Сөз жөнүндө сөз

Адамдын аброюн түшүрбөй, нарк-насилине доо кетирбей турган бир нерсе бар: ал анын айткан сөзү. Ошол сөздүн ээси болгон адам бир нерсенин өтөсүнөн чыгалат. Айтканы жерде тепселип калбайт. Ишке ашыруу үчүн тынымсыз аракеттенет. «Жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн!» – деген устарадай курч мыйзамга айланган сөздү кыргыз туу тутуп келатканы бекеринен эмес. Демек айтылган сөз купия мыйзам, көкүрөктөн чыккан чечим, жашоодогу конституция.

* * *

Коомдогу ордубуз, бири бирибиз менен болгон мамилебиз ооздон чыккан сөзүбүзгө, аткарыла турган убадабызга жараша бааланат. Дил-ыйманыбыз таза болсо, сөзүбүз да орундуу, салмактуу, адилет, ак болот. Бүгүн сүйлөгөнүн эртең танып, эмне деп сүйлөп жатканын билбей калат. Ошолор кантип адамбыз деп бой көтөрүп жүрүшөт? Кыргыз элинде мындай эки жүздүүлөр, туруксуздар акыркы жылдары көбөйүп кетти. Коомдо сөз маскарапозу жайнады. Мааниси жок шылдырак, жылтырак сөздөрдүн сели каптады.

* * *

Сөз – жан дүйнөнүн күзгүсү дешет. Руханий дүйнөсү бай адамдын сөзү уккулуктуу, мааниси терең, көркөмдүү чыгат. Жүрөгүңдү толкундатып, сезимиңди сергитип, кыялыңды көкөлөтүп учурат. Акылыңа азык болуп берет. Канчалык уксаң дагы тойбойсуң. Бул Алла Тааланын пендесине берген улуу шыбагасы.

* * *

Маданияттуулуктун анабашы сөз. Маданияттуу адам ар кандай кырдаалда сөздүн чүйгүнүн, берметин, тунугун таап, ал эми маданиятсыз бирөөнү жөн жерден каап, басмырлап, кекетип сүйлөйт. Сөз билген адам таасын, так, даана, далилдүү сүйлөйт. Мындай деңгээлге жетиш үчүн көркөм адабияттарды, элдик оозеки дастандарды, эпосторду көп окуп, чечендик өнөрдүн сырларын астейдил үйрөнүш керек. Эне тилибиздин байлыгына басым жасабаган адам өзүн маданияттуумун деп айталбайт.

* * *

Медицина илиминде «адамды сөз менен дарылоо» деген түшүнүк болсо, кыргыздарда «сөз өлтүрөт, сөз тирилтет», «жылуу сөзгө жылан ийининен чыгат» деген макалдар бар. Демек сөздүн даарылык касиети күчтүү. Ал адамдын психологиясына, ички дүйнөсүнө таасирин тийгизет. Адамга күч-кубат, ишеним, сыйкырдуу нур берет. Өчүп бараткан үмүттөрдү кайрадан жандырат. Сөздүн кудиретинен соолуп бараткан өмүрлөр жашарып жандана
баштайт.

* * *

Сөздө ай-аалам менен байланыштырып турган сыйкырдуу күч бар. Ошондуктан оозубуздан чыккан сөзүбүз жөн гана дем-илеп эмес, ааламдын жабык сырларын ачып окучу сырдуу сан. Сөзүбүзгө жараша аалам ачылып жабылып, бар болуп, жок болуп турат. Ошон үчүн уккулуктуу, жылуу мээримдүү, мааниси терең сөздөрдү жүрөгүбүзгө жакындатып, дилибизге чөгөрөлү. Дилдеги сөз, сөзсүз тил менен ачыкка чыгат.

Эгемберди Эрматов

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}