле?

Студент: Жок.

Профессор: Анан дагы деле Ага ишенесиңби?

Студент: Ооба.

Профессор: Илимге таянып сенин жоопторуңдан жыйынтык чыгарсак, Кудайдын жок экени далилденди. Же каршы пикириң барбы?

Студент: Жок, профессор. Менде ишеним гана бар.

Профессор: Ооба! Дал ушул ишеним илимдин негизги көйгөйү.

Студент: Профессор, муздактык барбы?

Профессор: Эмне деген суроо? Албетте бар. Сен үшүп көргөн эмессиңби?

(Студенттер баланын берген суроосуна каткырып күлүштү)

Студент: Негизи, муздактык жок. Физикалык мыйзамдарга ылайык, биз муздактык деп сезген нерсе жылуулуктун түгөнүшү гана. Абсолюттук муздактык (-273 градус) жылуулуктун толук жок болушун түшүндүрөт. Адамдар бул сөздү, жылуулуктун жок экенин сезүү үчүн гана киргизген (Аудитория тынчтыкка бөлөндү).

Студент: Профессор, караңгылык барбы?

Профессор: Албетте бар, түн караңгылыктын белгиси!

Студент: Сиз кайрадан жаңылдыңыз. Караңгылык да жок. Караңгылык, жарыктын жок болуусу гана. Биз жарыкты гана изилдейбиз, караңгылыкты эмес. Кичине жарыктын нуру караңгылыкты жарыкка айлантат. Жана анын болжолдуу санын аныктайбыз. Ал эми, кайсы бир аянтта канча караңгылык бар экенин кантип билебиз? Эми айтыңызчы, өлүм барбы?

Профессор: Албетте. Өмүрдүн тескери абалы өлүм.

Студент: Сиз кайрадан жаңылдыңыз профессор. Өлүм өмүрдүн тескери абалы эмес, өмүрдүн токтошу. Сиздин илимий теорияңызга катуу жарака кетти. Сиз студенттерди маймылдан жаралганыбызды окутуп жатасыз. Сиз эволюциянын жүрүп жатканын өзүңүздүн көзүңүз менен көрдүңүз беле?

Профессор эмнени айткысы келгенин сезип, башын чайкап күлөт.

Студент: Эч ким бул процесстин жүрүп жатканын көргөн эмес. Демек сиз диний ишмер экенсиз, окумуштуу эмес.
(Аудитория кыраан күлкүгө түшөт)

Студент: Эми айткылачы, аудиторияда профессордун мээсин көргөн студент барбы? Аны угуп, жыттап, кармап көргөн жан барбы? (Студенттер мурункудан да кыраан каткырыкка түшөт)

Студент: Демек эч ким… Илимий теорияга ылайык, профессордун мээси жок деп айтууга негиз бар. Сизди урматтоо менен айтканда, сиздин окуп жаткан лекцияңызга кантип ишенебиз? (Аудитория профессордун жообун күтүп тынчтанат)

Профессор: Менимче, силер алгач ишенишиңер керек.

Студент:
Дал ушундай! Кудай менен адамдын ортосундагы жападан жалгыз байланыш бул — ИШЕНИМ!

Профессор талкууну андан ары уланта албай, шалдайып отуруп калат.

Ал эми талкуулашкан студентти Альберт Эйнштейн деп аташчу.

Акыйкат үчүн ийгиликсиздикке учурап калуудан коркпо.
Акыйкатты аркаңда улантуучуларсыз калуудан корк!

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}