Таңкалычтуу жаныбарлар

Биз билген жана көрүп жүргөн кадимки жаныбарлардан айырмаланып формасы, келбети же жашоо образы менен өзгөчө болгон айрым жаныбарлар тууралуу маалымат берүүнү туура таптык.

МҮЙҮЗДҮҮ НАРВАЛ

Мүйүздүү нарвал-дельфиндер түркүмүнүн өкүлү. Бул жаныбар да өзгөчө жаныбарлардын катарын толук тап турат. Тумшугундагы узундугу үч метрге чейин жеткен жалгыз мүйүзүнөн улам нарвал көптөгөн уламыштардын да башкы каарманы болуп келет.

Бирок, бул анын мүйүзү эмес жаагынын солтарабында өскөн тиши болуп эсептелет.
Бул \»тиш\» нарвалдын эркегинде гана ушундай узундукка жетет.
Ал эми жаагынын оң жагындагы тиши кичине болуп, көп билине бербейт. Кызыгы — ал тиш чындыгында эле мүйүздөй болуп ардайым сол жакты көздөй буралып өсөт.

Таңкалычтуу жаныбарлар
МИКСИНА

Жыландыкындай формага ээ болгону менен миксина — негизи балык. Көпчүлүк убактысын суу түбүндө жатып өткөрөт. Аңчылыкка болсо түндө чыгат. Миксинанын курмандыгы торго түшкөн же ооруудан алсырап калган балыктар болот. Ал эми балык дагы деле кыймылда болсо ал анын бакалооруна кирип, жабышкак суюктук бөлүп чыгара баштайт. Бакалооруна жабышкан балык тумчугуп өлүп миксинанын жеми болот.

АЙ-АЙ (МАДАГАСКАР МАЙМЫЛЫ)

Бул жаныбардын аты да кызык — Ай-ай. Ай-айдын маймылсымалдардын арасында өзгөчө орду бар. Ай-ай башка сүт эмүүчүлөрдүн бирөөсүнө да окшошпойт. Чоң башы, чоң кулактары, кичинекей, кыймылсыз бирок жанып турган көздөрү, узун куйругу жана узун, катуу сейрек түк менен капталган денеси бул жаныбарга өзгөчө түр берип турат. Анын колдорунун узун манжалары да негизги жашоо чөйрөсү болгон бак-дарактардын бутактарына жабышууга ыңгайланышкан. \»Бул жаныбарды карап туруп кайсы түргө кошуу керек деп башыңды оорутасың\» — деген окумуштуу А. Э. Брэм өзүнүн \»Жаныбарлардын жашоосу\»аттуу китебинде.

Таңкалычтуу жаныбарлар
ЭҢ ЖАЛКОО ЖАНЫБАР

Эң жалкоо жаныбар катары таанылган слот (sloth -анг. Жалкоо жаныбар) Американын жамгырлуу токойлорунда жашайт. Слоттун колдору менен буттарын дагы узун бармактары анын дарактарда жашоосуна абдан ыңгайланышкан. Ал гана эмес бутакка асылып башын төмөн каратып уктай алышат. Жерге түшсө ташбака менен да атаандаша албайт жай кыймылдаган бул жаныбар сүт эмүүчүлөрдүн арасында\»эңи жалкоо\»деген мүнөздөмөгө ээ.

Таңкалычтуу жаныбарлар
ЙЕТИ КРАБЫ

Тынч океандын түштүк тарабында рак түркүмүндөгү өзгөчө жаныбар табылган. Ал өзүнүн туугандарынан айырмасы-буттарынын баары сүт эмүүчүлөр сыяктуу түк менен капталгандыгында. Ушундан улам окумуштуулар аны тамаша иретинде\»йетикраб\»деп атап коюшкан. Узундугу 15 см болгон йети краб 2005-жылы америкалык окумуштуулары тарабынан 2300 метр тереңдикте табылган. Ал эми анын илимий аты полинезиялыктардын Кивакуд айынын атынан\»Kiwaida\»деп аталган.

ТАПИР

Тапир деп аталган бул жаныбар кадимки чочкону элестеткен менен мурду бир аз узун келет. Денесинин узундугу эки метрге чукул, салмагы 150-300 кг га чейин болгон тапир токой жаныбары болуп эсептелет жана сууну жакшы көрөт. Токойдо жашаган тапирлер жалбырактар, мөмө-жемиштер менен азыктанса, дарыя же көлмөлөргө жакын жашагандары көпчүлүк убагын балырлар менен тамактанып сууда же суу астында өткөзөт.

Таңкалычтуу жаныбарлар
Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}