Суроо берүү маданияты

Жакшы суроо – илимдин жарымы. Билбегенин сурап билген – аалым, уялып сурабаган – өзүнө заалым. Эң оболу суроо берүүнүн бизге кандай пайдасы бар деген собол туулат. Суроо берүүнүн көптөгөн пайдаларынын ичинен кээ бирлерин атай кетсек: Суроо берүүдөн ой жүгүртүү өзгөчөлүгүбүз дайыма иштеп, активдүүлүгүн сактап калат.Суроо берүүдөн үйрөнүп жаткан билимибиз калыптанат. Суроо берүү менен биздин акылыбыз өсөт. Суроо берүү бизге кайсы бир маселени толугу менен түшүнүүгө жардам берет. Суроо берүү менен изилдөө башталат. Суроо берүү менен кайсы бир кубулуштун эмне себептен башталып, эмне менен аяктаганын түшүнө алабыз. Биздин илимдүү, билимдүү болуп калыптанышыбызга түздөн-түз пайдасы тийген суроо берүү маданиятынын да өзүнө жараша кээ бир адептери бар. Башкача айтканда, суроо узатып жатканда маани беришибиз керек болгон кээ бир нерселер бар. Дайыма мугалимге, ата-энелерибизге, курбу-курдаштарыбызга суроо узатып, ал суроолорубузга жооп издегенге аракет кылышыбыз керек. Мазмундуу, маанилүү суроолорду бергенге аракет кылышыбыз керек. Анткени “жакшы суроо – илимдин жарымы” деп бекеринен айтылбаса керек.

Берилген суроолорду жана табылган жоопторду кагазга түшүрүп жазып жүрүү өтө маанилүү. Окуучу катары сабак учурунда түшүнбөгөн маалыматтарды сабак учурунда же сабактан кийин убакытты жоготпостон мугалимден сурап, алынган жоопту кагазга эскертүү түрүндө жазып коюу да өтө пайдалуу. Сүрөт, схема, таблица, диаграмма ж.б. көргөзмө куралдарга карап суроо бергенди үйрөнүү керек. Телеберүүнү көрүп, радиоберүүнү угуп, журналдан кандайдыр бир макаланы окуп, өзүңө өзүң суроо берип, машыгууларды жасоо керек. Сабакта өтүлгөн темалар жөнүндө сабактан сырткары агаларыңа, ата-энеңе ж.б. адамдарга суроо узатып, алар менен темаларды талкуулоо керек. Китеп окуп жатканда китепте жазылган маалыматтар жөнүндө ар кандай суроолорду узатуу да китепти жакшыраак түшүнгөнгө жардам берет.

Коомчулукта болуп жаткан окуялар, ар кандай жаратылыш кубулуштары тууралуу суроолорду узатып, аларга да жооп издөө адамдын дүйнө таануусуна чоң пайда келтирет. Адам баласынын жашоосу, өмүрү, жашоодогу кээ бир кубулуштар жөнүндө ой жүгүртүү жана алар жөнүндө суроо бере билүү зарыл. Адам жашоосунда дайыма кездештирген кыйынчылык, ийгилик, жоготуу сыяктуулардын сырларын түшүнүү үчүн да суроо узатып, аларга жооп издөө керек. Жогоруда айтылгандар окуучунун ой жүгүртүүсү дайыма активдүү иштеп, керексиз нерселер менен алектенгендин ордуна пайдалуу нерселер жөнүндө системалуу ой жүгүртүүсүнө түрткү болуп, акылы калыптанып келе жаткан окуучуларга өтө чоң пайда келтирет. Албетте, бул окуучуларга эле эмес, улууларга да пайдалуу нерсе экени талашсыз.

Кандайдыр бир окуя, нерселер жөнүндө суроо берип, ага жооп издей алабызбы? Дагы бир маанилүү нерсени – суроолорду түшүнүү, билүү жана үйрөнүү эң маанилүү экендигин унутпашыбыз керек. Анткени кайсы бир маселени туура суроо узатуу менен гана биле алабыз. Берилүүчү суроолорго бир канча мисал: Ким? Эмне? Кайда? Кантип? Эмне үчүн? Кандай жагдайда? Кайсыл жактан? Кайсыл жакка? Качан болду? Качан болот? Окуя же нерсе жөнүндө тарыхый маалыматтар. Анын келип чыгышынын тарыхы. Нерсенин башка нерселер, окуянын башка окуялар менен болгон байланышы эмне? Мазмуну кандай? Мааниси эмнеде? Эмне берет? Мындан кийин эмне болот?..

 

Гапыр Мадаминов

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}