Сөз берметтери

Таамай айтылган сөздүн таасири, таамай тийген октун таасиринен да күчтүү. Эгер ал сөз жакшы сөз болсо, жаныңа ырахат тартуулайт, а эгер жаман сөз болсо жаныңды жаралайт. Төмөндө, таасирдүү сөз, омоктуу ой тизмектери жыйналды.

***********

Ок атуудан мурда таамай мээлөө керек, сөз айтуудан мурун тактап түшүнүү керек. Ооздон чыккан сөз менен мылтыктан чыккан окту артка кайтаруу мүмкүн эмес.

***********

Санаадан чөгүп кетпе, караңгылыктан кийин агарып аппак таң атат.

***********

Жакшы жашоо сага келбейт, сен аны издеп тапмайынча.

***********

Инсандын чырайы-жүзү, жүзүнүн чырайы-көзү. Бирок адамды адам кылган анын сөзү.

***********

Кыйынчылыктын эң ооруна келгенде таштап кетпе. Себеби, дал ушул учур өзгөрүүнүн башталышы.

***********

Ар ким жүзүн сулуулап жатканда, сен жүрөгүңдү сулуула. Ар ким башкалардын айыбы менен алек болуп жатканда, сен өзүңдүн айыбыңды тазала.

***********

Тилди тарбиялоодон мурун жүрөктү тарбияла. Себеби сөз жүрөктөн келип, тилден чыгат.

***********

Ар бир окуяны кайырлуу деп бил, ар бир кечти кадырлуу деп бил.

***********

Дос ачуу сүйлөгөн эмес, ачууну таттуу сүйлөй алган адам.

***********

Деңиздей байлык топтосоң да кеме сыяктуу үстүндө бол.

***********

Биринчи шам, кийинкисин тутантып бөлмө жарыкка бөлөнгөн сыяктуу, жакшылыкты жаюу менен жер бети жарыкка бөлөнөт.

***********

Найзасын жеңген эмес, напсисин жеңген баатыр.

***********

Ката кылдым дебегин, туура жолду туткан соң. Кадырына жетээрсиң калган күндү уткан соң.

***********

Деңизге чейин из калган сыяктуу, бул дүйнөдө да из калтырып кал. Болбосо, деңизге киргенден кийин из дагы, ишара да көрүнбөйт.

***********

Эгер кимдир бирөө сизге дартын төгүп айтып жатса, аны сөзсүз угуңуз. Cебеби ал бардык адамдардын ичинен сизди тандап алды. Ага кайдыгер болбоңуз.

***********

Көз экөө, кулак экөө, ооз бирөө. Демек көбүрөөк көрүп, угуп, азыраак сүйлөө керек.

Ар бир күнүңүздү Күндөй жарык… таасирдүү… жана пайдалуу өткөрүңүз.

Топтогон: Талгат Мураталиев

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}