Сыналгы болгум келет

Сыналгы болгум келет
Бир күнү мугалим окуучуларына “Кудайдан эмнени сурайт элеңер?”, деп “Менин каалоом” деген темада дил баян жазууну тапшырды да, окуучулардын жазгандарын жыйнап келип, кечинде үйүнөн текшере баштады. Кокус арасынан бирөөсү болбогондо, баарын тең эле нары-бери окуй салып жатып алмак. Бирок, так ошол дил баяндардын арасынан бирөөнү окуган соң жүрөгү туз куйгандай ачышып, көзүнө жашы тегеренип отуруп калды.
Аңгыча бөлмөгө күйөөсү да кирип келди. Аялынын көз жашын куюлтуп ыйлап отурганын көрүп:
— Эмне болуп кетти? –деп чочулай сурады.
— Могуну окучу, — деди ал жанагы дил баянды жолдошуна сунуп. Күйөөсү кагазга үңүлүп окуй баштады:
“Кудай Таала, мен Сенден бүгүн өзгөчө бир тилекти суранам – мени сыналгыга айландырчы. Мен анын ордунда тургум келет. Биздин үйдөгү сыналгыдай жашоону каалайм. Төрдөн өзгөчө орунду ээлеп, үйдөгүлөрдүн баары мени тегеректеп отурушса. Мен сүйлөп жатканда сөзүмдү бөлүшпөй, туш-туштан суракка албай угушса. Баарынын кулагы менде болсо. Ал (сыналгы) бузулганда кандай чебелектешсе, мен сыркоолоп калсам, мен үчүн да ошондой жан алакетке түшкөндөрүн каалайм. Үйгө аябай кеч келгенине, тим эле чарчап-чаалыгып келгенине карабай атам мени менен болуп мени угуп отурса дейт элем. Апам болсо көңүл ачуу үчүн алдыма келип, маанайы бузулганда да менин жанымда отурса. Күнүгө бир маал ата-энем бардык жумуштарын жыйыштырып салып, мени менен болушса. Кудайым, мен Сенден көп деле нерсе сурабайм. Мага болгону ушул сыналгынын өмүрүндөй жашоо берчи”.
Шумдук экен! Байкуш бала!-деп күйөөсү да үшкүрүп жиберди.
— Деги ата-энеси кандай неме болду экен?
Аялы болсо дагы эле көзүнөн жашын агызып отуруп мындай жооп кайтарды: Бул дил баянды биздин балабыз жазыптыр…

«Убакытты башкаруу» китебинен

Даярдаган: Сыймык Саипов

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}