Сулуулукту түбүнө каткан Сөң-Көл

Сөң-Көл борбордук Тянь-Шандын бийик тоолорунун арасында деңиз деңгээлинен үч миң метрден ашык бийиктикте жайгашылган, жаратылышы эң эле кооз, көзгө көркөмдүү көлдөрдүн бири.

Сулуулукту түбүнө каткан Сөң-Көл

Анын жаратылышын жарашыктуу көркүнө чыгарып көлдү айландыра курчаган тоо кыркалары, жылга жыбыттарынан агып түшкөн мөлтүр тунук кашка суулары, тоолордун асман тиреген аскалуу чокулары курчайт,Сөң-Көлгө ар-тарабынан 20дан ашуун агын суулар куюп анын деңгээлин төмөндөтпөйт. Ал эми Ак-Таш, Таш-Дөбө, Кара-Кеченин тынымсыз куйган шар суулары кышкысын да көп тоңо бербейт.

Сулуулукту түбүнө каткан Сөң-Көл

Сөң-Көлдүн узундугу -29, туурасы -17 километрге созулуп, 292 чарчы км. болгон көлдүн аймагын түзөт. Көлдүн тереңдиги ар түрдүүчө, чыгыш тарабы 10-15 метр болсо, батыш тарабындагы тереңдиктери 22 метрге чейин жетет.

Көгөргөн көлдүн айланасына ар түрдүү чөптөр өсүп, кызыл-тазыл гүлдөр менен саймаланып эң эле кооз, кээ бир жээктен эшилген майда кызыл кумдуу пляждарды учуратууга болот.Ошондой эле жээктердеги тоо боорлору бетегелүү тоо чөптөрү жамынып төрө түлүк малдын берекелүү мекени.

Сулуулукту түбүнө каткан Сөң-Көл

Сөң-Көлдө сууда сүзүүчү жана саз канаттууларынын 66 түрү жашагандыгы далилденди.Алардын 29 түрү көл жээктериндеги өрөөндөрдө уялашып, балапандарын чыгара тургандыгы, ал эми 37 түрү болсо күзгү жана жазгы келгин канаттуулар экендиги байкалды.

Сулуулукту түбүнө каткан Сөң-Көл

Сөң-Көлдүн үстүндө өрдөк, чүрөк, каздар, ак-чардактар сүзүшсө анын астында ар түрдүү чабак урушат.Сөң-Көлдөгү канаттууларды ар түрдүү жоготуулардан коргоп, көбөйүшүнө толук шарттарды түзүү үчүн мамлекет тарабынан корукка алынган.

Сулуулукту түбүнө каткан Сөң-Көл

Жайында көлдүн айланасын тегерете Нарын облусунун Жумгал, Кочкор, Ак-Талаа райондорунун малчылары жайлайт.

Айтылуу Акмөөр сулуу чайынган Сөң-Көлдүн жаш баладай табияты, Манас атабыздын тулпарынын изи калган \»Тулпар таш\» алыстан келген туристтердин кызыгуусун арттырып, өзүнө тартып турат.

Сулуулукту түбүнө каткан Сөң-Көл

Көл жээгинин табияты кол тийбеген бойдон болгондуктан ары сырдуу да, ары байыркы жомоктой. Көлдүн кооздугу көз жоосун алып, унутулгус элес калтырат. Аба ырайынын өзгөрүшүнө жараша көлдүн бети да түсүн өзгөртөт. Ал асмандай көпкөк, же сыя көк, ал тургай кызгылтым же сары да болуп көрүнөт. Ал эми сиз көл жээгинде аны карап олтурган болсоңуз, көл түсүнө жараша маанайын өзгөрткөн сыяктуу сиздин маанайыңыз да нечен түркүн өзгөрүп, не бир кыялдарга туш болосуз.

Сулуулукту түбүнө каткан Сөң-Көл
Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}