Таңды сергек тосуп алууңузга 10 адат

Дени сак, сергек жашоону кимдер гана каалабайт? Бирок ал үчүн аракет кылгандар аз. «Сөзсүз ушул дүйшөмбүдөн тартып диетага отурам, спорт менен алектенем, жок дегенде таӊ эрте чуркап арыктоону баштайм» дегендер канча? А бирок убактысы келгенде күнүмдүк турмуштун түйшүгүнө алаксып, пландалган бойдон кала берет. Урматтуу окурман, дүйшөмбүнү күтпөй эле бүгүнтөн баштап пайдалуу адаттарга өзүбүздү көндүрө баштайлы. Ал үчүн ушул макала жардамчы болсун.1) Эрте ойгонуӊуз! Дүйнөлүк статистикага көз чаптырсак, эрте ойгонгон адамдын дене түзүлүшү идеалдууга жакын жана мүнөзү жайдары болот. Бул сизге шык берсин.

2) Төшөктөн туруп эле терезеӊизди ачып, үйгө күндүн нурун киргизиӊиз. Бул сиздин уйкусурабай дароо жанданышыӊызга жардам берет.

3) Ачкарын бир стакан суу ичиӊиз. Сууну кечинде даярдап коюуну унутпаӊыз. Жакшысы, кайнатылган сууну муздатып ичсеӊиз, сизди сергитип, организмдеги зат алмашууга өбөлгө болот. Кошумча таӊкы көнүгүүлөрдү дагы ачкарын жасоого өтүӊүз.

4) Сөзсүз тамактаныӊыз. Кофе бул тамак эмес! Ойгонгон соӊ эки сааттын аралыгында бир нерсе жешиӊиз керек. Тамак жасоого убакыт коротпой таӊдын камын кечинде көрүп, каалаган нерсеӊизди бышырып коюӊуз. Канчалык шашылып жатсаӊыз да 10 мүнөт тынч отуруп тамак жегенге көнүӊүз.

Эгер эч жакка барбасаӊыз, өзүңүздү иретке келтирип, таза, тыкан кийинип алып дасторконго отуруӊуз. Антпесе таӊ эрте өзүӊүздү жүдөмүш сезгениӊиз акырындан депрессияга жол таап берет.

5) Курамында белогу бар даамдарды тандоо керек. Мисалы, жумуртка, балык же йогурт.

6) Таӊкы медитация. Бул учурда өзүӊүз менен өзүӊүз сүйлөшпөй, жаман нерселерди ойлонбоӊуз.Таза аба менен дем алып, тоодо эс алып жүргөнүӊүздү элестетип, башыӊыздан өткөн жагымдуу көз ирмемдерди эстеӊиз. Медитация учурундагы позитивдүү ойлор ашыкча салмактан арылууга да жардамчы экени эсиӊизде болсун.

7) Ашыкча салмактан арылууга көк чай жардамга келет. Ал организмдеги зат алмашууну тездетип, жыйынтыгында майлардын эришине себепкер болот.

8) Телефонуӊузга «мен сергек жашоону тандайм, зыяндуу адаттарга алданбайм» деген сыяктуу эскертүүчү коӊгуроону коюп коюӊуз. Бул айланадагы азгырыктарга алдырбоого жакшы өбөлгө болот.

9) 10 мүнөт тамашалуу видео көрүӊүз же анекдот окуӊуз. Өзүӊүздү кармабай каалаганча каткырып, эс алып алыӊыз.

10) Жогорудагы кеӊештерди аткарам десеӊиз, анда эрте уктоо керек. Себеби кеч жатып, эрте ойгоном деп уйкуӊуз канбай, өзүӊүзгө пайданын ордуна зыян тийгизип алышыӊыз ыктымал.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}