Тарбия үй-бүлөдөн башталат

Чоң эне акырын гана ичкери бөлмөгө кирди. Аркы бөлмөдөн келини менен неберсинин үндөрү угулуп турду:-Балам, дасторкон даяр болуп калды, тамагыңды ичип ал, алтыным.-деди келини уулуна.

Чоң эне орундугуна барып олтурар замат, небериси чоң энесине келип, ага чогуу тамактануусун сунуштады.

Чоң энеси терең үшкүрүнүп:

-Үйдүн кожоюну келе электен мурун тамактануу жарабайт балам. Атаңар келсин,чогуу тамактанабыз.-деп койду олбурлуу эне…

Анда келини:

-Ой, апаке, ал өткөн замандыкы. Азыркы убакта курсак ачтыбы, эч ким эч кимди күтпөйт. Каалагандар каалаган убагында тамактанса болот.-деп жайгарып коет.

Буга зээни кейиген акыбалда:

-Кызым, бул кандай адепсиздиктин белгиси?! Намыс болсо, үйдүн да намысы жана адеби болот.-деп нааразы боло түштү эне.

Баятан бери бул, сөздөрдү эшитип отурган небериси сөзгө аралашып калат:

-Чоң эне айтыңызчы ал кандай намыс? Үйдүн намысы деген эмне өзү?

Анда чоң энеси:

-Биз сендей убагыбызда, алгач аталарыбыздын алдында адептүү олтурганга үйрөндүк. Үйдө ата-энелерибиздин алдында бутубузду сунуп олтурбай, чоңдорубуз сүйлөп жатканда, кеп кезеги келмейинче сөзгө аралашчу да эмеспиз. Улуулар бөлмөгө кирер замат жыйнаштыра коюп, аларга орун бошотуп берчүбүз. Эч качан атабыз дасторкон башына отура элегинде биз да дасторконго колубузду тийгизбечү элек. Атабыз келип, “Бисмилла” сөзүн айтып, “Кана алгыла” дегенде гана баарыбыз тамактанып баштачубуз. Аягында да дасторкон батасын бир туугандарыбыз менен, кезектешип айтышар элек. Үй-бүлөдө чогуу тамактангандан артык таттуу тамак болсунбу, уулум? Дасторкон адеби мына ушундай балам.-деп нарктуу-насаатын айтат.

Небереси:

-Мынчалык тартиптен чүнчүп кетчпечү белеңиздер?- деп суроо узатат.

-Жок, ал учурда улууларга сый, жакындарга жакшы мамиле кылуу баарынан жогору турат эле. Булар адамдын ички дүйнөсүн да ачып турчу. Бизди ушу нерсеге тарбиялаган. Көңүл оорутуу деген нерсе чанда гана кездешчү. Адамдар бири-бирин кечирип жашачу. Ал эми, азыр сый деле калбай бараткансыйт. Азыркы учурда үйлөрдө да сый жок болуп калды.Кеч кирсе дагы эч ким пардаларын жаппайт. Бардык үйлөрдүн ичи көрүнүп турат, бирок мындан уялган эч ким жок.- деп назары сынат.

Таяктын бир учу келинине тийгендей, айтылган сөздөрдү тыңшап калган келини ордунан акырын туруп парадаларын жабат.

“Үйдүн адеби, алгач парданын жабылган же жабылбаганынан белгилүү болот”-дейт карыялар.Эгерим, ошондуктан, “ Карынын кебин капка сал”- деп бекер айтылбаган болсо керек.

“Тарбия- башаты үй-бүлө”-демекчи, балага тарбия берүүдө ата-эненин ордун айтпасак да белгилүү. Ал эми, учурдагы бала тарбиялоо маселеси көптөрдүн көкүрөгүн өйүгөндүн ордуна көңүлдүн сыртында калып жатканы көөдөндү оорутпай койбойт. Дегеним, бала тарбиялоо баланы ичинтип, жедирүү же болбосо кийинтүү менен чектелбейт. Ал, ата-салтынын тарбиясынын учугун улай турган, келечекке курай турган ыйык милдеттин табериги. Ошон үчүн элибиз илгертеден урук-тукум, жети атасын билүү аркылуу анын кандай тектен чыкканына маани берип келишкен эмеспи. Айтарым, тарбияга кош көңүлдүүлүк кылуунун соңу келечекте биз болжоп көрбөгөн кээ бир кесепеттерге эшигин ачып жүрбөсүн окурман…

Даярдаган: Жанара Каденова

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}