Табияттын куруучусу, тазалыктын символу болгон-аары

Жалгыздап болобу, топтошуп болобу, айтор, ар бир жандык өзү үчүн турак жай салып жашоо шартына ылайыкташып жашары белгилүү. Кээ бири дарактарга, дагы бирөө жерге уя салса, башкалары жерди казып ийин кылат. Ал эми биз сөз кылчу аарылардын табигаттан алган куруучулук жөндөмдүүлүүгү өзүнчө бир керемет. Бир уюкту курууга миңдеген аарылар катышса да, алдын ала даярдалган чиймеси жок болгонуна карабай, баарынын формасы жана көлөмү бирдей болот. Ал эми уячаларынын алты бурч болушу, кымындай дагы бош жеркалтырбай аянтты үнөмдөөөдө жана «курулуш материалын» үнөмдөөдө башка геометриялык фигураларга караганда бир топ артыкчылыкка ээ.

Табияттын куруучусу, тазалыктын символу болгон-аары

Ошондой эле, аарылар уюгун куруп жатканда кыйшаюу бурчтарын профессионал инженерлердей эсептеп чыгышат. Уячалардан балдын агып калбашы үчүн, алар эки тарабын тең ашык-кеми жок бирдей 130 градуска жогору көтөрүшөт. Мындан тышкары, дагы бир таң калтыруучу көрүнүш уюгун куруп баштаган аарылар баары бир жерден эмес, ар тараптан башташат да, бир жерден бүтүрүшөт. Бирок, ошого карабай, уячалардын арасандагы тактык бир милли-метрге дагы ашык чыкпайт.

Табияттын куруучусу, тазалыктын символу болгон-аары

Канчалык көп болбосун, бир уюкта жашаган курт-кумурскалардын ар биринин өз милдети, иши бар экенин биз окуу китептеринен билебиз. Мисалы, ошол эле аарынын уюгун алып көрсөк, бир уюкта жашаган аарылардын саны орто эсеп менен сексен миңге чейин чыгат жана андагы ар бир аарынын өзүнүн иши бар; бири гүлдөрдөн бал жыйнайт, экинчиси уюкту кайтарат, үчүнчүсү уюкту тазалайт. Мына ушул уюктун тазалыгын камсыз кылган аарылар керексиз калдыктарды сыртка чыгарып, уюкту желдетип турушат. А бирок, кээде уюктан чоң калдыктар же өлгөн курт-кумурскалар чыгып калса, анда эмне кылышат? Мына ушул жагы өтө кызыктуу. Мындай учурда алар атайын прополис деген клей менен ал калдыктарды толугу менен чаптап салышат. Мындай прополис, калдыктардын ысыкта жыттанып же чирип кетишинен, бактериялардын киришинен сактоочу касиетке ээ. Мына ушундай жол менен алар уюгун ар кандай инфекциядан сактай алышат. Мында «Алар прополисти кайдан алышат?» деген суроо туулушу мүмкүн.

Табияттын куруучусу, тазалыктын символу болгон-аары

Бул дүйнөдөгү ар бир макулук өзүнчө идеалдуу жаратылганын ушундан көрсөк болот. Аарынын жашоосунда өтө керектүү болгон мындай прополисти алуу үчүн, алар токойдогу айрым дарактардын чайырынан бир аз алып өздөрүнүн шилекейи менен аралаштырышат да, арткы буттарында жайгашкан баштыкчаларга салып ташып келишет. Ал аралашмадан прополис пайда болот. Ал эми мындай прополис менен шыбалган калдыктар өзүнчө мумияга айланат. Табиятынан тарбияга бекем аарылар тазалыкка катуу көңүл буруу менен далай ооруга даба болуучу балды өндүрүп келишет. Ошентип, уюктун тазалыгына өтө чоң мани берген аарылар башкалардын иштешине тоскоолдук келтирбей өз милдетин так аткарышат.

Табияттын куруучусу, тазалыктын символу болгон-аары

Негизинен, гүлдөр терс зарядга ээ экендиги белгилүү. Ал эми аарылар учуп бара жатканда аба менен болгон сүрүлүүдөн улам алардын денесиндеги кылчалар оң зарядга ээ болушат. Ошондуктан, алар гүлгө конгондо, андагы чаңчалар аарынын денесине жабышып калат. Жакында эле ар кандай тажрыйбалардын негизинде белгилүү болгон маалыматтарга караганда, аарылар гүлдөрдөгү мындай электр талааларынын өзгөрүшүнөн улам ал жерде башка аары болгонун жана анда жаңы нектар али чогула электигин биле алышат. Ал эми башка аары конбогон гүлдү табуу менен эле аарылардын жумушу жеңилдеп калбайт. Себеби, болгону жарым килограмм нектарды чогултуу үчүн 900 аары күнү бою тынбай учушат. Ал эми 450 грамм таза балды алуу үчүн 17 миңдей аары, болжол менен, 10 миллион гүлдөн нектар чогултат. Ошондой болгон күндө да аарылар табигатта татыктуу орунду ээлеп, өз милдетин так аткарып келишет.

Табияттын куруучусу, тазалыктын символу болгон-аары

«Табигат сырлары» китебинен

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}