Таанымал логотиптердин купуясы

Кийимде, гаджеттерде, авто унаалардын маңдайында, керек болсо азык түлүктө да бакыйып чагылдырылган маркаларды, эмблемаларды, логотиптерди күн сайын көргөнүбүз көргөн. Алардын аталышынын башка мааниси барбы? Көрсө, ар бир белгиде сыр жашырылып жатат экен.Coca-Colaнын жазуусуна кылдаатык менен көз салсак, О менен L тамгасынын ортосунан Дания мамлекетинин байрагын көрө алабыз. Бул ойлобогон жерден чыккан, бул тууралуу компания өзү да кийин эле билген. Мындай шансты колдон чыгарууну каалабаган компания жамааты өз суусундуктарын Дания мамлекетине сатууда пайдасына жараткан.

Таанымал логотиптердин купуясы

Пилдердин эс-тутуму адамдардыкана караганда алда канча күчтүү. Бул тууралуу илимде да аныкталган. Ушундан улам Evernote өзүнүн логотибине пилдин элесин түшүргөн. Пилдин кулагы кагаз сымал бүктөлүп турат. Evernote өндүргөн өнүмдөрдү эч качан унутпайсыз.

Таанымал логотиптердин купуясы

LG логотобинин кызыл бөлүгү күлүп турган быйтыкчага окшош. Анын мааниси компания өз кардарларына кубаныч тартуулоо менен бирге, өз кардары менен карым-катнашты бекемдөө максатын көздөгөн.

Таанымал логотиптердин купуясы

Компания тарыхы аба флотунан башталган. BMW өз тарыхына туруктуу болуп, эн белгисин өзгөртпөдү. Ортосундагы ак-көк тор Бавария байрагынан алынган.

Таанымал логотиптердин купуясы

Америкалык аудио өнүм чыгарган Beats логотибиндеги кызыл түстүн ортосундагы шакекче адамдын башын түшүндүрөт. Ал эми англис арибиндеги “b” тамгасы кулагына телефон кармаган адам же кулактыктын элесин берет.

Таанымал логотиптердин купуясы

Toyota маркасындагы белги чий калпак кийген адамга же мүйүзү аркайган буканын башына окшоп кетет . Бирок андай эмес, жакшылап карасаңыз Toyota деген сөз чыгат.

Таанымал логотиптердин купуясы

Apple компаниясынын логотиби, бир караган көзгө аябай эле жөнөкөй. Англис тилинде тиштөө- bite. Вite- компютердик термин. Мына сага философия!

Таанымал логотиптердин купуясы

Инсан

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}