Тарбия жаратылыштан көз каранды

Өкүмдарлардын бири вазирине уулунун устаты тууралуу даттанат:
— Уулумдун илим үйрөнүүсү, менин ордума жакшы өкүмдар болуусу изги тилегим. Ал болсо дайыма ыр-музыка менен алектенип жүрөт. Демек, устаты ага жакшы багыт бере албай жатат.Вазир айтат:

— Өкүмдарым, устаттын колунда эч нерсе жок. Баланын зээни, кабылдоо күчү эмнеге карата болсо бир гана ошол нерсе өнүгүүсүнө, жетилүүсүнө жардам бере алат. Адамдын табиятын өзгөртүүгө болбойт. Тарбия жаратылышка байланыштуу.
Өкүмдар болсо тарбия менен жаратылышты башкарып багыт берүүгө боло тургандыгын тастыктап жаткан эле. Муну далилдеш үчүн бир күнү сарайында оюн-зоок уюштурат. Оюн-зоокто үйрөтүлгөн мышыктардын көргөзмөсү да орун алат. Мышыктар жондоруна коюлган бир табактын ичинде жагылган шамды түшүрбөстөн басышат. Өкүмдар бул вазирге мышыктарды көрсөтүп айтат:

— Көрүп турасыз, тарбиянын күчү эмнеге гана жетпейт.
Вазир жооп айтпайт. Дагы бир күнү боло турчу оюн-зоок кечесин күтөт. Күткөн маал келип, бул сапар вазир өзү менен бирге бир канча чычканды жашырып ала келет. Мышыктар көргөзмөгө чыккан кезде бул чычкандарды мышыктардын ортосуна коё берет. Мышыктар жонундагы табактарды унутуп, шамдары менен туш тарапка тоголотуп, чычкандардын аркасынан жүгүрүшөт. Жанып турган шамдардан жердеги килемдер тутанып өрттөнөт. Бир заматта баш-аламанга айланат. Дал ошол учурда вазир падышага жакындап:

— Көрдүңүзбү падышам, тарбия жаратылышка байланыштуу – деп айткан экен.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}