Тагдыр (Ант романынан)

Тагдыр дегениң кандай сырдуу да кандай улуу. Ар бир пенденин бешенесине жазылганы башка бир да жандыкына окшобойт тура. Жарык–жайда көзүң көрүп, кулагың угуп, сезимиң көп нерсени баамдап турса да, өмүрдө өткөнүң менен көргөнүңдү гана билип, эртең эмне болорун, ал тургай эмки көз ирмемде кандай окуяга кабыларың тууралуу кыпындай кабарың жок бойдон үзүлбөгөн үмүттөрдүн жетегинде, келечек деген мунарыктуу белгисиздикти жиреп жашай берет экенсиң. Ошол мунарыктан чөлдөгү закымдай көрүнгөн бирден–бир гана нерсе – көксөгөн максатың, көздөгөн тилегиң. Бирөөлөр үчүн ал закым – өзөк жалгаганга нан жана чай гана болсо, дагы бирөөлөр үчүн – оргума суулары көз жоосун алган, булбул куш сайраган түркүн түстөгү бак–даракка жана гүлзарга оронгон, тейлеген адамдарга жана периштедей сулууларга толгон, дасторконунда ааламдагы даам аттуунун баары жайнаган, күмүштөн куралып, алтынга жалатылган керемет хан сарайдыр. Ошого умтулуп жатып закымдын алдамчы экенин да унутта калтырабыз. Ал закымга жетсең сенден бактылуу, сенден телегейи тегиз инсан болбочудай туюлат. Бирок, жеткен соң баягы эле бозоргон боштукту көрүп, бакыттын жана ийгиликтин, жашоо маңызынын ал жерде эмес экенин аңдасаң да, кайрадан алдамчы закымдардын азгырыгына туруштук бере албай сапарыңды улай берет экенсиң. Белгисиздикте бекилген болочогуң, сени гана күткөн, сага гана буйруган чындык жана жагдай – көрсө табышмактуу тагдырың тура. Анын кандай болорун бир жараткан Эгем билет. Биз өзүбүздү канчалык акылдуу, аалам билерманы ойлобойлу, Кудай ченеп берген билимге гана эгедер экенбиз. Өзүбүздү канчалык күчтүү сезбейли Кудай тагдырга насип кылганды гана көрөбүз. Муну алигиче түшүнбөгөндөр канча.Тагдырды берген Жараткандын мээрими, айкөлдүгү жана берешендиги чексиздигин Анын биз каалаган, эңсеген нерселерибизден эртедир кечтир кур кол калтырбастыгы, аракетибизди текке кетирбестиги айтып турбайбы. Буга мисалдар толтура. Мен деле тээ илгери келечекте ким болорумду билбесем да, өзүмдү болжолдуу алганда азыркымдай элестетчүмүн. Бир аалымдын «Сен өзүңдүн мурдагы ойлоруңдун жүзөгө ашкан жыйынтыгысың» дегени тегин жерден айтылбаптыр. Көрөр күн, жетер бийиктиктерибизди, дегеле тагдырыбызды, көбүнесе өзүбүздүн ой–тилегибизге, пейил–ниетибизге, амал–аракеттерибизге жараша дайындап, маңдайыбызга жазып койгону Кудайдын Өзү жараткан пенделерин канчалык чексиз сүйөөрүн айтып турбайбы. Ушуну аңдаган күндөн тарта ниетти такай тазартууга, пейилди кеңейтип, асыл жана аруу тилектерди үзгүлтүксүз кылууга аракеттенип келем. Эгемдин мага болгон ошол сүйүүсүнө кыянаттык кылып албасам деп жан үрөйм, түйшөлөм.

Бул дүйнөгө келгенден кийин тагдырыбыздын кандай болоруна, ошентип, Жаратканым өзүбүздү негизги жоопкер кылат тура. Чындыктын жолун жана бакытка алып баруучу багытты көргөнгө, түшүнгөнгө акыл–эсти, аң–сезимди берип, ошого түшүү же түшпөөнү тандоо эркиндигин сыноо иретинде өзүбүзгө калтырат тура. Кимдин өзүндө акыйкат жолго түшүү аракети болсо, ошол пендесине ыйман, бакыт жана береке берип, адашууда жүрүп, бирок аны тан албагандардын сапарынын аягынын өкүт–арман менен бүтүшүнө өкүм кылат экен.

Баяндап берер тагдырым бул дүйнөгө келген күнүмдөн башталат. Ошол күндөн тартып аны–муну элдир–селдир эстей баштаган үч–төрт жашар курагыма чейинки баштан кечирген айрым окуяларды, үйрөнгөн адаттарымды, калыптанган сапаттарымды жана кылган кылыктарымды ар бир адам сыяктуу эле апамдын жана ар түрдүү күбөлөрдүн оозунан эшиткем. Андан берки өткөргөн өмүрүмдү өзүмдөн да жетигирээк кылып ким айтып бере алмак эле? Мени менден мурда таанып, менден терең түшүнгөнсүп сүрөттөгөн авторлор да бир топ чыгар. Деген менен, алар чыныгы жүзүмдү жалган чүмбөттөрүмдөн көбүнесе айырмалай алышпайт. Кээде дилимден жана жүрөгүмдөн өткөрүп, жон терим менен сезген нерселеримди өздөрү карап отургандай ишенимдүүлүк менен теңирден тескери багытта талкууга алышканына күйбөгөн жерим күл болот. Кээ бир адамдар ошентип болбогонду болгондой көбүртүп–жабыртканга, жеке ынанымын чындыктын акыркы чеги катары кабылдоого, ал тургай таңуулоого маш болот тура. Кээде андай авторлорду саясий максаттарда өзүбүз пайдаланабыз. Саясатта сенин чынында кандай экениң эмес, эл көзүнө кандай болуп көрүнөрүң маанилүү экенин бир китептен окуган жайым бар. Деген менен, өзүмдү өзүмдөн жакшы ким билет да ким түшүнөт? Бир Кудай гана. Менин абалымдагы адамдын сырткы көрүнүшү менен ички маңызынын ортосунда ай–ааламдай эле аралык жана айырма болорун көбү биле беришпейт дебедимби. Ошондуктан, өзүм тууралуу чын ыкласымдан өзүм эле айтып берейин.

Нуржигит Кадырбеков(Ант романынан)

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}