Сурикаттар менен фотограф арасындагы өзгөчө достук

Британдык фотограф Уилл Бернарт Лукастын сурикаттар менен болгон достугунун өзү эле кызыкка толо. Сүрөтчүнүн сурикаттар менен болгон достугу, 2014-жылы Африкадагы Ботсвана Республикасына, атайын ушул жаныбарды сүрөткө тартуу үчүн барганда башталыптыр. Ажайып табияттын көркөм кадрын тасмага түшүрүү үчүн сүрөтчү дүйнөнүн көптөгөн жеринде болду, бирок да анын өзгөчө эсинде калганы ушул Ботсванадагы окуя экен. Анын себеби сурикаттардын отуз жаштагы сүрөтчүгө толугу менен ишеним артып, достошуусунда эле.

Сурикаттар менен фотограф арасындагы өзгөчө достук
Сурикаттар- сүт эмүүчүлөр тукумуна кирген, кош аяктап тикесинен тик турганды билген майда мангусттар түркүмүндөгү узун куйруктуу жаныбар. Бул жаныбарлар Түштүк Африканын чөлдүү аймактарын мекендеп, топ-топ болуп жашашат.
Сурикаттар менен фотограф арасындагы өзгөчө достук
Африкалык кичинекей сурикаттар британдык сүрөтчүгө бирден көнүп кетпептир. Алар убакыттын өтүшү менен Уилл жана анын кесиптештери, сурикаттарга эч кандай коркунуч алып келбестигине көздөрү жеткенде гана британдык сүрөтчүлөрдүн жанында эч коркпой жүрө бере турган болгон экен.
Сурикаттар менен фотограф арасындагы өзгөчө достук
“Мен сурикаттарды адамга бат үйүр алган, адамдар менен тез тил табыша алган жаныбар деп эч ойлобогон элем. Алар мени өздөрүнүн тобундагы топ башчы катары санап, тез көнүп кетти”- дейт Уилл Бернарт Лукас.
Сурикаттар менен фотограф арасындагы өзгөчө достук
Сурикаттар жашаган аймак жырткыч жаныбарларга толо, ошол себептен алар өтө сак кыймылдайт. Керек болсо бул сүт эмүүчүлөр дөңсөө жерлерге чыгып, айлананы карап, короолчулук кылганга да үйрөнүп алган көрүнөт.
Сурикаттар менен фотограф арасындагы өзгөчө достук
Фотограф сурикаттарга жакындаган кезде алар Уиллдин башына чыгып айланага көз чаптырганга да үйрөнүп алган.
Сурикаттар менен фотограф арасындагы өзгөчө достук
Мына кызык, аларга камеранын объективи да кароол чоку катары кызмат кылган мыкты курал.
Сурикаттар менен фотограф арасындагы өзгөчө достук
Сүрөтчү, табияттын бул кызыктуу жаныбарын сүрөткө тартуу менен бирге алыскы Африкадан досторду да таба алган.
Сурикаттар менен фотограф арасындагы өзгөчө достук
“Ботсвана жериндеги эң эсте калган учур үч апталык сурикаттар болду. Алардын мага боор басып калгандары мени ушунча таң калтырды, мени алар өздөрүнүн чоң оюнчугу катары кабылдап кетти”- дейт британ фотографы.
Сурикаттар менен фотограф арасындагы өзгөчө достук
Уилл Бернарт Лукастын бул сүрөттөрү дүйнөнү, өзгөчө интернет колдонуучуларын аябай таң калтырды. Көптөгөн чет элдик гезит-журналдарга да басылып чыкты.
Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}