Суунун сыры

Суу жер шарындагы жашоонун булагы болуп эсептелет. Биздин күнүмдүк турмушубуздагы эң көп колдонулган нерсе суу болгонуна карабастан, ал тууралуу көптөгөн маалыматтарды билбейбиз. Төмөндө ошол биз билбеген бир топ кызыктуу маалыматтарды тааныштырып өтөбүз.Суу табигатта үч абалда кездешет, катуу, суюктук түрүндө жана газ абалында. Суу бүтүндөй жер шары үчүн бул үч абалында тең эң керектүү зат. Баардык жандыктардан баштап өсүмдүк, тоо-ташка чейин суунун үч абалынан көз каранды.

1992-жылы сенсациялуу ачылыш болгон, башкача айтканда, суунун «оор суу» деп аталган изотобу табылган. Гаральд Юри жана Эльберт Осборн кадимки суунун курамынан «оор сууну» табышкан. Эки жылдан кийин Эльберт Осборн Нобель сыйлыгына татыктуу болгон. Учурда суунун көптөгөн изотобу белгилүү. Ошондой эле, суунун курамына жараша таза суу, деңиз суусу, жамгыр суусу, минералдык суу ж.б у.с түрлөрү бар.

Суу жер шарындагы жандыктар жана өсүмдүктөр үчүн эле эмес, жалпы планетанын жашоосу ыңгайлуу болушуна зор таасирин тийгизет. Алсак, атмосферадагы суу буусу жайында өтө ысып кетүүдөн сактаса, кышында сууктан сактайт. Ал эми океандар көмүр кычкыл газын “жутуп алуу” менен абадагы кычкылтектин сакталышына жардам беришет.

Суунун организм менен байланышы

Биздин жашоо гана эмес, организмибиз дагы суудан толук көз каранды. Мисалы, жаңы төрөлгөн ымыркайдын организми –75, чоң адамдыкы жашына жана салмагына жараша 55 пайыздан 78 пайызга чейин, сөөктөр –72 пайыз, булчуңдар –75 пайыз, ал эми булардын баарын суу жана азык зат менен камсыз кылып турган кандын өзү 90-92 пайыз суудан турат. Негизинен, нормалдуу иштеген организм күнүгө 1-7 литр суу ичет. Ар кандай себеп менен денедеги суунун дэңгээли нормалдуу көрсөткүчүнөн 2 пайызга төмөндөсө, адам суусай баштайт, 7-8 пайыз жоготсо, эстен тануу башталат. Ал эми организмдеги суунун 15-20 пайыз төмөндөшү адамдын жашоосу үчүн коркунуч туудурат. Суунун жардамы менен организмдеги зат алмашуунун жана керектелген азыктардын калдыгы тышка чыгарылат. Ошондуктан, айрым ооруларга сууну көп ичүү сунушталат.

Тышкы чөйрөдөгү таасири

Тышкы чөйрөдө да суу көп колдонулат. Мисалга алсак, айыл чарбасында билинбегени менен, түшүм бышканга чейин өсүмдүктөр өтө эле көп сууну талап кылышат. Жер шаарынын 70 пайызын суу каптап турат. Башкача айтканда, картадан караганда деле планетабызда көбүнесе суулар жайгашкан.

Суунун алты өзгөчөлүгү

Башка суюктуктардан айырмаланып суу көптөгөн өзгөчө касиеттерге ээ.

1. Эрүү касиетине токтололу. Мисалга алсак, эриткен заттардын химиялык курамын өзгөртпөйт жана өзүнүн курамында ошол бойдон сактайт. Алсак, деңиз суусунун курамында, Менделеевдин таблицасындагы элементтердин 70ке жакыны кеэдешет.

2. Суу жакшы эриткич болуп эсептелгендиктен, курамында дайыма ар кандай кошулмалар, тузда жана оң, терс заряддалган иондор болот, алар суунун электр тогун өткөрүмдүүлүгүн күчөтөт.

3. Суу башка суюктуктарга салыштырмалуу өтө жогорку беттик тартылуу күчүнө ээ, сымаптан кийинки орунда турат. Бул кубулушун көп жерден кезиктирүүгө болот. Мисалы, адамдардын жана жаныбарлардын организмдеги курамы 90-92 пайыз суу болгон кан жана лифма ушул эле кубулуштун натыйжасында бүткүл денени айлантып жүрөт.

4. Суу жылуулук алмаштыруучу зат катары чоң мааниге ээ. Атмосфера ысык болгонуна карабастан, океандар муздак бойдон кала беришет.

5. Ысытканда суюктуктардын көлөмү чоңоюп, тыгыздыгы кичирейет, муздатканда тескерисинче, тыгыздалып, көлөмү кичирейет. Суу негизинен 4 градус температурадан жогорку тыгыздыкка ээ болот.

6. Суунун түсү эч болбойт, баардыгына эле маалым. Бирок ар кандай себептерден улам өзгөрүлүп турат.

Тамчы

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}