Сүйүү назик нерсе

Шамал татынакай Гүлдү көрүп, аны сүйүп калыптыр. Ал Гүлдү назик сылап, эркелетип турганча, аңкыган жытын, ажайып көркүн арнап, Гүл дагы ага чоң сүйүүсү менен жооп кылып турган экен.Бирок Шамалга бул аз көрүнүп, өз сүйүүсүнүн күчтүү деми менен Гүлдү үйлөп койгон экен. Гүл болсо шамалдын дуулдаган кумарлуу эпкинин көтөрө албай, сынып калыптыр. Шамал аны көтөрүп тирилткенге аракет кылыптыр, бирок колунан эч нерсе келбептир. Ошондо ал азга токтой калып, сүйүүнүн назик деми менен Гүлгө дем алыптыр, ал болсо көз алдында эле соолуй баштаптыр. Ошондо Шамал кыйкырыптыр:

— Мен сени сүйгөм, сен болсо сынып калдың! Сыягы, мага окшоп, сен катуу сүйбөсөң керек!

Гүл болсо эч нерсе деп унчукпаптыр. Ал өлүптүр.

Ким сүйсө, эстен чыгарбаганы оң. Сүйүү күчүнө, кумарына карап ченелбейт, назиктигине, кам көргөнүнө карап ченелет. Бир жолу сындырып койгондон көрө, он жолу карманганың жакшы.

Шоокум

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}